Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:22

Назарбаевдин кайрылуусундагы “өндүрүштүк революция”


Назарбаев жылдык кайрылуусун окуп жаткан учур.

Нурсултан Назарбаевдин жылдык расмий кайрылуусуна сереп салган эксперттердин кээ бири эми айыл чарба өндүрүшүнө көңүл бурулат деп үмүттөнсө, башкалары эл башынын сөздөрүн “кайталанма кайталоолор” деп сыпаттады.

10-январда президенттин басма сөз кызматы Нурсултан Назарбаевдин алдын ала жаздырылган видео жана текст түрүндөгү кайрылуусун таркатты. Элге кайрылуусунда президент быйыл Казакстан “өндүрүштүк революция” жасоого бет алганын билдирди. Дал ушул жол менен өлкө өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кирмекчи. Назарбаев буга талап кылынган 10 максатты атады:

- Биринчиден, Казакстандын индустриясы жаңы технологияларды колдонууда алдыга чыгышы керек. Биздин өнөр жайды, бардык өндүрүштүк процесстерди компьютерлештирүү, жаңы бизнес моделдерди колдонуп, көтөрүү кажет. Экинчиден, ресурстарды эффективдүү колдонууну жогорулатуу зарыл. Жаңы технологиялык чечимдер ресурстарды пайдаланууну, иштетүүнү арттырып, энергетиканы жана экологияны коргоого жардам берет.

Назарбаев учурда өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн көтөрүү жана санариптештирүү боюнча программалар ишке ашып жатканына токтолду. Мындай IT – технологияларды жана заманбап техникаларды билим берүү, курулуш, транспорт, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына жапырт киргизүү керектиги белгиленди.

Ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн Казакстанда жаңы технологиялар менен жабдылган, жашоого ыңгайлуу, заманбап шаарларды куруу керектиги айтылды.

Алдыга коюлган 10 максаттын ичинде коррупцияга каршы күрөш, мамлекеттик мекемелердин эффективдүүлүгүн көтөрүү, банктардын ишине көзөмөл салуу өңдүү маселелерге басым жасалды.

Айыл чарбага көңүл бурулат

Үчүнчү башкы максат катары Назарбаев айыл чарба өндүрүшүндө жаңы “акылдуу” технологияларды колдонууну белгилеген. Муну менен чийки заттарды кайрадан иштетүү аркылуу дүйнөлүк базарга жогорку сапаттагы даяр продукциялар менен чыгуу зарылдыгы айтылган. Картошка жана жашылча өстүрүү боюнча казак институтунун аналитика, консалтинг жана коммерциализация бөлүмүнүн башчысы Биржан Рахимжанов айыл чарбага көңүл бурулаарына кубанып турганын билдирди:

- Мурун агрардык реформа жөнүндө бир-эки сөз кыстырылып айтылып келген. Биздин өндүрүштүк программаларда агрардык илимге туура мамиле болгон эмес. Эми президент агрардык илимдин өнүгүүсү көңүл чордонунда болушу керектигин өзү айтты. Азыр биз министрликке атайын долбоор даярдап жатабыз, “муну президент өзү жасады” деп айта алабыз.

Биржан Рахымжанов.
Биржан Рахымжанов.

Айыл чарбасын жана агрардык илимди өнүктүрүүгө атайын каражат бөлүнгөнүн айткан адис бул багытта министрликтин так планы жана сунуштары бар деген үмүттө.

"Назарбаевдин сөздөрүн окубайм"

Ал эми саясат таануучу Дос Көшим Назарбаевдин калкка кайрылуусунан жаңы эч нерсе укпаганын белгилейт:

- Жаңы эч нерсе айтылган жок. Өнөр жай өндүрүшү тууралуу он жыл мурун айтылган. Чындыгында Назарбаевдин сөздөрүн окубайм. Анын жакынкы 10-20 жылда эмне деп айтаары мындай эле түшүнүктүү.

Кайрылууда “мамлекет өзүнүн социалдык милдеттерин аткарат” делип, мугалимдердин айлыктары 30-50 пайызга алардын квалификациясына жараша өсөөрү айтылган. Дос Көшим буга эч ишенбейт. “Бул адамдарды алдоо” деп сындайт саясат таануучу.

Дос Көшим.
Дос Көшим.

Чыгыш Казакстан облусунун Акмечек айылындагы “Агартуучу” социалдык кыймылынын мүчөсү Мейиржан Темирбек Дос Көшимдин сөзүнө кошулат. Ал Назарбаев мугалимдерди бир гана квалификациясын текшерүү үчүн аттестациялап келе жатканына капа:

- Тест педагогика, психология, мыйзам чыгаруу жана мугалимдин өзүнүн предмети боюнча болот. Мугалимдер мыйзамдарды күндө окушпайт, мыйзамдар болсо өзгөрүп турат. Чындыгында мугалимдер деле экзамен тапшырууну каалабайт. Эгерде мындай тесттер милдеттүү болуп калса, мугалимдерге квалификациясын тастыктоо оор болот. 30-40 адамдан экөө гана өтүшү мүмкүн.

Ал эми китептерин жана окутуу стандарттарын толук жаңылоо талаптары боюнча мугалим төмөнкүлөрдү билдирди.

- Мектептердин буга акчасы жок. Иш көбөйдү. Окуу материалдарын күнүгө жарыялоо керек, ошондой эле жалпы баалоо жүргүзүү керек. Биз азыр материалдарды өз акчабыздан басып чыгарып жатабыз, буга мектептерге дагы, мугалимдерге дагы акча бөлүнгөн эмес.

"Кайталанган сөздөр"

Ал эми саясат таануучу Досым Сатпаев Назарбаев “мурда айткандарын кайталады” деп эсептейт:

- Кайрылууда төртүнчү өндүрүштүк революция жөнүндө айтылды. Бул бүгүн “күндүн темасына” айланды, бирок, ал 1990-жылдардан бери айтылып келген нерсе. Бул 2030, 2050, 2025- жылдарга пландалган бардык программаларга тиешелүү. Дүйнөнүн алдыңкы 30 мамлекети – бул өндүрүш жагынан өнүккөн өлкөлөр, ошондуктан, алардын катарына кошулуу күмөн нерсе.

Ал эми каржы секторун тартипке келтирүү жөнүндө президенттин алтынчы максатында көрсөтүлгөн. Анда насыя алган жарандардын укуктарын коргоо, банктардын ишин көзөмөлгө алуу жөнүндө айтылган. Саясат таануучу Досым Сатпаев бийлик банктар менен байланышта экенин, кооптуу жана зарыл маалда өкмөт мамлекеттик каражаттардын эсебинен банктарды сактап келгенин эскертет.

- Назарбаев банктарды сактоону токтотуу керектигин айтты. Муну 2009-жылкы каатчылыктан кийин деле айткан. Бирок “Казком” банкын сактап, банктарга Улуттук фонддон акча берген окуялар болгон. Айтылган сөздөр жасалган иштер менен төп келбейт.

Досым Сатпаев.
Досым Сатпаев.

Ошондой эле Сатпаев “Казакстанда коррупция менен күрөш саясий негизде жүрөт” деп сыпаттайт:

- Казакстанда коррупция менен күрөш – элиталар ортосунда кармаш, ал бардыгына бирдей эмес, тандалма жол менен жүрөт. Өкмөттүн экономикага кийлигишүүсү “бардык акча мамлекетте” деген түшүнүккө алып келди. Адамдар мамлекеттик кызматты “акча капчыгы” катары кабыл алып, кызматка келсе, бул “ресурска колум жетет” деп ойлошот. Бул - коомдо коррупциялык аң-сезимдин калыптанып калганы.

Кайрылууда акыркы үч жылда 2,5 миң мамлекеттик кызматкер жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери коррупцияга айыпталып соттолгону айтылган. Досым Сатпаев “мамлекеттик аппаратты өзгөртпөсө, жаш кадрлар акырындык менен “агаларына окшошот” деп жыйынтыктайт.

77 жаштагы казак президенти Назарбаев мындай салттуу кайрылуулар үчүн түрдүү даталарды жана форматты тандап келе жатат. Мисалы, былтыркыга чейин ал парламент алдына чыгып сүйлөчү.

2017-жылы болсо жылдык кайрылуусу жазуу түрүндө жасалган. Анда Назарбаев мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөттүн ортосунда бөлүштүрүүнү көздөп жатканын билдирип, саясий өткөөл доор башталышы ыктымал деген түкшүмөлдөргө жем таштаган.

Бирок кийин Конституцияга үстүртөн киргизилген толуктоолор бийлик бөлүштүрүү системасын бир аз гана өзгөрткөн. Казакстанда бийлик укуктарынын дээрлик бардыгы азыр президенттин колуна топтолгон бойдон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG