Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

"Бузулган" адамдын кең пейилдиги


"Түнкү кырсык" тасмасынан тартылган сүрөт.
"Түнкү кырсык" тасмасынан тартылган сүрөт.

Режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" аттуу жаңы тасмасы Прагада жабык көргөзүлдү. Эл аралык кинофестивалдарда жылуу пикирге арзыган тасма тууралуу Венера Сагындык кызы ой бөлүшөт.

Кинонун аталышы айтып тургандай, айттырбай келчү бир түнкү кырсык эки бейтааныш, жай мезгилде кокустан кездешип калса бири-бирине жүз бурбай тескери карап кете турган эки башка адамды ичиндеги топтолгон мээрими менен керектелбей калган адамгерчилик сапаттарын сууруп алып чыгууга мажбур кылган учур баяндалат.

Темир Бирназаровдун жаңы тасмасы Прагада кыргыз коомчулугуна көргөзүлдү
Темир Бирназаровдун жаңы тасмасы Прагада кыргыз коомчулугуна көргөзүлдү

Көчөдөн биз бети-башы, кийими жүдөө, балким бир аз сеп этип алып алагүү абалда бараткан адамды көрсөк анын ичинде кандай сезимдер, а балким терең кусалык, жалгыздык, мээрим, боорукердик күргүштөп жатканын ойлонобузбу? Жок, адатта азыркы заманда андай адамдан, дегеле чочун кишиден бир аз болсо да чочулап, ишене бербей корунуп жериген мүнөзгө өткөнбүз. Ага адамдардын көбүнчө начар сапаттарын, агрессия менен айбандык иштерге барган абалын чагылдырган ушул эле киноиндустриянын да салымы чоң.

"Түнкү кырсык" тасмасынын каарманы, орто жаштан эбак өйдөлөп калган замандашыбыз Тенти тагдырдын оош-кыйышынан оожалып, үй-бүлөсү талкаланып оокаты жүрүшпөй, өзүнөн кичүү балдарды ээрчитип алып бирде көр казса, бирде даараткана казган жашоосунан улам өз канынан жаралган балдары жерип, өгөйлөп калган акыбалда күн кечирип келет. Ага тегерегиндеги адамдардын көбү жылуу-жумшак, сый-урмат менен мамиле кылуудан ашкере сараң болгондуктан, ал өзү да кимге болсо да орой сүйлөп, опуза кылган адатты таап алган. Дин, ыйман тууралуу оозангандарды "Баягыңды дагы баштадыңбы?!" деп зекигенге даяр.

Бирок анын ичиндеги терең кусалык, ыза, көп жылдардан берки бугу басып калган сезимдеринин түпкүрүндөгү табигый боорукердиги, айкөлдүгү, жоомарттыгы, кең пейилдиги так ушул балээ баскан түнкү кырсыктын кесепетинен улам керектелип отурбайбы.

Тентинин жашоодогу эрмеги - табияттын кооздугу жана аккордеону
Тентинин жашоодогу эрмеги - табияттын кооздугу жана аккордеону

Ал үчүн ага таптакыр бейтааныш, анын мурункусун, башынан өткөндөрүн, турмушта далай жыгылып сынганын, анын айынан жапайы жырткычтай жанындагыларга шектенүү менен карап калганын, эч кимге ишенбей өз жакындарына да ташбоор, кайдыгер адамга айланганын билбеген адам керек болчу. Ошондой адам, болгондо да келбети келишкен сулуу, өзү да жашоонун буркан-шаркан дайрасында агып келатып, катуу жапа чеккен жаш келин образында кездешип отурбайбы.

Тенти баарына ыраазы. Ал эмне себептен жапжаш келин түнкүсүн ээн жолдо жалгыз кетип баратып кырсыкка кабылганы, кандай тагдырдан улам ичине баарын катып, нес болгон адамдай эки-үч күндө бир сөз айтканга араң жараганына деле кызыкпайт.

Эки чочун адамдын эртеңкиси кандай болор экен?
Эки чочун адамдын эртеңкиси кандай болор экен?

Бул окуя биздин турмуштан алынган аллегория. Чочун адамды кой, жаныбызда жашагандар да бири-бирибизге жакшылап көңүл буруп, сырдашып, чер жазыша сүйлөшкөнгө убакыт таппаган кыйсыпыр заманда жашап жатабыз.

Темир Бирназаров салтка айланган стилинен жазбай, окуяны көрөрмандын ички сезимдерин улам бир электен өткөргөн психологиялык мелодрама жанрында шашпай баяндайт. Дал ошондуктан кинону көрүп жатканда сиз ошол каармандар арасында жашап, алардын сезимдерин кошо жүрөктөн өткөрүп аткандай абалда болосуз. Ойлонгонго, бирөөнүн сезимдерин кошо баштан өткөргөнгө, унчукпай нес абалга жакындаганга даяр болбосоңуз, анда бул тасма сиз үчүн тартылган эмес. Чындап ойлонуп, көчөдө күн сайын кездешчү ондогон таптакыр чочун, тагдыры ар башка адамдарга кайра жаңы көздөр менен карап, тереңирээк байкоо салганды үйрөнгүңүз келсе, "Түнкү кырсыкты" сөзсүз көрүп коюңуз.

Бекеринен бул тасма жана башкы каарман Тентини аткарган таланттуу актер Акылбек Абдыкалыков бир катар эл аралык фестивалдарда сыйлык утуп, киносынчылардын назарын өзүнө бурбаса керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG