Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Казакстанда айрым сайттар ачылбай калды


Акцияга келгендерди полиция кармап кеткен учур. 9-май, 2019-жыл.
Акцияга келгендерди полиция кармап кеткен учур. 9-май, 2019-жыл.

Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында өткөн «Өлбөс полк» акциясы камакка алуу менен коштолду.

Соңку маалыматтарга караганда полиция кызматкерлери бери дегенде беш адамды кармап кеткен. Полиция бул адамдар документтерин көрсөтпөгөнү үчүн кармалганын билдирди. Ушул эле күнү Казакстанда бир катар жергиликтүү сайттар, анын ичинде «Азаттыктын» казак кызматынын сайты да ачылбай калды.

Алматыда камакка алынгандардын арасында жалгыз бой эне Турсынкүл Жоланова да бар. Ал 1-майда уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн 50 500 тенге айып төлөгөн.

Нур-Султанда болсо бир нече адам «Азаттыктын» кабарчысына «Өлбөс полктун» жүрүшүн чагылдырууга бут тоскон. Күн ачык болгонуна карабастан кол чатыр көтөргөн бул адамдар видеокамеранын алдын тосуп турушкан.

Бүгүн бир катар казакстандык интернет-басылмалар да ачылбай калды. Эртеден бери vlast.kz, holanews.kz, informburo.kz, exclusive.kz, time.kz сайттары, «Урал апталыгы», «Ак Жайык» аймактык порталдары, Адам укуктары боюнча казак бюросунун барагы ачылбай жаткан.

Сайттардын тосмолонушу өлкөдө тыюу салынган кыймыл өз тарапкерлерин нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн убака туш келип жатат.

«Азаттыктын» кабарчылары Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинен, Улуттук коопсуздук комитетинен жана «Казактелеком» компаниясынан (байланыш провайдери) бөгөт тууралуу комментарий ала албай коюшту.

Өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» аттуу кыймыл 9-майда Алматыда, Нур-Султанда, ошондой эле башка бир нече шаарларда «Өлбөс полк» акциясы менен кошо митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүү ниети бар экенин билдирген. Аталган кыймылды 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашап жаткан экс-банкир, казак бийлигин сындап келаткан Мухтар Аблязов түзгөн. Аблязов Казакстанда бир катар кылмыштар үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

9-май, 2019-жыл.
9-май, 2019-жыл.

9-майда эртең менен Алматыда Астана аянтынын жанында vlast.kz порталынын кабарчысы Данияр Молдабеков камакка алынды. Аны полиция кызматкерлери күч менен машинеге салып кетишкен. Кабарчыга эмне үчүн аны камашканын түшүндүрүшкөн да эмес, адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк да беришкен эмес. Молдабековдун айтымында, ал кармалып отурган бөлүмгө шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматынын жетекчиси Салтанат Азирбек келгенден кийин гана аны бошотушкан.

Айрым жарандык активисттер алардын үйлөрүнүн алдында полициянын машинелери турганын социалдык тармактарга жазышууда.

Жергиликтүү убакыт менен түшкө жуук башталган «Өлбөс полк» жүрүшүндө Алматыда бир нече адам кармалды. Чет өлкөлүк журналист Крис Риклтон Алматыдагы аянтта үч адамды кармап кетишкенине күбө болгон. «Азаттыктын» кабарчысы да Астана аянтында бир нече адам кармалганын көрдү.

Казакстандагы нааразылык акциялары 1-майдан бери өлкөнүн бир нече шаарларында, анын ичинде Алматы жана Нур-Султанда өтүп жатат. Нааразылык акцияларында июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоону жокко чыгаруу, парламенттик башкарууга өтүү, таза шайлоо өткөрүү, бийликти жаңылоо боюнча талаптар коюлган.

Башкы прокуратура «мыйзамсыз митингдерге катышкандар катуу жоопкерчиликке тартыларын» эскерткен. Президент Касым-Жомарт Токаев да тынч жыйын өткөрүүгө уруксат алыш керек экенин айтты:

«Менин баамымда, калыстык - бул мыйзам үстөмдүгү. Мыйзамды мамлекеттик аткаминерлер да, тартип коргоо органдары да, жарандар да - айтор баары сакташы керек. Мыйзам баары үчүн бирдей. Кандайдыр бир сынды канчалык айткың келгени менен, мындай пикир мыйзамдын алкагында айтылышы керек. Эгерде сөз тынч жыйындар тууралуу болуп жатса, анда ага да уруксат алынышы керек. Ошондуктан мен олуттуу түрдө эскертем - мыйзам биздин өлкөдө сакталат».

Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматыда жана жакында эле Нур-Султан деп аты өзгөртүлгөн баш калаада 1-майдагы акцияга чыккан 80 адам кармалганын кабарлап, «уруксатсыз митингдер прокуратуранын эскертүүсүнө карабай өткөнүн» билдирген. Бир даары 15 күнгө чейин камакка алынса, дагы бир тобуна ар кандай өлчөмдөгү айып салынган.

Казакстанда туура бир айдан кийин президенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо ишин аяктады. Шайлоого расмий жети талапкер катыша турган болду.

Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматынан кетерин жарыялап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаевге өткөн. Батыш байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тааныган эмес.

Оппозициянын айрым өкүлдөрү болсо добуш берүүнү бойкоттой турганын билдиришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG