Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Бизге окшоп той-ашка маани берет". Камбожада эмгектенген кыргыздар


Кыргызстандыктардын дээрлик бардыгы борбор калаа Пном Пенде жашайт.
Кыргызстандыктардын дээрлик бардыгы борбор калаа Пном Пенде жашайт.

Тоолуу Алай районунда чоңоюп өскөн Дамир Мусаев Камбожага келип иштеп жатканына үч жылга аяк басты. Ал Камбожанын өзгөчө маданияты, табияты жана ошол жакта эмгектенген кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу маек курду.

Камбожа - Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индокытай жарым аралынын түштүк тарабында жайгашып, чыгышынан Вьетнам, түндүгүнөн Лаос жана түндүк-батышынан Таиланд менен чектешип турат. 16 миллиондон ашык калкы бар. Башкаруусу конституциялык монархия жана мамлекет башында падыша турат.
Дамир Мусаев солдон экинчи.
Дамир Мусаев солдон экинчи.

- Дамир мырза, ал жактагы мекендештер негизинен эмне менен алектенет? Кайсы шаарларда жашайт?

- Камбожанын борбор шаары Пном Пен, биздин мекендештердин баары ушул шаарда жашап иштейт. Бул жактагы мекендештердин көпчүлүгү билим берүү тармагында эмгектенишет, университетте жана мектептерде окутуучу, башкы бухгалтер, IT жана консалтинг компанияларында иштешет. Азыр Камбожада мен билгенден кыргызстандык алты үй-бүлө бар, бала-чакасын кошкондо 30дай адам болот.

Камбожада жашап, иштеген кыргызстандыктар
Камбожада жашап, иштеген кыргызстандыктар

-Үй-бүлөсү менен келген мекендештер балдарын бала-бакчага, мектепке берүүдө кыйналган жокпу?

- Бул жакта эл аралык мектептер бар, англис тилинде окутат. Андыктан көйгөй бар деп деле айтуу кыйын. Балким, башында англис тилинен кыйналышы мүмкүн.

- Өзүңүз кайсы тармакта эмгектенесиз, ал жакка барганыңызга канча жыл болду?

- Өзүм дагы билим берүү мекемесинде башкы директор болуп эмгектенем. 2020-жылы келгем. Ошондон бери ушул жактамын. Чет өлкөдө иштеп калам деген ойлор болгон, бирок дал ушул Камбожага барам деген ойлогон эмес элем. Ушундай сунуш түшкөндө ойлонуп көрүп, үй-бүлөм менен кеңешип анан келдик. Төртүнчү балам Камбожада төрөлдү. Бул жакка келгенге чейин Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде төрт жылдай иштедим. Алайда туулуп-өстүм.

- Климатына, жашоо-шартына көнүп кетүү кыйын болсо керек?

- Маданияты, тили, жашоо образы, тутунган дини таптакыр башка. Ошондуктан бул жакка келердин алдында ошол нерселерге даяр болуп келдик. Климаты тропикалык-муссон болгондуктан көпчүлүк учурда аябай ысык, нымдуу келет. Эки эле сезон бар - кургак жана жаан чачындуу. Ушундай климатка көнүп кетүү бираз кыйын болот экен.

Учурда аба ырайы 35-40 градустун тегерегинде. Азыр жамгыр сезону болгондуктан күндө 1-2 маал сөзсүз жаап өтөт. Жамгыр нөшөрлөп жакшы жаайт, сел жүрүп кетет. Кээде машина айдаганга деле кыйын болуп калат. Апрелден тарта күн ысыйт. Нымдуулукту эсепке алганда аябай эле ысык. Эң салкын учурда абанын температурасы түнкүсүн +19 градус болот.

Адам укугунун эл аралык күнү белгиленип жаткан учур, Камбожа. 10-декабрь, 2019-жыл.
Адам укугунун эл аралык күнү белгиленип жаткан учур, Камбожа. 10-декабрь, 2019-жыл.

- Камбожа​да жашоо шарт кандай? Элдин көбү эмне жумуш менен алектенет?

- Калктын негизги бөлүгү дыйканчылык, текстиль жана туризм менен жан багышат, күрүчтүн 150 түрү бар деп айтышат. Өлкөнүн түндүк-батыш тарабында жапжашыл талаалары бар. Сыртка чыкканда чынында талааларда күрүчтүн жыты жыттанып турат. Биздин түштүктөгү күрүч талааларына окшош. Бир гана өзгөчөлүгү бул жакта талаалар аябай чоң. Картадан деле карасаңыз, жашыл болгон жерлердин көбү токой же күрүч талаалары.

- Маданият жагынан алганда кайсы нерселерди биздикине окшоштурдуңуз?

- Той-аштарга маани беришет. Бул бизге окшош жагы. Анан башка чөлкөм болгондуктан окшош жактары аябай эле аз десек болот. Элдин басымдуу бөлүгү буддизм динин тутунгандыктан айрым ритуалдары бизге өөн учурады. Тамак-аштары дагы биздикинен кескин айырмаланат, бирок ага дагы убакыттын өтүшү менен көнөсүң. Деңиз азыктарын көп жешет. Балык жана башка жандыктардын түрү көп. Анан тамакка имбирди, сарымсакты көп кошушат. Негизинен чөп-чарга жакын келишет экен.

- Камбожага жылына миллиондогон турист келет экен. Туризм жагынан Кыргызстан алардан эмнелерди үйрөнө алчудай?

- Ковидден мурунку туризм аябай бат өнүгүп аткан тармак болуп эсептелчү, жылына чет мамлекеттерден 6-7 млн. турист келет экен. Ички туризмди кошкондо бул сандар 9-10 млн. болору расмий статистикада айтылып жүрөт. Ал эми COVID учурунда келген туристтер кескин азайган. Эми гана калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Бул жакта кызмат көрсөтүү салыштырмалуу жакшыраак десек болот. Деңиз жээгине курулган мейманканалар аябай көп. Дүйнөнүн керемети деп эсептелген Ангкор Ват храмы да Камбожада жайгашкандыктан туристтер ошону көргөнү да көп келишет экен.

Камбожадагы Ангкор Ват храмы
Камбожадагы Ангкор Ват храмы

- Бул жактагы мекендештер чогулуп турасыздарбы?

- Мен келген учур Ковидге туура келип калды. Өлкөдө аябай катаал эрежелерди киргизилди, андан сырткары айрым чектөөлөр созулуп да кетти. Бирок ошого карабастан колдон келишинче жолугууга, иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Мына жакында эле эгемендик майрамын белгиледик. Кээ бир маанилүү күндөрдө чай үстүндө жолугууга аракет кылып жатабыз. Айрыкча балдардын туулган күнүндө байма-бай көрүшүп турабыз.

Камбожадагы кыргызстандыктар майрамдарды жолугуп турушат.
Камбожадагы кыргызстандыктар майрамдарды жолугуп турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG