Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:36

Ак ордо кенчилердин абалын сурай элек


Карагандадагы кенчилер

Казакстанда 700дөй кенчи жер алдындагы нааразылык акциясын улантып жатышат. Көмүр кендерине ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы шахтерлордун акциясын мыйзамсыз деп, Караганда облусунун үч райондук сотуна кайрылды. Төрт күндөн бери Караганда көмүр бассейнине караштуу жети шахтада иш таштоо уланууда.

Нааразылык акциялары өтүп жаткан кендерге ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы шахтерлордун иш таштоосун мыйзамсыз деп Караганда облусунун үч райондук сотуна кайрылды.

Компания кенчилерди жана көмүр казуучулардын профсоюздарынын «Коргоо» уюмунун жоопкерчилигин кароону соттон өтүнгөн.

13-декабрда Караганды облусунун бийлиги, «АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын директору Парамжит Калон кенчилерди акцияны токтотуп, жер үстүнө чыгууга көндүрүүгө аракеттенген.

Дүйшөмбү күнү компаниянын түнкү нөөмөттөгү 200дөй шахтеру жер үстүнө чыкпай койгон. Андан кийин аларга дагы жети шахтанын кенчилери кошулган.

Караганда облусунун башчысы иш таштоо болгон бир нече шахтага түшүп чыкты. Андан кийин 154 киши акциядан баш тартканы айтылганы менен 20дай гана киши ден соолугуна байланыштуу нааразылыкты токтоткону маалым болду.

«Шахтада болжол менен 205-210 киши бар. Канча экенин так айта албайм. Бирок 200дөн кем эмес. Биздин шахтадан эч ким тышка чыккан жок. Саламаттыгына байланыштуу төрт киши гана чыкты», – деди «Азаттык» радиосуна иш таштаган кендеги шахтер Юрий Бобровский.

Социалдык сайттарда Караганда облусуна кошумча ОМОН күчтөрү тартыла баштаганы тууралуу маалымат тарады. Казак ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев «эч кандай кошумча күчтөр тартылган» жок деп аймакта жайгашкан коопсуздук кызматтары өз тартиби менен иштеп жатканын билдирди.

Расмий Астана карагандалык кенчилердин нааразылык акциясы боюнча азырынча комментарий бере элек. Болгону Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматуллин иш берүүчү, профсоюздар жана кенчилер менен диалог жүрүп жатканын жүйө келтирип, журналисттерге эмоцияга алдырбоого кеңеш берди.

Мажилистин жалпы жыйынында жүздөгөн кенчилер катышкан акция тууралуу бир дагы депутат маселе көтөргөн жок. Атургай шахтерлордун мекени саналган карагандалык эл өкүлдөрү жагдайды элес албагандай.

Депутат Владислав Косарев ушул тапта Карагандада өкмөттүн бир дагы өкүлү жоктугуна таң калып турганын журналисттерге парламенттеги жыйындан кийин билдирди:

- Бийликтин жана иш берүүчү компаниянын өкүлдөрү жумушчулар менен байланыш түзүүгө жол бербей жатышат. Аларды полиция курчап турат. Мындай чектен чыккан ыкмалар кенчилерди коомчулук жана саясий партиялар менен байланыштырбоо үчүн жасалууда.

Иш таштаган кенчилердин талаптарынын бири – маянаны 100% көтөрүү. Компаниянын атынан сүйлөшүүгө келген өкүлдөрдүн айлыкты 30% көбөйтүү сунушуна алар макул болушкан жок.

Экинчи талап – кенчилердин пенсия курагын 50 жашка чейин түшүрүү. Бул маселени чечүү казак өкмөтүнүн деңгээлиндеги иш. Бирок азырынча Ак ордо төрт күндөн бери шахтанын түбүндө отурган кенчилердин жагдайына кайрыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG