Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Акимдин уулу менен миллионердин байланышы


Аким Даниал Акметов менен ишкер Айдос Бактыбаев.
Аким Даниал Акметов менен ишкер Айдос Бактыбаев.

Ал Өскемен (Усть-Каменогорск ) шаарында кабат-кабат имараттарды куруп, миллиарддаган тендерлерди жеңип, Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметовду жандап жүрөт.

Кеп ийгиликтүү ишкер Айдос Бактыбаев жөнүндө болуп жатат. “Азаттыктын” казак кызматы иликтөөсүндө Бактыбаев облус акиминин уулу Талгат Ахметовдун бизнес өнөктөшү экени аныкталган.

68 жаштагы Даниал Ахметов сегиз жылдан бери Чыгыш Казакстан облусун башкарууда. Президенттик шайлоодон кийин көптөгөн акимдер кызматынан кол жууду. Ахметов болсо алмаштыргыс жетекчи болуп келет. Ал социалдык объектилердин курулушу менен таанышканы барганда жанынан жергиликтүү ишкер Айдос Бактыбаевди көрүүгө болот.

“Ыңгайлуу мектеп” долбоору

2012-жылы Усть-Каменогорск шаарында машина куруучуларды даярдоочу борбор катары курулуп жаткан эбегейсиз чоң объектинин айланасында ызы-чуу болгон.

Курулушу бүтпөй калган бул имарат “коррупциянын эстелиги” деп аталып калды. Алардын биринин чатыры урап түшкөндөн кийин иликтөө иштери башталып, 3 миллиард теңгеден ашык акчанын жоголгондугу аныкталган.

Бул иш боюнча Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген Саят Шаяхметов менен министрликке караштуу мекеменин кызматкери Александр Пак соттолду. Акыркы 10 жылдан бери имараттар бүтпөй, кароосуз жайга айланган.

Өскемендеги курулуп бүтпөй калган мектептин азыркы көрүнүшү.
Өскемендеги курулуп бүтпөй калган мектептин азыркы көрүнүшү.

Өткөн жылдын сентябрь айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ыңгайлуу мектеп” улуттук долбоору башталганын билдирген. Долбоорго бюджеттен 2 триллион 600 миллиард теңге каралган. Токаев ушундай жол менен мектептердеги орундардын жетишсиздигин жоюп, балдар үчүн заманбап шарт тузүлөрүн айткан.

Бул учурда Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов Усть-Каменогорск шаарындагы бүтпөй калган курулуштарды "Ыңгайлуу мектеп" долбоору үчүн калыбына келтирерин жар салган.

Күзүндө курулуштун долбоорун акимге ишкер Айдос Бактыбаев тааныштырган. Анын баасы, башка деталдары көшөгө артында калганы менен, Бактыбаев учурда иш жүрүп жатканын айтты.

Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов (солдо) жана ишкер Айдос Бактыбаев Өскеменде салынып аткан үйлөрдү аралап жүрөт.
Чыгыш Казакстан облусунун акими Даниал Ахметов (солдо) жана ишкер Айдос Бактыбаев Өскеменде салынып аткан үйлөрдү аралап жүрөт.

Бактыбаевдин тендерди жеңип чыкканы же башка жол менен курууга укук алганы белгисиз. Ал дагы, Ахметов дагы “Азаттыктын” суроосуна жооп берген жок. Бул бизнесмен менен аким жооп берүүдөн качкан жалгыз суроо эмес.

Өнөктөшү акимдин уулу, өнүккөн бизнес,

Даниал Ахметовдун 38теги уулу Талгат 20 жашынан тарта бир нече компанияга ээлик кылып, ири өндүрүш ишканаларынын акционери болгон.

2017-жылы 32 жашында Талгат Ахметов Forbes журналынын казак версиясы боюнча өлкөдөгү эң бай 50 адамдын тизмесине кирген. Анда Талгаттын байлыгы 145 миллион доллар деп бааланган. Журналисттер аким Ахметовго баласынын байлыгы боюнча суроо бергенде “Ал жакшы билим алган. Баарына өзү жетишти” деп жооп берген.

Бир учурда Талгаттын бизнеси Павлодар облусунда өнүккөн. Анда атасынын саясий карьерасы ошол жерге тыгыз байланышкан. Кийинчерээк атасы эки тизгин, бир чылбырды колго алган Чыгыш Казакстанда ийгиликке жете баштады.

Талгат Ахметов чү дегенде эле ГЭСтин курулушуна киришкен. 2016-жылы август айында бир нече кесиптештери менен бирге Казакстан өнүктүрүү банкынан жети пайыздык үстөгү менен 10 миллиард теңге алган. Бул акча Чыгыш Казакстандын Алтай аймагындагы Тургусун ГЭСин курууга жумшалып, 2021-жылы ишке берилген.

Аким Даниал Атметовдун уулу Талган бир нече өнөктөштөрү менен салган Турсугун электр станциясы.
Аким Даниал Атметовдун уулу Талган бир нече өнөктөштөрү менен салган Турсугун электр станциясы.

Айта кетсек, курулушка аким Ахметовдун уулу эле эмес, жездеси да катышкан. Талгаттын өнөктөштөрүнүн арасында Габбас Бектуров да бар. 74 жаштагы Бектуров Аким Ахметовдун эжеси Гүлнас Ахметованын күйөөсү.

ГЭСти курууда Ахметовдун уулу ишкер Айдос Бактыбаев менен өнөктөштүк мамиле курууга жетишкен. Бактыбаевдин VK Invest Company субподрядчы болгон. Бирок алардын расмий сайтында бардык курулуш иштерин VK Invest Company жүргүзгөндүгү айтылат.

Бул Талгат Ахметов менен Бактыбаевдин ортосундагы тыгыз бизнес өнөктөштүктүн башталышы болгон.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, Бактыбаев Ахметов менен бирге "ВостокГеоМеталл" компаниясына ээлик кылат. 2018-жылы каттоодон өткөн компанияны негиздеген адамдардын катарына Талгат Ахметов 2019-жылы кошулган. Анын келиши менен ишкананын ташы өйдө кулап, кирешеси жыл сайын көбөйгөн.

"ВостокГеоМеталл" компаниясынынын негиздөөчүлөрүнүн катарында акимдин уулу Ахметов менен Бактыбаев бар.
"ВостокГеоМеталл" компаниясынынын негиздөөчүлөрүнүн катарында акимдин уулу Ахметов менен Бактыбаев бар.

"ВостокГеоМеталл" компаниясы Семей шаарына жакын жердеги карьерде жер чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерден курулушта колдонулган дизелдик отун жана чопо үчүн сырье алуу максатын көздөйт. Бул компания алтын чалгындоо менен алектенет.

Ошондой эле “ВостокГеоМеталл” индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында Өскемен катоддук алтын казуучу гидрометаллургиялык комбинат куруп жатат. Долбоор үчүн мамлекет 1 миллиард теңгеден ашык каражат бөлгөн.

Барган жеринен баар тапкан компания

42 жаштагы Айдос Бактыбаев VK Development Group компаниясынын да негиздөөчүсү. Аталган компания кыймылсыз мүлк сатуу жана турак жай куруу менен алектенип, 2016-жылдын июнь айында каттоодон өткөн.

Айдос Бактыбаев.
Айдос Бактыбаев.

Мындан тышкары Бактыбаев курулуштагы мамлекеттик буюртмаларды көп ала баштаган. Маселен, 2016–2020-жылдары “Самрук-Казына” улуттук байлык фонду мамлекеттик программанын алкагында Өскемен (Уст-Каменогорск) шаарына үйлөрдү курган. Бул Эсенберлин проспектисиндеги 17 көп кабаттуу үй жана Ertys City долбоорунун жети үйү.

Ошондон бери ишкер Өскеменде “Арман кала”, “Нурлы жол”, Park city, Novy Bereg сыяктуу ири турак жай комплекстерин тургузду.

Өскеменде Айдос Бактыбаевдин компаниясы салган үлөрдүн кээ бири. Сүрөт VK Development group компанисынын сайтынан алынды.
Өскеменде Айдос Бактыбаевдин компаниясы салган үлөрдүн кээ бири. Сүрөт VK Development group компанисынын сайтынан алынды.

Ошол эле жылдары жергиликтүү Factum басылмасынын маалыматы боюнча, Бактыбаевдин дагы бир компаниясы “ВК Техногрупп” Чыгыш Казакстан облусунда 18 объекттин курулушу менен алектенген. Ишкана турак жайларды өз убагында тапшырууга үлгүрбөй, тургундардан эле эмес, Аким Ахметовдун өзүнөн да сын уккан. Даниал Ахметов бир ишкананын бир нече үй куруп атканын туура эмес деп атаган.

Бирок мындай кемчиликтер Бактыбаевдин бизнесине таасирин тийгизген жок. Ишкер акимге жакын адамдардын бири катары кала берди. Мисалы, Риддер ЖЭБиндеги авариянын кесепетин жоюуга Бактыбаевдин ишканаларынын бири тартылган.

Бизнесмен көбүнчө мамлекеттик тендерлерди утуп алат. Маселен, ага тиешелүү дагы бир компания Service СМУ өткөн жылы Өскемен акимиатынын курулуш башкармалыгы менен 40 миллиард теңгеге жакын суммага 10дон ашык келишим түзгөн. Натыйжада бул компания жеңген тендерлердин саны боюнча абсолюттук лидер болуп калды.

Service СМУ Чыгыш Казакстанда ГЭСтерди курган VK Invest Company менен чогуу VK Development Group компаниясына карайт.

Соңку жылдары Айдос Бактыбаевдин компаниялары облустук драма театрынын артындагы ат спортуна бөлүнгөн аймакты өнүктүрүүдө. Бул жерде ондогон 9,12 жана калса 16 кабат үйлөр тургузулуп, Өскемендин жаңы борборуна айланды.

Өскемендеги VK Development Group компаниясынын кеңсеси бийик дубал менен курчалган. Анын кароолчусу “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттерин киргизген эмес. Телефондон жооп берген катчы Бактыбаев кабарчылар менен жолукпай турганын кабарлаган.

Редакция “Аким Ахметовдун уулу менен өнөктөштүк бизнестеги ийгилигиңизге кандай таасир этти?” деген суроону кат түрүндө узаткан. Бирок андан бери бир ай өтсө да Айдос Бактыбаевден жооп болгон жок.

VK development group компаниясынын кеңсеси.
VK development group компаниясынын кеңсеси.

“Азаттыктын” казак кызматы Чыгыш Казакстан облусунун губернатору Даниал Ахметовго да кайрылып, “Уулуңуз Талгаттын өнөктөшүнө миллиарддык тендерлерди берип, мамлекеттик ири долбоорлорду ачык сынаксыз өткөрүп берип жатканыңыз кызыкчылыктардын кагылышуусу эмеспи?” деген суроо салган. Облустук акимчилик кайрылууга жооп берүүнүн мөөнөтүн үч жолу узартып, азыркыга чейин үн ката элек.

Бирок “Азаттык” бул суроону жөнөткөндөн бир нече күндөн кийин Талгат Ахметов менен Бактыбаев биргелешип жетектеген компанияда өзгөрүү болду. 14-февралда "ВостокГеоМеталл" ишканасы ишкер Бактыбаевди негиздөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG