Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Алматыдагы базарда кайрадан өрт чыкты


"Барахолка" өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

"Барахолка" өрттөн кийин

26-ноябрда Казакстандын Алматы шаарындагы “Алатау-2” базарында өрт чыгып, бир нече контейнер өрттөндү. Кыргызстандык соодагерлер басымдуулук кылган бул ири базарда быйыл күздө ушуну менен үчүнчү ирет өрт чыгып отурат.

Жергиликтүүлөр “Барахолка” деп атап койчу “Алатау-2” базарында кечээ чыккан өрттүн кесепети иликтенип, андан канча соодагер жабыркаганы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Бирок соңку айларда бул базарда үч ирет өрт чыгышы мигранттарды катуу кооптондуруп турган чагы.

Кыргызстандык Чолпон Шадиеванын мындан он күн мурун “Кулагер” базарында болгон товары өрттөнүп, көз жашын көлдөтүп отуруп калган экен:

- Өрттөнүп жатканын көрүп турдук, бизди киргизбей коюшту. Мен 23 миң долларга күйдүм, контейнерибизди былтыр 80 миң долларга сатып алган элек. Эмне кылабыз, ыйлап-ыйлап эле калдык. Тапканыбыздын баары күйүп кетти.

Чолпон айым айтып жаткан базарда баш-аягы 800 чакты контейнер өрттөнүп, товар сакталган кампалар кошо күйүп кеткен. “Замандаш” ассоциациясынын Алматыдагы өкүлү Туратбек Аманбаев базардагы соңку кырсыктарга адистер “атайын жасалган” деген тыянак чыгарганын айтат.

- Эл деле атайын өрттөлүп жатат деп болжоп жатышкан. “Кулагер” базарындагы өрттү атайын уюштурулган, өрттөлгөн деп экспертизадан жыйынтык беришти. Чыгымдардын так саны эсимде жок, бирок миллиарддаган акчаны айтып жатышат. Буларга эми эч нерсе төлөнүп берилбейт, анткени соодагерлердин колунда камсыздандыруу, келишим сыяктуу эч нерсе жок.

Аманбаевдин айтымында, жергиликтүү бийликтер бул базарларды башка жакка көчүрүү зарылдыгын айтып, буга чейин соодагерлерге бир нече жолу эскертүү берген экен. Биз телефон аркылуу сүйлөшкөн кыргыз мигранттары да бул базарды көчүрүү үчүн атайылап жасалган иш болушу мүмкүн деп кооптонуп турушканын билдиришти.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун өкүлү Бакыт Кадыров өрттөн жабыркагандардан бат-баттан кабар алып жатабыз дейт:

- Чыгымдарды санай албайбыз, анткени соодагерлер бажыдан өткөндө товарларын каттоодон өткөрүшпөйт экен. Ошон үчүн болжолдуу болсо да чыгымыңарды жазгыла деп айттык. Документтерибиз күйүп кетти деп кайрылгандар жок, активисттерге да кабарладык, кимдин документтери күйсө, консулдукка кайрылгыла деп жатабыз.

Казак бийликтери бир жыл мурун бул базарлар өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербей турганын айтып, жабылышы мүмкүн экенин эскерткен. Бирок базарды жабуу, аларга башка жактан орун бөлүп сыяктуу маселелер боюнча жергиликтүү бийлик менен соодагерлер ушул күнгө чейин бир пикирге келе албай жүрүшөт. Базарлардын жабылышына каршы Алматыда былтыр бир нече ирет соодагерлердин нааразылык акциясы өткөн.

Азыр Алматы бийлигине көйгөй жаратып жаткан бул базарлар 1990-жылдары ачылган. Шаар бийлиги аталган базарлар санитардык жана курулуш талаптарына таптакыр жооп бербей турганын айтып келишет. Эми бул базарларды жабуу аракеттери жүздөгөн кыргыз мигранттарын да түйшөлтүп турган учуру.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG