Шаршембиде ондогон адамдар Стамбулдагы сот имаратынын сыртына чогулуп, “Укук коргоочуларды бошоткула” деген жазууну кармап турушту.
Сот жообуна тартылып жаткан активисттердин арасында Эл аралык мунапыс уюмунун Түркиядагы кеңесесинин жетекчиси, ошондой эле Германия жана Швеция жарандары бар. Аларга «куралдуу террордук топко» мүчө болгон деген айып тагылган жана 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эл аралык мунапыс уюмунун Европа боюнча директору Жон Далхусен "кандайдыр бир логика, адилеттик болсо 10 киши сот залынан бошонуп чыгышы керек" деген пикирде. 10 укук коргоочунун үстүнөн башталган сотто "чындыгында Түркиянын азыркы сот системасы менен бийликтеринин иши таразага коюлууда" - деди Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлү.
Соттолуп жаткандар үстүбүздөгү жылдын июль айында Стамбулдун сыртындагы аралда санариптик коопсуздук боюнча өткөрүлгөн семинарга катышкан соң кармалган.
Бул окуядан кийин Түркия президент Режеп Тайып Эрдогандын тушунда авторитаризмге ыктап баратат деген кооптонуу күчөдү. Эрдоган болсо мындай чаралар өлкөдө коопсуздукту камсыздоонун зарыл чарасы экенин айткан.
Эл аралык мунапыс уюмунун Германиядагы кеңсесинин директору Маркус Бэко укук коргоочуларга тагылган "абсурдга айланган айыптоолордон кийин башталган сот аларды акташы керектигин" баса белгиледи. "Бирок Түркиянын сот системасы кимге кызмат кылып жатканын көрүп жатабыз” деди Маркус Бэко.
Былтыр жайында мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калгандан бери өлкөдө чукул кырдаал киргизилген. Түрк бийликтери 50 миңдей кишини камакка алып, 150 миңдей кишини иштен бошоткон. Алардын арасында шаршембиде сот ишин карай баштаган "Эмнести интернешнл" уюмунун Түркиядагы директору Идил Эсар, Германиянын жараны Петер Штойднер жана Швециянын жараны Али Гарави бар.
Түрк бийликтери АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүленди өткөн жылкы ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында турап деп айыптайт. Гүлен болсо Анкаранын айыптоосун четке кагат.
Лондондо жайгашкан Эл аралык Мунапыс уюму активисттер "адам укуктарына ишенгендиги үчүн кармалганын, башка себеп жоктугун" билдирип, аларды бошотууга үндөдү. Бул уюмдун быйылкы баяндамасында жалпы эле дүйнөдө адам укуктары коркунучта экенине басым жасалган.