Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Түркиядан баар тапкысы келгендер...


Бир катар себептерден улам Түркияда соңку учурда кыргыз мигранттарына суроо-талап азайды. Бирок ага карабай өз алдынча тааныш-билиштери аркылуу, же ар кандай фирмалардын көмөгү менен кетип жаткандардын агымы басаңдай элек.

Мунун айынан жумуш таба албай, тапкан-ташыганы өзүнөн ашпай, кыйналып түйшүккө кабылгандар, айрым учурда мекендештерине алданып калгандар да арбын.

Айгерим Түркияга иштөө үчүн былтыр биринчи жолу барган. Курбусунан угуп алып эле, тил үйрөнбөстөн жана башка шарт-талабына карабастан эле жөнөп кеткен экен:

- Түркияга иштегени биринчи жолу 2015-жылдын сентябрь айында келгем. Бир 80ден ашкан кемпирдин жанында шерик болгом, эми аны карагам десем болот, бирок ал өзү баскан-турганы тың, атүгүл машина да айдаган кемпир эле. Ал жалгыз жашачу, кайда барса да мени ээрчитип алчу. Анан үч ай өткөндөн кийин кириш-чыгыш кылыш үчүн, виза алыш үчүн Кыргызстанга кеттим. Кыргызстанда төрт ай жүргөндөн кийин кайра келдим. Азыр эми башка жерде үй кызматчысы болуп иштеп жатам. Негизи Түркияга курбу кызым аркылуу эле келгем. Ал бир жылдан бери иштеп жаткан. Ал мага жумушту фирма аркылуу таап берген. Ал эми азыркы жумушумду андан мурун иштеп кеткен кожоюндарым аркылуу таптым.

Түркияга алып келген насыя...

Кыргызстандык кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү Түркияда бала, карыган кемпир-чалды бакканы, үй кызматын кылганы барат. Өлкөнүн алыскы облустарынын биринин тургуну, үч баланын энеси Жамал насыясын төлөш үчүн Түркияга иштегени келген.

- Башында жаңы келгенде түрк тилин билбей бир топ эле кыйналгам. Азыр аз-маз түрк тилин билем, тамактарын жасаганды билем. Азыр баштагыдай деле кыйынчылык жок. Жаңы келгендер бир ай иштегенден кийин көнө албай кыйналат, жумуш кыйын экен деп кетип калгандар да болот. Мен деле ошондой болгом. Бир ай иштегенден кийин бир айлык акыңды толугу менен сага иш таап берген фирмага төлөп бересиң. Жаныңда бир тыйының жок калат. "Дагы бир ай иштеп кеткенге акча табайын" деп, дагы бир ай каласың, анан бара-бара көнүп, ушунча келгенден кийин иштейин деп аргасыз калып каласың. Мага биринчи иштеп жаткан кожоюндарым виза ачканга жардам берген. Иштегениме алты ай болгондо Кыргызстанга барып, балдарымды көрүп келдим. Кайра келгенден кийин кожойкем экөөбүз келишпей калып, алардыкынан кетип калдым. Ал болсо визаңды жаптырам деп коркутту, бирок фирмадагылар жаптыра албайт деп жатышат. Бирок визамды жаптырдыбы, же жокпу билбейм... Азыр башка жерде бир кемпирди багып жатам. Бул жакта иштеп жүргөндөрдүн көпчүлүгү эле алган насыясын төлөй албай келген. Менин дагы насыям бар. Насыям болбосо Кыргызстанда тигүү цехтеринин биринде эле иштей берет элем.

Жамал жашап иштеп жаткан Түркиянын алыскы шаарларынын биринде кыргызстандык жарандар көп. Анын айтымында, мекендештер арасында бири-бирин алдап кеткен, ар нерсени айтып коркуткан да учурлар да болот.

Биз "Түркияда жумуш таап беребиз" деген Бишкектеги бир катары фирмалар менен байланыштык. Дээрлик баары “Азаттыктан” чалып жатканыбызды билген соң жооп берүүдөн баш тартышты. "Жакын тууганыбызды Түркияга жумушка орноштуруу зарыл" деген сунуш менен чалганда ошондой агенттиктердин биринин өкүлү жумушка орношууда баары кынтыксыз болот деп ишендирди:

- Паспорту менен жанына жок дегенде 50 доллардай акча салып алып келсе, биз ага бул жактан жумуш таап берип, жумушка киргизебиз. Иш тапкыча жаткан жери, тамак-ашы болот. Эгер иштен чыгып калса, башка жумуш таап берип, бир-эки жыл көнүп, орун-очок алгыча каралашабыз. Биз көрсөткөн кызматыбыз үчүн анын бир айлык акчасын алабыз, башка акча албайбыз. Биз негизи үй жумуштарын таап беребиз. Мейманканаларда иштейбиз дегендер болот, бирок ал көбүнчө утурумдук гана жумуш болот. Айлыгы да аз. Жакшы үй-бүлөгө туш келип калгандарга кожоюндары виза жасатып берет, жакшы каралашат.

Алдаган, алданган кыргыздар...

Шерик Акимов Түркиядагы кыргыз ишкери. Анын айтымында, иштейм деп келип кыйналгандар, түйшүккө кабылгандар арбын. Ал кыргыз өкмөтү Түркияга ишке чакырган фирмаларды кылдат текшерип, көзөмөлгө алышы керек дейт:

- Мен жакында эле Кыргызстанга барып келдим. Түркияда жумуш таап беребиз деген жарнамалар көбөйүптүр. Бирок бул жакта кучак жайып, иш камдап турган деле эч ким жок. Алып келип алып адам жашабаган жайларда жашатып, башка жаман жолго кирип алган, өзүбүздүкүлөр эле бири-бирин алдап, коркутуп, менин акчамды уурдап алдың деп күнөөлөгөндөр да болуп жатат. Бул жакта аларга иш берейин деп эле күтүп отурган адамдар жок. Кыял менен келип алып, шаабайы сууп калгандар көп. Эгер турист катары келсең өлкөнүн кооздугун, кереметин көрсөң болот, иштейм деп келсең түйшүккө батасың да. Жатаканасы, иштей турган иши жок, карызга акча алып, эптеп эле келип алып кыйналгандар көп.

Түркияга жумушка чакыруу азайды

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызмат 2014-жылдан бери кыргыз жарандарын Түркияга убактылуу жумуштарга жөнөтүп келет. Кызматтын өкүлү Алмаз Алымбековдун бышыктышынча, быйыл суроо-талап кыйла азайды:

- Кыргызстанда жалпысынан чет мамлекеттен иш таап берүү менен алектенген 36 жеке фирма бар. Анын 70% Түркиядан биздин жарандарга жумуш таап берүүгө көмөк көрсөтөт. Биздин борбор дагы 2014-жылдан бери Түркияга жарандарды жөнөтүп жатат. “Тайга” деген түркиялык өнөктөшүбүз бар. Бизде азыр 300дөн ашык адам каттоодо турат. Эки тараптуу келишимдин негизинде былтыр биз 78 адамды убактылуу жумуштарга жөнөткөнбүз. Ал эми быйыл болсо суроо-талап өтө эле аз болуп жатат. Сезон башталып калганына карабай, бизге азыр 10 эле адамга чакыруу келди. Болжолдуу эсеп боюнча биздин беш миңдей жараныбыз азыр Түркияда иштеп жүрөт.

Ошентсе да ушул тушта канча кыргызстандык жаран Түркияда иштеп жүргөнү тууралуу так маалымат жок. Түркияга учак күндө бир канча жолу каттайт жана анда сөзсүз иш издеп бараткан ондогон адам болот.

XS
SM
MD
LG