Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Экс-мэрдин паспорт чыры создукту


Кубанычбек Кулматов. 21-май, 2018-жыл.
Кубанычбек Кулматов. 21-май, 2018-жыл.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча соттук отурумду Биринчи Май райондук соту экинчи ирет жылдырып, 16-октябрга белгиледи. Мындай чечимди ишти карап жаткан райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев 9-октябрда кабыл алды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаменти Кубанычбек Кулматовдун ID жана жалпы жарандык паспортун жараксыз деп табуу боюнча райондук сотко август айында кайрылган.

Аталган мекеме Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы аныкталганын жарыялаган. Муну анын жактоочулары жүйөсүз каралоо катары баалап келет.

Сотко келген адвокат Сергей Слесарев "ушундай негизсиз арызды кабыл алды" деп сотко нааразы болду:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Кубанычбек Кулматовдун тек-жайын тастыктоочу паспортту мамлекет жасап, аны Кулматовго колдонууга берген. Ал жарандыктан чыккан эмес жана жарандыгын алмаштырган да эмес. Мындай документтер Мамлекеттик каттоо кызматында да жок. Андыктан бул доо арызды сот кабыл албашы керек эле.

Мамлекеттик каттоо кызматынын сотко арызданышына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) июль айында Мамкаттоого кайрылуусу негиз болгон.

Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны экенин тастыктаган паспортту жоготконуна байланыштуу Орусиянын паспортун алган. Бул паспортту 2008-жылы, 45 жашка чыкканда жаңы үлгүдөгү документке алмаштырган. Ал учурда Кубанычбек Кулматов Кыргызстанда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турган.

Анткен менен Кубанычбек Кулматовдун коомдук жактоочусу Токтайым Үмөталиева Кулматовго паспортуна байланыштуу доо коюп жаткан тараптар өздөрү мыйзам алдында жооп бериши керек деп эсептейт:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

- «Кыргызстандан берилген паспорт жараксыз, бирок Кулматовдо Орусиянын жарандык паспорту бар» деп жатышат. "Кыргыз паспортун мыйзамсыз деп тапкандан кийин ал кайсы өлкөнүн жараны болот?" деген суроо чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматы өзү берген документти жараксыз деп кабыл ала албайт. Эгер берилген документ мыйзамсыз же жараксыз болсо Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү да жоопкерчиликтүү болот.

Токтайым Үмөталиеванын баамында, Кубанычбек Кулматовду ушул жол аркылуу жарандыктан ажыратууга кызыккандар бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Насиба Калдыбаева жарандыктан чыгаруу маселеси күн тартибинде дегеле жок экенин билдирди:

- Бир гана паспортун жараксыз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Болгону ушул гана. Жарандыгы тууралуу эч кандай маселе көтөрүлгөн жок.

Саясат талдоочу Марс Сариев "Кулматов жарандык укуктан ажыратылат" деген жактоочулардын кооптонуусунда жүйө бар деп ойлойт:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Алмазбек Атамбаевдин убагында Кубанычбек Кулматов Москвадан чоң колдоо таап, ошол кездеги бийликтин мураскери катары сезилип жаткан. Ошондуктан Кыргызстандын ички саясатына Кулматовдун таасири күчтүү. Эгер анын жарандыгын алып салса, Москвага кетип калышы ыктымал. Мына ушундай жол менен ымалага келүүнү каалап жатышат.

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматына эки ирет төрага, Чүй облусуна губернатор, Бишкектин мэри болуп иштеп, андан кийин Улуттук банкты, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген.

Биринчи Май райондук соту.
Биринчи Май райондук соту.

​Башкы прокуратура Кулматовго "2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар" деп Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып таккан.

Кийин Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин ("Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу", "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") негизинде экинчи кылмыш иши козголгон.

Кубанычбек Кулматов быйыл 5-июндан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон Кулматовдун тарапташтары коюлган айыптарды «саясий куугунтук» катары баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG