Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Казакстанда кайрадан митинг


Алматыдагы митинг. 9-ноябрь, 2019-жыл.
Алматыдагы митинг. 9-ноябрь, 2019-жыл.

Казакстандын эки чоң шаарында 9-ноябрда удаа митингдер өттү.

«Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митингине 80дей киши келген. Алар негизинен саясий системаны алмаштырып, супер президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүүнү талап кылышты. Азырынча активисттердин талабына казак бийлиги жооп бере элек.

- Тилекке каршы, биздин өлкөдө ушинтип митингге келип, өз укугуңду талашуу, эркин сүйлөө, саясий партияларга кошулуу эрдикти талап кылып калды, - деп сөзүн баштады Алматыдагы активист Димаш Алжанов. ​- Бул оорудан айыктыруунун жолу – саясий реформалар. Алар системалуу болуп, бийлик органдарынын бардык маанилүү тармактарын, шайлоо, сот тутумдарын камтышы зарыл. Авторитардык-президенттик башкаруудан толук кетишибиз керек. Кимдир-бирөөлөрдүн гана акыйкатсыз байып кетиши, бийликтегилердин пайдасына чечилген сот жаңылыштыгы, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн теңсиздиги – мунун баары президенттин чектен тыш бийлигинин натыйжасы. Назарбаев — өткөн чак. Баарыбыз өткөн чак менен кош айтышыбыз керек.

Алматыдагы негизинен жаштар катышкан бул жыйын бийликтен уруксат алынбастан эле өткөрүлгөн. Чогулгандар Абай аянтынан Республика аянтына чейин жөө жүрүш да жасашты.

Алардын колунан «Сүйлөө үчүн уруксат албайм», «Биригүүгө убакыт келди», «Парламенттик республика» деген жазууларды окууга болот. Ал түгүл тили курч айрымдары «Гүл өссө жердин көркү, чал кетсе элдин көркү» деген жазууну кармап алышкан.

Ушул эле күнү баш калаа Нур-Султанда да митинг өтүп жатты. «Республика» кыймылы уюштурган иш-чарага бийлик уруксат берген экен.

- Мына, мен 65темин. 63 жашымда «пенсия жашына келдиң» деп жумуштан коё беришти. Өздөрү 80ге келип, алды андан да өтүп атат. Ошондо да кеткен жок. Ошолор кетсин! Жаштарга бошотсун! Элдин-жердин камын ойлогондорго бошотсун! - деди Нур-Султандагы митингдин катышуучусу.

Ал киши аттарын атабаганы менен сөз ким жөнүндө болуп жатканын түшүнүш кыйын эмес. Учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 66 жашта. Жашы 80ди чамалаган Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен Коопсуздук кеңешинин катчысы катары өлкөдө таасири күч.

Касым-Жомарт Токаев жана Нурсултан Назарбаев.
Касым-Жомарт Токаев жана Нурсултан Назарбаев.

Митингде саясий негизде камакка алынгандарды бошотуу, Кытайдагы казактардын маселесин көтөргөн активисттерди куугунтуктоону токтотуу жөнүндө да талаптар айтылды.

- Мен саясий туткундары жок өлкөдө жашагым келет! Ой-пикирим үчүн түрмөгө камабаган өлкөдө жашагым келет! – деди үнү кардыккан активист айым.

Эки шаардагы жыйынга полиция кызматкерлери көз салып турушту. Активисттер сырттан байкоо салгандардын арасында атайын кызматтын адамдары бар экенин айтып жатышты. Казакстанда буга чейин боло келгендей митинг учурунда эч ким кармалган жок. Кийинчерээк гана бир нече активист кармалганы тууралуу маалымат тарады. «Азаттыктын» казак кызматы бул тууралуу бийлик органдарынан расмий жооп ала алган жок.

Казакстан эгемендик алгандан бери күчтүү президенттик башкарууда жашап келет. Өлкө кош палаталуу парламентке ээ. Парламент өз алдынча орган катары Конституцияда белгиленгени менен иш жүзүндө Нурсултан Назарбаевге баш иет деп сындалып келет. Бул тууралуу ишембидеги митингде да айтылды.

Ушул тапта жогорку палата – Сенатта экс-президенттин кызы Дарига Назарбаева төрайым. Ал эми төмөнкү палата Мажлистеги мандаттардын 80% «Нур-Отан» партиясы ээлейт. Партияны 20 жыл мурда Нурсултан Назарбаев түптөгөн. Ал киши президенттиктен кетсе да бийликти колдогон «Нур-Отандын» лидери бойдон кала берди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG