Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54
Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитти

Парламентте Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттү бекитүүгө 105 депутат макул болуп, экөө каршы чыкты.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдоп добуш беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекиди.

Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов жаңы келди.

Башка вице-премьер-министрлер вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Аида Исмаилова, министрлер, мамлекеттик агенттик, комитет жана кызматтардын башчылары өз орундарында калды.

Жыйында Боронов мурдагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын улантарын айтып, баяндама жасады. Депутаттарда жалпы суроолор берип, сын-пикирлер көп болгон жок.

Мурдагы өкмөттүн курамын сактап калуу менен жаңы өкмөттү 16-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштады. Ошол күнү башкаруучу коалиция дээрлик бир добуштан жаңы курамды жактырды.

Наталья Никитенко: Мени сиздин Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштөө курсун улантам дегениңиз кооптонтуп жатат. Врачтарга, милицияларга кошумча төлөмдү бербеген өкмөттүн курсун улантып кереги жок. Криминалды, коррупцияны тыя албаган курстун кереги жок. Суранам, аны улантпаңыз. Азыр техникалык өкмөт экениңизди, шайлоого камынып жатканыңызды моюнга алып атасыз. Шайлоого даярдануу Боршайкомдун иши.

Депутаттын бул сөзүнө Кубатбек Боронов өкмөттүн ишинде жетишкендиктер болгонун да айтып жооп кайтарды.

Жаңы өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү маселесин караган Жогорку Кеңештин 17-июндагы жыйынында депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбековдун ортосунда кайым айтышуу болду.

Депутат Жолдошбаев өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү чектеп, жыйынды түшкө чейин жыйынтыктоону сунуш кылды. Ал башка эл өкүлдөрү ушул маселени айтууну андан суранып жатканын айтты. Буга дагы бир депутат Рыскелди Момбеков нааразылык билдирди.

«Урматтуу кесиптештер! Ушундайды токтотпойлубу?! Камчыбек байке, сизден ким суранды айтып коюңузчу. Кышында бир жолу жалпы парламентти уят кылдыңыз. «Балдарыбыз үшүп жатат, жыйынды аяктайлы» деп, азыр эмне балдарыңыз ысып атабы? Эми мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Кошомат кылып жүрүп Абылгазиевди кетирдиңер. Качанга чейин ушинтесиңер? Ким айтты, айтсын өздөрү алардын деле ооздору бар. Сизден эч ким суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды!»,- деди Рыскелди Момбеков.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG