Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

"Кемпир-Абад иши": Прокурор айыпталуучуларга 20 жылдык жаза сурады


"Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандардын жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылып турган учуру. 24-апрель, 2024-жыл.
"Кемпир-Абад" иши боюнча айыпталып жаткандардын жакындары сотту ачык өткөрүүнү талап кылып турган учуру. 24-апрель, 2024-жыл.

Прокурорлор "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылууну сурады.

Бул тууралуу 10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда белгилүү болду. Маалыматты “Азаттыкка” ушул иш менен айыпталгандардын бири, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова ырастады. Сот жараяны жабык өтүп жаткандыктан азырынча кенен маалымат жок. Жалпысынан 27 киши айыпталууда.

Сот отурумуна катышкан укук коргоочу Рита Карасартова прокурордун мындай жаза сураганы түшүнүксүз экенин айтты:

"20 жыл сурады. Эмнеге негиздегени белгисиз. Баягы айыптоочу актыны эле кайра окуду. "Ишти териштирүүдө материалдардын негизинде бул кылмыш иши жасалганы аныкталды" деп коюшту. Эң негизгиси иштин материалдарын иликтешкен жок. Ушул жумада, 15ине чейин өкүм чыгарабыз шашкандыктан, бир дагы күбөнү алып келишкен жок, биздин күбөлөр бар десек, аны да укпайбыз дешти".

Прокуратура менен Бишкектин Биринчи май райондук соту азырынча комментарий бере элек.

Ушул аптада сот чечими чыгышы мүмкүн экенин адвокаттар билдиришкен. Буга чейин "кемпирабадчылардын" иши боюнча сот отуруму шейшемби, шаршемби жана бейшембиде каралып жүрсө, узаган аптадан беш жумушчу күндүн баарында карала баштады.

Коомчулукта сот жараяны тууралуу эки ача пикир бар. Айрымдар алар мыйзамсыз кармалып турганын айтса, кээ бирөөлөр жараяндын создугуп жатканына айыпталуучулар өздөрү күнөөлүү экенин белгилешет.

Өзүн өртөөгө аракет

"Кемпир-Абад иши" менен кармалып, кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан Нурлан Асанбеков 8-июнга караган түнү өзүн өрттөөгө аракет кылганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбукка жазды.

Анын белгилешинче, Асанбеков 7-июндагы сотто өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Кечинде ал өзүн өртөөгө аракет кылганда, укук коргоочулар, жарандык активисттер токтотуп калган.

Абдирасулова "Азаттыкка" билдиргендей, Асанбеков бул кадамга милициянын кысымына чыдабай барганын белгилеген. Ички иштер министрлиги бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Нурлан Асанбеков үй камагына чыкканга чейин, сот залынан тартылган сүрөт. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Нурлан Асанбеков үй камагына чыкканга чейин, сот залынан тартылган сүрөт. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Нурлан Асанбеков Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчылардын арасынан Равшан Жээнбековду гана тааный турганын, анын үйүн оңдоп иштеп жатканын, курулуш тармагында эмгектенерин, саясатка тиешеси жоктугун сотто айткан.

Адвокаттары Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушу тапта сегиз киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына же өлкөдөн сыртка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Иш 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Милиция кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Айыпталгандар күнөөнү моюнга алган эмес.

Сот отуруму буга чейин шейшемби, шаршемби жана бейшембиде болсо, эми беш жумушчу күндүн баарында карала баштады.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын жагдайына башынан бери байкоо салат. Ал айыпталгандардын адвокаттарына "бийлик басым жасап жатат" деген пикирин билдирди:

"Өтүп бараткан аптадан баштап дүйшөмбүдөн жумага чейин беш күн бою эртеден кечке чейин "кемпирабадчылардын" иши карала турган болду. Бул дегени - адвокаттар башка иштеринин баарын токтотушу керек, алар катышып жаткан башка сот жараяндары токтоп турушу керек, башкача айтканда, жактоочулар да, башка соттор да "Кемпир-Абад ишин" карап жаткан судьянын жадыбалына макул болгонго мажбур. Бул басымдан да коркунучтуу көрүнүш. Анткени, 20дан ашуун адвокаттын башка иштери токтоп турат".

Укук коргоочу Конституциядан баштап, соттор, адвокаттар жөнүндөгү мыйзамдар сакталбай жатканын кошумчалады. "Азаттык" азырынча соттун мындай чечими тууралуу расмий комментарий ала алган жок.

Тергөө абагындагы убакыт маселеси

Айыпталып жаткандардын бири, укук коргоочу Рита Карасартова “Азаттыкка” сот ишинин тездегени тууралуу пикирин билдирип, жараяндын башталганына июнда бир жыл толорун, эгер ага чейин судья өкүм чыгарып үлгүрбөсө, камакта калган сегиз жаранды үй камагына бошотууга аргасыз болорун белгилеген.

Турат Акимов
Турат Акимов

Саясат талдоочу Турат Акимов “Азаттыкка” пикир бөлүшкөндө бул ишти “мыйзам талаасынан чыгып кеткен жараян” деп сыпаттады:

“Анткени, Кылмыш процессуалдык кодексинде өзүнүн мөөнөттөрү болот. Ал мөөнөттөрдү мыйзамсыз эле узартып, аларды камакта кармап жатышат. Же алардын кылмышын далилдешпеди же анык бир фактыны көрсөтүшпөдү”.

Кайсы бир кылмышка шектүү адам тергөө абагында канча убакыт жатышы керек деген маселе 8-майда парламентте да көтөрүлгөн.

Депутат Гуля Кожокулова Кылмыш-процессуалдык кодексинин 115-беренесине ылайык кылмышка шектүү жаран бир жылдан ашык камалбашы керектигин, бул мөөнөт өткөндө судья анын бөгөт чарасын камактан башка түргө алмаштырышы зарыл экенин билдирген.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева бир жылдык мөөнөт сот жараяны жүрүп жатканда судья тарабынан узартылса болорун түшүндүргөн.

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

Мурдараак президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” комментарий бергенде, ишти кароо бир жарым жылдай созулганына айыпталуучулардын өздөрү күнөөлүү экенин айткан:

“Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, Башкы прокуратурага кайрылуу керек. Анан өздөрү дагы кичине тартипти кармап, сотко катышууларын жакшыртышы керек. Сотту созо бербеш керек”.

Ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, сот отурумдары жабык өтүүдө. Айыпталгандар муну “саясий куугунтук" деп, соттун ачык өтүшүн сурап келет. Камактагылардын жакындары да ачык сотту талап кылып бир канча жолу пикетке чыгышкан.

2023-жылы ноябрдагы Элдик курултайда президент Садыр Жапаров соттун жабык өтүшүнө "айрым айыпталуучулар четтен каражат алып келгенин, ал маалыматтар ачыкка чыкпашы үчүн жараян жабык каралып жатканын" айткан. Бул пикирге айыпталуучулар макул болгон эмес.

"Кемпир-Абад иши" менен айыпталып жаткандар:

Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Нарматова менен Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канат Исаев да кармалып, бирок ага башка берене менен айып тагылган. Ал да үй камагына чыккан.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Кемпир-Абад ишин адилет териштирүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG