Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Каннга жетүүнү кыялданган кыргыз киносу


Кыргыз тасмалары Канндагы фестивалдын алкагында өткөн кинобазарга катышууда.
Кыргыз тасмалары Канндагы фестивалдын алкагында өткөн кинобазарга катышууда.

27-майда Францияда Канн кинофестивалынын баш байгелери жарыяланды. Ушуну менен 76-жолу өткөрүлүп жаткан кинофестивалдын негизги программасына кыргыз тасмалары кирген жок. Бирок фестивалдын алкагындагы Marche du Film кинобазарында Кыргызстанда соңку эки жылда тартылган тасмалар коюлду. Кыргыз киносун дүйнөлүк алкакта таанытуу аракети тууралуу кеп кылабыз.

Канн фестивалындагы баш байгелер

Канн кинофестивалынын баш байгеси болгон "Алтын пальма бутагын" франциялык режиссер Жюстин Трие “Жыгылуунун траекториясы” тасмасы үчүн алды.

“Кынтыксыз күндөр” тасмасында ойногон жапониялык актер Кодзи Якусё “Эркектин эң мыкты ролу” сыйлыгын алды. “Аялдын мыкты ролу” байгеси түркиялык Мерве Диздарга ыйгарылды.

Гран-при британ режиссеру Жонатан Глейзерге берилди.

Майкл Дуглас менен Катрин Денев фестивалдын ачылышында.
Майкл Дуглас менен Катрин Денев фестивалдын ачылышында.

Бул ирет калыстар тобун швед режиссеру Рубен Эстлунд жетектеди.

Фестивалда Орусияда тартылган тасмалар көрсөтүлгөн жок. Украинадагы согуш, андагы качкындар тууралуу поляк режиссеру Мачек Хамеланын даректүү тасмасы сунушталды.

Каннда кыргыз тасмалары көрсөтүлгөнбү?

Өз тасмаларын Канн фестивалынын негизги программасынан көрүү дүйнөдөгү кино ишмерлеринин бийик кыял-максаты.

Кыргыз кино жаратуучуларынан 1972-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы кинофестивалдын расмий сынактан тышкаркы программасында көрсөтүлгөн.

"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Архив сүрөт.
"Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасын тартуу учуру. Архив сүрөт.

Андан кийинки муундан режиссер Актан Арым Кубат Канн фестивалынын бир канча конкурстук программаларына катышкан.

1997-жылы кино ишмердин “Ырыс алды - ынтымак” аттуу ролиги кинофестивалдын социалдык жарнамалар категориясына катышып, “Коло арстан” сыйлыгына ээ болгон.

Мындан сырткары, 2001-жылы анын "Маймыл" көркөм тасмасы фестивалдын "Өзгөчө көз караш" конкурстук программасына, 2010-жылы "Свет аке" тасмасы "Режиссерлордун эки жумалыгы" аталышындагы конкурстук программасына катышкан.

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы.
Режиссер Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы.

2016-жылы жаш режиссер Кымбат Адылбекованын “Таксист” тасмасы Канн кинофестивалында кыска метраждуу тасмалардын атайын бөлүгүндө көрсөтүлгөн.

Ал эми кино фестивалдын негизги конкурстук программасына катышуу кыргыз режиссерлоруна буйруй элек.

Кыргыз тасмаларын кыйырга таанытуу аракети

Кыргыз тасмалары Канндын негизги конкурстук программасына кирбесе да, экинчи ирет фестивалдын алкагындагы кинобазарга катышууда.

76-Канн кинофестивалынын алкагындагы Marche du Film кинобазары.
76-Канн кинофестивалынын алкагындагы Marche du Film кинобазары.

2021-жылдын июль айында Канн кинофестивалынын алкагында кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылган.

Аталган көргөзмө атамекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган. Аны мамлекет эмес жеке демилгечилер уюштурган.

“Кыргыз синема” аттуу көргөзмө.
“Кыргыз синема” аттуу көргөзмө.

Стендге "Шамбала" (режиссёру Артыкпай Сүйүндүков), "Акыркы көч" (режиссёрлору Дастан Жапар уулу жана Бакыт Мукул), “Көл" (режиссеру Эмил Атагелдиев), "Эсимде" (режиссеру Актан Арым Кубат), "Кыш кыздары" (режиссеру Дальмира Тилепберген), "Эрмен жыты" (режиссеру Айбек Дайырбеков) тасмалары коюлган.

"Орто Азия кинолоруна кызыгуу бар"

76-Канн кинофестивалынын алкагындагы кино базарга катышууну быйыл Кыргызстандын Кинематография департаменти демилгелеген. Бул аркылуу кыргыз киносун дүйнөлүк кинопроцесстерге аралаштыруу максаты болгонун билдиришти.

Жыл башынан бери сүйлөшүүлөр жүрүп, ага ылайык киномаркеттин ичинен атайын кыргыз киносуна аянтча бөлүнгөн. Анын ижара акысын жана аны жасалгалоо чыгымдарын департамент жана демөөрчүлөр колго алган.

76-Канн кинофестивалынын алкагындагы кинобазардагы кыргыз тасмаларынын стенди.
76-Канн кинофестивалынын алкагындагы кинобазардагы кыргыз тасмаларынын стенди.

Кино базарындагы стендге Кыргызстанда акыркы эки жылда мамлекеттин колдоосу менен тартылган жана жеке студиялар тарткан 12 тасма илинген.

Алар үй-бүлөлүк баалуулуктарды, адам укуктарын чагылдырган, гендердик теңчилик маселелерин козгогон "Эрмен жыты" , "Белек", "Табылга", "Үй сатылат", "Эсимде", "Кыргыздын кыраан кыздары", "Акыркы көч", "Кийинкиси ким?" жана башка тасмалар.

Кинематография департаментинин кинематографияны өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамытова Канндагы стенд кыргыз киносун таанытууга өбөлгө болду дейт.

Элвира Мамытова.
Элвира Мамытова.

"Кинобазарга катышуунун башкы максаты - кыргыз киноиндустриясын престиждүү дүйнөлүк платформада көрсөтүү. Чет элдик кино уюмдары менен перспективдүү байланыштарды түзүү. Бул саамалыкта негизинен Европанын Орто Азия кинолоруна кызыгуусу бар экени билинди. Көп жолугушуулар болду. Киномаркет башталып, бүткөнгө чейин кезигүүлөр болуп жатты. Мисалы биздин автордук кинолорго эле эмес, жанрдык тасмаларга да кызыгуулар болду. Жалпысынан айтсам, мамлекетке пайда алып келе турган жолугушуулар көп болду”.

Уюштуруучулардын айтымында, кээ бир кыргыз тасма жаратуучулары эмгектерин электрондук форматта да жиберген.

Саамалыкта тасмаларды таанытуудан сырткары Кыргызстанда өтүп жаткан кинофестивалдар, бирикмелер, ассоциациялар, продюсердик студиялар, кинотеатрлар, онлайн аянтчалар жана Кыргызстандагы фильмдерди тартуучу жерлер жөнүндө маалымат берилген.​

"Жыйынтыгы болушу керек"

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров бул саамалыктын сөзсүз натыйжасы болушу керек деген пикирде.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

“Биздикилер аракет кылып жатат. Анысы жакшы жөрөлгө. Бирок кинобазарга кесипкөй адамдар барышы керек. Кинону сата билген, бул тармакты терең түшүнгөн, англисче сүйлөй алган кишилер барганы дурус. Кадимки базарга баргандай мамиле кылбоо керек. Ал жерге үлкөн телеканалдардын жетекчилери, кинотеатрлардын жетекчилери барат. Алар менен жакшылап алака кыла билүү керек. Башкысы жарнама мыкты болушу шарт. Кимиси барса барсын, бирок иштин аягында жыйынтыгы жакшы болсун да. Кинолорубузду сатып пайда алып келишсе, бара беришсин. Бирок биздикилер эки жыл мурун барышканда да пайдасы болгон эмес”.

Бирназаровдун пикиринде, мындай саамалык фестивалдын алкагында гана өтпөй, жыл бою өтүп, аны атайын кесипкөй бирөө колго алса деген пикирде.

Киномаркетте кыргыз тасмаларын жарнамалап келген Элвира Мамытова кыргыз кино ишмерлеринде каалоо болсо, өз каражаты менен барса болорун айтууда. Анын айтымында Кыргызстандан Эрке Жумакматова, Гүлмира Керимова баштаган кино тармагынын өкүлдөрү да барган.​

"Аз каражатка кино тартып жүрөбүз"

Көргөзмөгө коюлган “Акыркы көч” фильмин жаратуучулардын бири, режиссер Бакыт Мукул "А" класстагы абройлуу фествалдарга катышып, сыйлыкка ээ болуу өлкөнүн кино тармагына аброй алып келерин, өзү бул жаатта аракет кылып, жаңы эмгек жаратууга кам көрүп жүргөнүн айтууда. Бирок ага каражат көп керек болгондуктан мамлекет колго алышабы деп турат.

Бакыт Мукул.
Бакыт Мукул.

“Дагы жакшы кино тартып, өлкөнүн кадырын өстүрүү керек. Ал үчүн Канн, Берлин, Венеция баштаган үлкөн кино фестивалдары кызыга турган тасма жаратышыбыз керек. Бирок каалаган эле мамлекеттин кино ишмерлери катыша элек. Көбүнчө киноиндустриясы жакшы өнүккөн өлкөлөр утуп жүрөт. Жакшы кино жаратуу үчүн албетте, ири каражат керек. Ага карабай башка өлкөлөр кино тарткан акчанын 100дөн бир бөлүгүндөй болгон каражатка тартып жүрөбүз. Мен алдыда Ата мекендик согуштун 80 жылдыгына арнап кино тартууну пландап жүрөм. Аны жогорудагыдай "А" класстагы фестивалдарга да жибермекмин. Бирок зор каражат керек. Мамлекет буюртма кылса жакшы болмок".

Канн фестивалынын алкагында жыл сайын өтүүчү бул кинобазар дүйнөдөгү эң ири киномаркет болуп эсептелет. Мындай аянтчаларга коңшу өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан көп жылдан бери катышат.

Кино ишмерлеринин айтымында коңшулар өздөрүнө бөлүнгөн аянтчаларын кеңейтип, тасмаларын француз кинотеатрларында көрсөтүп да келет. Кинотеатр акысы бир кино үчүн орточо эсеп менен 800-1000 евродон өйдө турат.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG