Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Сапар Исаковдун УКМКга каршы арызы


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Абактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратурага арызданды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү опузалап, адвокаты Нурбек Токтакунов менен кызматташуудан баш тартууга мажбурлап жатканын айткан. Азырынча Башкы прокуратура мурдагы премьердин кайрылуусуна жооп кайтара элек. Бирок буга чейин УКМК Исаковдун айткандарын четке кагып, “жеңил пиар” катары баалаган.

Өткөн айда адвокат Нурбек Токтакунов айтып чыккан тергөө абагындагы кысымды мурдагы премьер-министр Сапар Исаков коомчулукка дагы эскертти. Ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранды.

Исаковдун кайрылуусу 6-августта башкы прокурорго жөнөтүлгөнүн мурдагы премьер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" айтып берди:

- Сапар Исаков УКМКнын кызматкерлери аны опузалаган фактыны текшерүүнү суранды. Мындан бир нече жума мурда Исаковду "жактоочу Нурбек Токтакуновдун кызматынан баш тарт, болбосо дагы бир кылмыш ишин козгойбуз" деп УКМКнын Илим аттуу кызматкери коркуткан. Бул факт тууралуу ал ошондо эле адвокат аркылуу коомчулукка кабарлаган. Эң кызыгы - бул иштин баары адвокаттын катышуусу жок болуп жатат. Мыйзам боюнча адвокатсыз эч кандай тергөө иштери жүрбөш керек эле. Исаков ушул фактыны текшерип берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды.

Башкы прокуратура Сапар Исаковдун кайрылуусу келип түшкөнүн жана ал жалпы тартипте караларын "Азаттыкка" кабарлады.

Негизи абактагы Исаковду опузалоо аракеттери болуп жатканы тууралуу өткөн айда анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыккан. Адвокаттын пикиринде, атайын кызматка анын тергөө тууралуу коомчулукка ачык маалыматты бөлүшкөнү жакпай жатат. Токтакунов тергөөчүлөр Сапар Исаковду аны менен кызматташуудан баш тарттырууга аракеттер болуп жатат деген божомолу менен бөлүштү:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Анткени мен эл алдында ачык, түшүндүрмөлөр менен жарыялап жатпаймынбы. Кандай кыймыл-аракеттер болуп, кайсы мыйзамдар бузулуп жатканы тууралуу тынымсыз маалымат берип жатам. Демек, УКМК дал ушундай ачыктыкты жактырбайт. Алар мурда деле канчалаган адамдарды "коррупцияга каршы күрөш" деп камап, бирок коомчулукка толук маалымат бербей коюшчу.

Токтакунов опузалоо аракети боюнча айтып чыккан маалда УКМК ал маалыматты төгүнгө чыгарган. Комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай аракетти "кезектеги жеңил пиар" катары сыпаттаган:

- Бардык тергөө иш-чаралары Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жүрүп жатат. Ал эми адвокат Токтакуновдун билдирүүсү карандай калп. Ошондуктан Токтакуновдун бул билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар аракети катары баалайбыз.

Сапар Исаковдун кызыкчылыгын сотто үч адвокат коргоп жатат. Анын экөө, Учкун Каримов менен Нурлан Жээналиев - мурдагы прокуратура кызматкерлери. Ал эми үчүнчүсү - "Прецедент" юридикалык мекемесинин директору, укук коргоочу Нурбек Токтакунов Исаковдун иши тууралуу маалымат каражаттарына жана социалдык тармактарга тынымсыз маалымат берип жүрөт.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова дал ушул себепке байланыштуу тергөө Токтакуновго каршы чыгышы мүмкүн экенин четке какпайт:

- Эгерде Исаковго мындай басым болсо - ал мыйзамсыз. Бул эми идеалдуу жагынан караганда. Бирок иш жүзүндө тергөөчүлөрдүн өз ыкмалары бар экенин жана аны колдонорун баарыбыз билебиз. "Эмне үчүн Токтакунов?" дегенде - ал тергөө тууралуу ачык маалыматтарды чыгарып жатпайбы. Негизи эле акыркы учурда саясатчылар дал ушундай милдетти аркалаган адвокаттардын кызматынан пайдаланып жатышат. Мындай көрүнүш Текебаевдин ишинде да болгон.

Ошол эле учурда Сапар Исаковдун акыркы билдирүүсүн күмөн саноо менен кабыл алып, ага ишенбегендер да бар. Маселен, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Исаков өзү түзгөн системанын курмандыгы болду деген пикирде:

- Түрмөдө жаткан учурда ага кысым, ыдык көрсөтүүгө каршымын. Бирок мен Сапар Исаковду да, Нурбек Токтакуновду да жакшы билем. Экөө тең пиарды жакшы көрөт. Ошондуктан "коомчулуктун көңүлүн буралы" деп жатабы деген ой кетет. Экинчиден, Атамбаев менен чогуу жүрүп, ушул системаны түзгөндөрдүн бири Сапар өзү болуп жатпайбы.

41 жаштагы Сапар Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болчу. Ал буга чейин президенттик аппараттын жетекчиси, былтыр август айынан быйыл апрелге чейин өлкөнүн өкмөт башчысы болуп эмгектенди. Экс-президент Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулган соң Исаков башкарган өкмөттү парламент ишеним көрсөтпөө аркылуу кызматтан кетирген.

Мындан көп өтпөй Исаков Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 5-июнда камакка алынган эле.

31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, аны камакта кармоо мөөнөтүн 5-октябрга чейин узартты.

Сот Сапар Исаковду камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG