Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

В.Пономарев: Баяндамада көзжаздымда калган айрым окуялар бар


Ош шаарындагы "Носталжи" кафеси, 2010-жылдын октябры
Ош шаарындагы "Носталжи" кафеси, 2010-жылдын октябры

«Мемориал» укук коргоо уюмунун Борбор Азия бөлүмүнүн жетекчиси Виталий Пономарев былтыркы июнь коогасын иликтеген Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баяндамасында июндагы жаңжалдын кээ бир урунтуу учурлары учкай сөзгө алынып, айрымдары такыр эле көз жаздымда калган» деген сын пикирин "Азаттык" үналгысы үчүн курган маегинде айтты.

- Виталий мырза, улуттук комиссия өз баяндамасында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, жергиликтүү бийлик башчыларынын айрымдарын саясий жоопкерчиликке тартууну сунуштайт. Июндагы жаңжалдагы адам курмандыктары менен моралдык-заттык кесепеттерди эске алганда мындай сунуш өтө эле «жумшак» эмеспи?

- Жаңжалга тиешеси бар тигил же бул өкмөттүк аткаминердин жоопкерчилиги бул баяндамада көрсөтүлгөндөн алда канча терең иликтениши керек. Ал эми кандай жоопкерчиликке тартуу керектигин – саясий жоопкерчиликпи же дагы жоопкерчиликтин башка түрүбү - тыкыр иликтөөдөн кийин аныктап, айтууга болот. Бул сунушталып жаткан баяндамада аталган суроо тийиштүү деңгээлде иликтенген жок.


Көмүскөдө калган окуялар

Баяндама өтө көп суроолорду пайда кылат. Маселен, анын Бакиевдердин катыштыгы тууралуу бөлүмүндө жалпыга белгилүү болгон жана интернетте тараган Максим менен Жаныш Бакиевдердин 1 барактан ашуун сөздөрү гана жазылган болчу. Улуттук комиссия иликтөөдө "ошону тастыктай турган кошумча фактыларды таптыбы?" жана чын эле Бакиевдер "телефондо айтылган планын ишке ашыруу үчүн атайын аракеттерди көрдүбү?" деген суроолорго баяндамада жооп болгон жок.

Ошондой эле көп нерселер бир гана сүйлөм менен жазылып калган.

Маселен, «Алай» мейманканасынын алдына чогулгандар кантип танкты жоокерлерден тартып алышканы, андан башка дагы курал-жарактарды тартып алуу учурлары тууралуу маалыматтар өтө аз. Бул фактылар боюнча көз карандысыз иликтөө жаңы нерселерди тапканы көрүнбөйт.

Танк баш болгон курал-жаракты тартып алууда тийешелүү мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги дээрлик айтылган эмес. Анткени ошондон кийин жаңжал жаңы нукта өнүгүп, анын кесепети өтө оор болду да.

Наримандагы окуя баяндаманын дээрлик көңүл жаздымында калып калган. Ал жерде куралдуу күчтөрдүн атайын иш-чарасы маалында өзбектер гана эмес, жергиликтүү түрктөрдүн дагы жапа чеккени баяндамада айтылган эмес.

Дагы бир факт - «Носталжи» кафесинин тегерегинде болгон окуя. Анда 20дан ашуун киши барымтага алынып, алардын көпчүлүгү аял-эркек дебей зордукталган. Кийин аларды берки тарап менен алмаштырышкан. Ошто көп кишилер бул окуяны билсе дагы, менин баамымда, соңку кезге чейин прокуратура ал боюнча иш козгогон эмес.


Баяндама коомчулук колуна тийсе...

- Кандай болгон күндө дагы жарыяланган баяндама Кыргызстан коомчулугу жана эл аралык коомчулук үчүн кайсы бир деңгээлде июнь жаңжалы тууралуу жооп берди деп ойлойсузбу?

- Эң алды менен жарыяланган баяндама мамлекеттин буга чейин айтылбай келген расмий көз карашын билдирет. Ушуга чейин эч бир жерде расмий өкүлдөр окуянын жүрүшү, анын кайсы бир өтө урунттуу учурлар тууралуу расмий мамилесин жарыяланып, айтышкан эмес.

Ошондой эле жаңжалдын келип чыгышы, анын кесепеттерин аныктоо жана сунуштар жөнүндө айтыла элек болчу да. Жаңжал маалында, андан кийин жана ал тургай бүгүнкүгө чейин Кыргызстан Ички иштер министрлигинин расмий хроникасы эч бир жерде жарыкка чыккан эмес. Жарыяланган баяндама эми мындан аркы талкуу, талаш-тартышка башат болчу расмий документ. Эми мындан ары ушул баяндамага шилтеме берип, сындап, талкуулай берүүгө болот.
Укук коргоочу Виталий Пономарев ("Мемориал" уюму) маалымат жыйынында. Бишкек, Кыргызстан. 2007-жылдын 21-ноябры. "Азаттык" үналгысы.


Буга чейин жаңжалды иликтегендер, ар кыл комиссиялык топтор расмий маалыматты алууда көп тоскоолдуктарга кабылган, көп маалыматка колдору жеткен дагы эмес.

Алар кыргыз бийлигинин расмий аткаминерлери менен оозеки гана сүйлөшүп, түрдүү маалыматтарды алышты. Ал маалыматтардын чын-калпына эч ким кепилдик бербейт. Айтылган маалыматтарды тастыктоочу даректүү кагаздарды иликтөөчүлөргө эч ким көрсөтө алган эмес.

Улуттук комиссиянын бул баяндамасы жарыкка чыгып, кеңири коомчулукка жетет деп ишенем. Буга чейинки 2010-жылкы Апрель окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыктоочу баяндамасындай болуп, коомчулук өкүлдөрү оозеки сыпаттама сөз менен чектелип, ал эми баяндаманын өзүн кайсы бир тарапка берүү менен чектелип, аракетсиз отуруп калышпайт го деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG