Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Мушташкан индиялыктар өлкөдөн чыгарылат


Астанада 2-сентябрда "Абу-Даби Плаза" деп аталган ири соода жайын куруп жаткан казак-индус жарандары ортосунда калайман мушташ чыккан.
Астанада 2-сентябрда "Абу-Даби Плаза" деп аталган ири соода жайын куруп жаткан казак-индус жарандары ортосунда калайман мушташ чыккан.

Астанада жергиликтүү тургундар менен калайман мушташка катышкан индиялык жарандар депортацияланат. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Казакстандын борбор шаарында 2-сентябрда "Абу-Даби Плаза" деп аталган ири соода жайын куруп жаткан казак жана индус жарандары ортосунда калайман мушташ чыккан. Айрым эксперттер бул окуя өлкөдө улут аралык жаңжалдын алдын алуу, аны чечүү чаралары жетишсиз экенин көрсөттү дешет.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов калайман мушташ боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөөдө күнөөлүүлөр аныкталганын билдирди. Соттун чечими менен 30дан ашык индиялык жаран депортацияланганы жатканын маалымдады:

- Биз азыр териштирүү жүргүзүп жатабыз. Күнөөлүүлөрдүн дээрлик баары аныкталды. Алар көрсөтмө берип жатышат. Көчөдөгү мушташка катышкан 30-40 индус соттун чечими менен депортацияланат. Күнөөлүүлөр болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Биздин күзөтчүнү сабап салган индустарга, Индиянын жарандарын сабаган биздин күзөтчүлөргө кылмыш иши козголду.

Жаңжалды басуу үчүн атайын күчтөр да тартылган.
Жаңжалды басуу үчүн атайын күчтөр да тартылган.

Калайман мушташ 2-сентябрда кечке жуук чет өлкөлүк курулушчулардын жатаканасынын алдында болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Индия жарандары жатаканага кирүү эрежесин сактаган эмес. Тактап айтканда, темир аныктай турган атайын жабдыктан өтүүдөн баш тартышкан жана эрежени сактоону талап кылган күзөтчүнү сабап коюшкан. Күзөтчү болсо башка кесиптештерин жардамга чакырып, ортодо мушташ чыккан.

Ошол эле учурда белгисиз адамдар окуя болгон жерге жакын кафелердин биринде Индиянын эки жаранын ур-токмокко алышкан. Чет өлкөлүк жумушчулардын жатаканасынын жанына кыска мөөнөттүн ичинде жаалданган ондогон жергиликтүү тургундар чогулган жана алар индиялык жарандардын депортацияланышын талап кылышкан. Полиция баш-аягы элүүдөн ашык кишини камаган, алардын сегизи административдик жазага тартылып, айыппул төлөгөн. Окуя болгон жерге Индиянын Казакстандагы элчиси, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келген.

Бул окуя айрыкча социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жаратты. Казак парламентинин депутаты Кудайберген Ержан турмуштук чыр-чатактар улут аралык жаңжалга айланып кетишине жол берилбеши керек деп эсептейт:

- Күнүмдүк кайсы бир окуялар чогулуп, топтолуп калган, ошондон чыккан маселе болсо керек. Мындай окуялар дароо эле пайда боло калбайт го. Эки адамдын ортосундагы чыр ошол маселеге өрт койду окшойт. Эми мындай окуялар өз элибизде, өзү жарандарыбыздын ортосунда деле болуп жатат. Ошондуктан муну жеринде карап, бийлик жеринде чечиши керек.

Жаңжал тууралуу ой бөлүшкөн саясат таануучу, конфликтолог Мухтар Сеңирбайдын пикиринде, бул окуя улут аралык жаңжалдын тутанып кетүү коркунучу бар экенин, андай жаңжалдарды чечүү чаралары жетишсиз экенин көрсөттү:

- Казак коомчулугу улуттук мүнөздөгү жаңжалдын баарын өтө оор кабыл алат. Мунун өтө көп себептери бар. Эң башкы себеби - биз постколониялдык эл болгондуктан сырттан кайсы бир душманды издөөгө, күтүүгө, анын образын түзүүгө багытталган коркунуч бар. Ошондуктан улут аралык мүнөздөгү жаңжалдын баары ушундай жыйынтыктарга алып келет. Мындай жаңжалдарды чечүүнүн жол-жобосу кагаздарда гана бар. Бирок ал турмушта колдонулбагандыктан коомдун өзүндө да, мамлекетте да жаңжалдан чочулоо - конфликтофобия бар. Биз жаңжал чыкты деген нерседен коркобуз. Ошондуктан түрдүү жоромолдорду айта баштайбыз. Чет өлкөлүк жумушчулардын иштегени жаман көрүнүш эмес. Биздин коомубуз ачык, экономикабыз ачык. Биздин жарандар деле чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Ошондуктан мындан кооптонуунун кажети жок. Бул жерде негизги маселе - кыска убакыттын ичинде өтө чоң реакция болуп кеткенинде. Ошондуктан биз ушундай реакцияларды алдын ала билишибиз керек. Өтө чоң улуттук жаңжалды баштан кечирген өлкөдө майда-чүйдө жаңжалдарга чейинки көрүлө турган чаралардын баары ирээттелген.

Астана шаарында буга чейин улут аралык мүнөздөгү жаңжалдар катталган эмес. Бирок Казакстандын айрым региондорунда турмуштук уруш улут аралык чырга айланып кеткен майда окуялар маал-маалы менен болуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG