Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

КСДПнын кыжалат билдирүүсү


"Ала-Арча" резиденциясы. 24-ноябрь, 2017-жыл.
"Ала-Арча" резиденциясы. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) азыркы бийликти сындаган билдирүү таратты. Анда Атамбаевди каралоо үчүн "күзүндө төңкөрүш уюштурушу мүмкүн" деген жалган имиштер таратылып жатканы, социал-демократтардын андай максаты жок экени айтылган.

КСДПнын түкшөмөл жараткан билдирүүсү Кыргызстанда кызыган күзгү саясий сезон алдында таратылды. Билдирүүдө акыркы кезде "Алмазбек Атамбаев күзүндө төңкөрүш жасайт экен" деген жалган маалыматтар кеңири жайылып, экс-президентти жаманатты кылуу аракети жүрүп жатканы айтылат.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Атамбаевдин мыйзамсыз жол менен бийликти басып алуу ниети жок жана андайга барбайт. Ал бийлик органдары жалган маалыматтарга чара көрбөй, тескерисинче ага кызыкчылыгы болуп жатканын кошумчалады:

- Абалдын чоо-жайына түшүндүрмө сурап бизге кайрылган адамдар көп болуп жатат. Анткени Атамбаев тарабынан даярдалып, ал тургай каржыланып аткан коомдук башаламандык жана мамлекеттик төңкөрүш туурасындагы карандай калп имиштер акыркы айларда максаттуу түрдө жарыяланып жатат. Тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылдыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам, мында бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыкчылыгы бардай таасир калтырат. Мунун баарына бийлик түзүмдөрүнүн унчукпай турганы бизди ушул кайрылууну жасоого аргасыз кылууда. Аталган имиштер менен ушак-айыңдар логикадан да, кадыресе акыл-эстен да таптакыр куржалак экени ачык көрүнүп турат.

КСДП ошондой эле өз билдирүүсүндө азыркы бийликтин саясатын, кадрлардын дайындалышын сынга алып, "экономикалык өсүш болбой, саясий оппоненттер куугунтукталып жатканын" билдирип, эл ичинде нааразылык жаралып жатканын жазган.

- Бул адамдар баарын "оору баштан соо башка оодара салганга" умтулбай, имиштерди таратуунун ордуна элдин биримдигин чындоо жана экономиканы көтөрүү сыяктуу реалдуу иштер менен алектенсе болмок. Анын үстүнө, акыркы айларда аталган эки багытта тең кооптуу белгилер байкалууда, - деди Жолдубаева.

24-ноябрь, 2017-жыл.
24-ноябрь, 2017-жыл.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кеңсеси мурдагы өнөктөшү КСДП тараткан билдирүүгө расмий жооп кайтарбай турганын кабарлады. Бирок коомчулукта бул билдирүү саясий айдыңда Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси жана анын өлкөдөгү кырдаалга тийгизчү таасири тууралуу талкууларга жем таштады. "Чынында эле экс-президент төңкөрүш кылгыдай жагдай барбы жана ал маалымат каражаттарында айтылып жатабы?" деген собол да ортого коюлду.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн бийликке каршы чыкчудай кырдаал жок деп эсептейт. Депутаттын пикиринде, акыркы билдирүү таратуу менен Алмазбек Атамбаев өзүнө көңүл бурдуруп, актанууга аракет кылууда:

- Бул Атамбаевдин тегерегиндегилердин актануусу. Бүгүн Атамбаевдин элди артынан ээрчите турган деле алы жок. Ал өзү башкарып турган учурда бир топ кемчиликтери менен төңкөрүш болчудай абал түзгөн. Кадрдык башаламандыкты, коррупцияны апогейине жеткирип, эми "мен оппозиция катары сын айтам" дегени туура эмес. Бүгүн кандай кыйынчылык болсо, ал Атамбаев талкалап кеткен урандыны калыбына келтире албай кыйналып жатат. Ал эми бүгүн төңкөрүш болчудай эч шарт, абал жок.

Ал эми саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиевдин айтымында, маалымат каражаттарында Атамбаевдин саясаттагы аракеттеринин жанданышы боюнча сөздөр айтыла калып жүрөт. Молдалиев экс-президенттин командасы билдирүү таратуу менен коомчулуктун көңүлүн бийликтин кемчиликтерине бурууга аракет кылып жатат деп божомолдойт:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

- Мындай имиш сөздөр көп эле болот. Эми ушуга шылтоолоп туруп, "экономика өспөй атат, эл нааразы" дегенди маалыматтык чөйрөгө таштап коюуну туура көрүштү. Муну технологдор жакшы пайдаланышты. Эгер бир нерсе болсо, "эл өзү эле чыкмак турбайбы, Алмазбек Атамбаевдин деле катышы жок экен" деген пикирди жараткысы келип жатышат окшойт. Бирок Атамбаев андан эмне табат? Ал экинчи жолу президент боло албайт, аны бүгүн эл деле ээрчибейт. Акыркы окуялардан соң анын популярдуулугу төмөндөбөдүбү.

КСДПнын билдирүүсү көбүнесе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын позициясын чагылдырары айтылууда. Себеби, Социал-демократиялык партиянын ичинде түшүнүксүз кырдаал түзүлгөн. Быйыл 31-мартта Алмазбек Атамбаев партиянын расмий лидерлигине өткөндөн тартып азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрдү утур-утур таратып жүрөт. Бул экс-президенттин үзөңгүлөштөрү, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэрлери Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов камалганда ачык көрүнгөн.

Ошол эле учурда социал-демократтардын Жогорку Кеңештеги фракциясынын көпчүлүк мүчөлөрү учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун таламын коргойт. Анын үстүнө өзүн КСДПнын мүчөлөрү деп атаган адамдардын тобу акыркы айда Чүйдүн Москва, Панфилов райондорунда жыйын өткөрүп, "КСДП Атамбаевсиз" деген резолюция кабыл алган. Алардын айрымдарына КСДПнын жетекчилиги жооп кайтарып, андай жыйындарды уюштурган адамдар партиянын мүчөсү эмес экенин билдирген. 28-августта мындай жыйын Токтогулда өткөнү белгилүү болду.

Бир катар эксперттердин баамында, акыркы билдирүү мурда эң жакын пикирлеш жана өнөктөш катары мүнөздөлүп келген мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы пикир келишпестик күчөп баратканын көрсөтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG