Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Анкара Косоводон өз шектүүлөрүн алып кетти


Приштина. Косоводогу Мехмед Акиф колледжинин студенттери өз окутуучуларынын камакка алынып, депортацияланышына каршы нааразылык акциясында. 29-март, 2018-жыл.
Приштина. Косоводогу Мехмед Акиф колледжинин студенттери өз окутуучуларынын камакка алынып, депортацияланышына каршы нааразылык акциясында. 29-март, 2018-жыл.

Косовонун өкмөт башчысы ички иштер министри менен чалгын агенттигинин башчысын кызматтан алды. Буга алты түрк жаранынын Түркияга экстрадицияланышы себеп болду. Премьер-министр Рамуш Харадинаж алардын Анкарага өткөрүлүп берилип жатканынан кабары болбогонун айтууда.

Түркия Балкан өлкөлөрүнөн 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине байланыштуу айыпталган, Гүлен кыймылынын мүчөлөрү экени сөз болгон адамдарды өткөрүп алуу аракеттерин улантууда.

Түрк жарандарынын чыгарылышы жана отставка

Ушул жумада Косоводо алты түрк жараны кармалып, алар Түркияга өткөрүлүп берилди.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Косоводо камалган алты адамды 29-мартта алып келүү үчүн Түркиянын чалгын кызматы (MIT) жеке менчик учакты колдонду.

Косовонун Ички иштер министрлиги ага чейин себебин көрсөтпөстөн эле алты түрк жаранынын убактылуу жашоого укук берген документтерин жокко чыгарган. Бул окуя өлкөдө саясий чыңалуу жаратып, 30-мартта ички иштер министри жана чалгын агенттигинин башчысын кызматтан алынганы белгилүү болду.

Рамуш Харадинаж.
Рамуш Харадинаж.

- Бардык иш-аракеттер, анын ичинде убактылуу жашоого укук берген документтерди жокко чыгаруу, кармоо, шашылыш депортация кылуу жана тымызын өлкөдөн чыгарып жиберүү мага айтылбастан жана менин уруксатымсыз жасалган, - деп билдирди өкмөт башчы Рамуш Харадинай 30-марттагы билдирүүсүндө.

Алты түрк жаранынын кармалып, Түркияга өткөрүлүп берилишине байланыштуу Косовонун борбору Приштинада 29-мартта студенттер да нааразылык акциясын өткөрүштү. Камакка алынган түрк жарандары иштеп келген “Мехмет Акиф” колледжинин кызматкери Назим Улустун оюнда, Түркиянын бийлиги өкмөткө кысым көргөзүүдө:

- Биздин беш кызматкер: башкы директор, анын эки орун басары, дагы эки мугалим камакка алынды. Ошондой эле бизде окуган дагы бир кыздын атасы кармалган. Биздин оюбузча, алардын кармалышына Түркиядагы Эрдогандын режими өкмөткө кысым көрсөткөнү себеп болду.

Нааразылык акциясындагы студенттер.
Нааразылык акциясындагы студенттер.

Косовонун Адам укуктары боюнча кеңеши да кечээ өлкөнүн бийлигин “Эрдогандын саясий каршылаштарын” Анкарага өткөрүп бербөөгө чакырган эле.

Түркия - 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косовонун башкы өнөктөштөрүнүн бири. Анын жападан жалгыз аба бекеттер тармагын жана электр энергия системасын түрк фирмалары башкарат. Ошондой эле Түркия бул өлкөдө баасы эки миллиард доллар болгон эки жол да салып жатат.

Түркиянын ыраазычылыгы жана талабы

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Балкандагы дагы бир өлкө - Босния жана Герцоговинанын өкмөт башчысы менен 29-мартта Сараеводо жолукканда да Гүлендин жактоочуларына каршы чара көрүү маселесин көтөрдү:

Бинали Йылдырым.
Бинали Йылдырым.

- Биздин өлкө 2016-жылдын 15-июлунда чыккынчылыкты көрсөткөн төңкөрүш окуясына туш келди. Түркия менен байланыштагы Босния өкмөтү ФЕТО террордук уюмунун коркунучуна өтө тез жооп кайтарып, аларга каршы турду. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Түркиянын атынан премьер-министрге жана Босния элине ыраазычылык билдирем. Мамлекеттик төңкөрүш аракетине жооптуу адамдарга Түркияда мыйзамдык чара көрүлүүдө. Бирок бул уюмдун тарапкерлери дүйнөгө тарап кеткен, 160 мамлекетте бар, алар Боснияда да жүргөнү шексиз. Мен алардын таасирин токтотуу үчүн Босния бийликтеринин өзгөчө билим берүү мекемелеринде жана жумуш орундарында жасап жаткан аракеттерине ыраазычылык билдирем. Биз алар өз ишмердигин ар кандай ат менен жүргүзүп жатканын билебиз жана Босния бийлиги ага каршы чараларды көрөт деп ишенебиз.

Эл аралык уюмдардын ою

2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийинки Анкаранын укуктук чараларын эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери катуу сындап жүрүшөт. 20-мартта БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги жыйынында Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын расмий өкүлү Равина Шамдасани өзгөчө абал учурунда Түркияда канча киши абакка түшкөнүн эске салган:

Равина Шамдасани.
Равина Шамдасани.

- Өзгөчө абал тартиби кирген он сегиз ай ичинде 160 миңдей киши камалды. 152 миңдей жарандык кызматкер ишинен бошотулду. Алардын көбү - мугалимдер, соттор, адвокаттар - иштен негизсиз эле алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Журналисттер камалып, массалык маалымат каражаттары жабылды, интернет-сайттарга бөгөт коюлду. Түркияда жарыяланган өзгөчө абал өтө көп адамдардын укуктарын одоно жана негизсиз чектеш үчүн колдонулганы анык.

Түркияда өзгөчө абал режими азыр да сакталуу.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деп АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөп келет. Анкара бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде Балкан мамлекеттерин да ага таандык уюмдарды жаап, жактоочуларын өткөрүп берүүгө чакырган. Гүлен болсо өзүнө коюлган дооматтарды көп жолу четке каккан болчу.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG