Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Кайра шайлоо: бири-бирин айыптаган талапкерлер


Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май округундагы кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. Ошол эле кезде Свердлов округу боюнча добуш сатып алууга байланыштуу соттук териштирүүлөр аягына чыга элек.

БШК бул округда добушу жагынан экинчи орунду алган Шайлообек Атазовго мандат берилиши ыктымал экенин билдирди. Анын атаандаштары өзүнө ылайык талапкерди өткөрүүгө аракет кылууда деп бийликти сынга алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-марттын кечинде Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерге байланышкан доо арыздар боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту. Анын негизинде талапкер Шайлообек Атазовдун каттоосу күчүндө калды.

БШКнын жыйынында Свердлов райондук сотко чейинки тергөө иштери боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жапаров маалымат берди.

"Бүт чогултулган материалдардын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартканбыз".

Атазовго каршы аталган округдан шайлоого катышкан дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арызданып, аны добуш сатып алууга айыптаган. Мындан сырткары ушул эле округдан дагы бир талапкер Ирина Карамушкина атаандаштары - Абдурахманхажи Муртазалиев, Шайлообек Атазов, Аскар Алмаз уулу жана Элнура Алкановага каршы арызданган. Карамушкина "өзүнө ыңгайлуу талапкерди өткөрүүгө аракет кылды" деп бийликти сындап жатат.

"Эгер мыйзам бузуулар катталбаганда биз арыз жазмак эмеспиз. Эл далилдерди социалдык тармактарга киргизип жатты. Ал эми добуш сатып алуулар боюнча биз арызда көрсөткөн фактыларды БШК өзүнүн сайтында каттоого алган. Алар эми өздөрү каттаган фактыларга далил таппай калыптырбы? Мен муну таза эле маскарапоздук деп айтаар элем. Добуш сатып алуу фактысы болгон, баары эле бул тууралуу айтып жатты. Социалдык тармакта толтура материалдар бар. Буга көз жуумп, бийликке ыңгайлуу талапкерди алып чыгып жатышат".


Боршайком буга чейин шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Буга добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылган. Муртазалиев дооматтарды четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат жана БШКнын чечимине каршы административдик сотко арыз берди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Муртазалиевдин конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтууда. Анын белгилешинче, Конституциялык мыйзамда (46-беренесинин 1-бөлүгү) эгер шайланып келген талапкер 21 жашка толо элек болсо, соттун өкүмү чыккан учурда жана башка өлкөнүн жараны болгону аныкталган учурда гана БШК анын каттоосун жокко чыгара алат.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

"Кандайдыр бир күмөн жараткан жагдайлар болсо дагы аны шайлоо күнүнө чейин жок кылып, басып өткөн жолу күмөн санатпаган адамдарды элдин таразасына коюш керек болчу. Элдин таразасына коюп, бул жеңүүчү болгон соң анан БШК биз күмөн санап жатабыз дегени - элдин добушун уурдоо. Ошондуктан алардын мындай укугу жок".

Ал арада Боршайком Биринчи май округундагы кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. 27-февралда өткөн шайлоодо ал шайлоочулардын 46% добушун алган.

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Жыйынтык Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарыла турганын БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Биз Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарганбыз. Талапкер ага каршы сотко арызданбаса же арыз жазса дагы сот биздин чечимди колдосо, добушту көбүрөөк алган кийинки талапкерге мандатты өткөрүп беришибиз керек. БШК соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен, ошого ылайык өзүнүн чечимин чыгарат".

Эгер сот Муртазалиевдин пайдасына чечим чыгарбаса, анда Шайлообек Атазов мандат алышы мүмкүн. Ал былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №8 Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго утулуп калып, сотко кайрылган. Бирок сот Алимбековдун пайдасына чечим чыгарган. Ошондон кийин Атазов Бишкектен кайра талапкерлигин койгон. Ал Бишкектеги добушту элдин ишенимине ээ болуп алганын жана соттун адилет чечимин күтүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

"Свердлов районундагы шайлоодо мен жана биздин команда тарабынан таза, элдин ишенимине ээ болуп алдык. Айыптап жаткандар ким экени тууралуу менде маалымат жок, бирок Кудай көрүп турат, эл өзү баа берди. Президенттин таза шайлоо болсун деген жарлыгын ИИМ өкүлдөрү далилдеп алып чыгып койду. Ким добуш сатып алып кыянаттык кылса, мыйзам алдында жооп бериш керек. Соттук териштирүү бүтсө буюрса мандатты мага берет, анан биз иштешти, мыйзам жазышты, элге кызмат кылышты иш жүзүндө көрсөтөбүз".

Шайлоолорго сереп салып келе жаткан активист Атай Бейшенбек Свердлов округундагы талаштуу шайлоо тууралуу буларды айтты:

"Эки талапкердин тиреши кээ бир күчтөрдүн таасир талашы десек деле болот. Анткени шайлоо жыйынтыгына чейин эле акча таратуулар боюнча маалыматтар медиа каражаттарында чагылдырылып жаткан. Ошол учурда тийиштүү органдар тарабынан дароо реакция болбостон эсептешүү, соодалашуу сыяктуу жагдайлар жаралган. Атайын бир талапкерге шарт түзүү максатында иштер жүргүзүлгөн болушу ыктымал деген божомолдор айтылууда. Ошол дагы жүйөлүү болушу мүмкүн. Анткени мыйзам бузуу жагын тыкыр иликтей турган болсо, анда көп жагдайлар ачыкка чыкмак. Мисалы бир нече талапкер тарабынан мыйзам бузуулар катталганы жарыяланып жатпайбы".

Прокуратуранын маалыматына караганда, 27-февралда өткөн кайра шайлоодо мыйзам бузуу боюнча 25 материал катталып, бир кылмыш иши козголгон. Калган материалдардын мыйзамдуулугу каралып чыккан.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунда былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган. VII чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG