Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:59

"Азаттыктын мен билген Айтматов" сынагына илимпоз Жээренче Медер уулу Исмаилов өз блогун жолдогон. Ал "Акындар чыгармачылыгындагы өмүр, өлүм проблемасынын берилиши" деген темада иликтөө жүргүзүп, кандидаттык диссертациясын коргогону маалым.

Табиятта ар бир нерсенин ички дүйнөсү менен тыш келбети төп келген бирдейлик чанда кездешээри мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Анын ичинде адамдарда дагы, менин айтайын дегеним миллиарддаган адамзатынын ичинен бирдейликти алып жүргөн инсандар бирин – серин эле болсо керек.

Мына ушундай керемет нерсени, жан дүйнөсү таза, акыл оюу терең, азыркы сөз менен айтканда интеллектуалдык сапаты жогору, анан да сырткы келбетичи?

Кандай гана келишимдүү, бир карасаң айбанаттардын падышасы арстандай, бир карасаң адамдын сырттаны, көргөндө адамдын купулуна толуп, өзүнө тарткан аурасы, ар бир баскан кыймыл аракети, караганы, баш ийкегилегени, токтоо мүнөз сүйлөгөнү, коңур үнү, жагымдуу күлкүсү, айтор кайталангыс, эки миң жылдан ашык көксөп келген кыргыз элинин улуу уулу Чыңгыз Ата эле.

Мына ошол алыскы Ала-Тоонун башындагы ак мөңгүдөй болгон аппак жүз менен Асмандагы таза аруулук, ниет болгон Ак булут бүгүн көрүнбөгөнү? Эмне болгону? Кайда кеткени тууралуу Улуу инсандын дүйнө салганындагы акыркы сапарга узатууда көптөгөн жүрөгү таза адамдар, чыгармачыл инсандар жан дүйнөсү эңшерилип, күйүттө турушту.

Албетте, алп жазуучунун көзү өткөндө кимдер гана кайгырбады, кимдин гана көзүнө жаш келбеди “карагай ыйлап, тал ыйлап, карап турган бала ыйлап” дегендей, жан дүйнөсү таза тестиер баладан тартып, дини, тили бөлөк ар түрдүү улуттун өкүлдөрү, деги эле адамкерчилиги бар адамдар кары жашка карабай ыйлап турушту.

Таанымал акын, жазуучулардан тартып белгилүү инсандар, коомдук ишмерлер, карапайым адамдарга чейин ыр чыгарышып жоктоп, эскеришти.

Булардан айырмаланганы да, өзгөчөлөнгөнү да - төкмө Элмирбек Иманалиевдин жоктоосу. Акын Элмирбек кечээки менен бүгүнкүгө, бүгүнкү менен эртеңкиге жана да келечекке көз чаптырып, акыл калчап, акындык өнөрдүн улуулугу жана касиеттүү күчү менен кыргыздардын рухий атасы Ч.Айтматовдун бейнесине арнап, жалпы акындык чеберчилик менен күйүт-өксүк аралашкан “Чыңгыз өлбөс болсочу” аттуу дастанга тетерлик чыгармасын жаратты.

Себеби, кыргыздын колунан жаралган улуттук аспап болгон комуздун мукамы менен коштоосу жана акындык чеберчиликке тиешелүү үн, кайрык менен созушу угармандын жүрөгүнөн түнөк таап, ички сезимин ойготуп, жан дүйнөсүнө бүлүк түшүрүп, болуп жаткан окуяны элестүү картина кылып чагылдырып, көзүнө жаш алдырып, дене боюн дүркүрөтүп турушу акындык өнөрдүн улут үчүн дүйнөдө теңдешсиз рухий зор күч экенинин дагы бир далили боло алды.

Поэзияда сөздүн кубаттуулугу образды ачууда, анын кулк мүнөзүн берүүдө ошол шартка, мезгилдин талабына жараша болот. Көркөм сөз ойду ачыктап, анын сапатын, тереңдигин даңазалап, сөздүн таамай болушу менен залкар ойду берип анын көркөмдүгүн арттыраары белгилүү.

Буга төмөнкү ыр саптары мисал:

Айтайын сөздүн чындыгын,

Азалуу болду бул кылым.

Манастан кийин кыргызым –

Мактаныч кылчы Чыңгызың:

-Айтматов Чыңгыз жаркыган,

Ак таңыбыз дечи элек.

Айтылып бүтпөс дүйнөдө,

Дастаныбыз дечи элек.

Ааламдык адабиятта,

Арстаныбыз дечи элек, - дейт.

Акындын поэтикалык тилге карата болгон мамилесине көз жүгүртсөк фольклордук салттуулукту улантып, анын көркөмдүк өзгөчөлүгүн өздөштүрүү менен жаңы салыштырууларды, ойлорду жана жаңы маанини киргизип жатат.

Айрыкча “Манастан кийин, Ааламдык адабиятта, Арстаныбыз дечи элек” деген саптардагы жаңы салыштыруулар, көркөм сөз чыгарманын ажарын ачуу менен образ аркылуу жоктоо ырына жаңылык киргизди, эскерүү ырынын новатору боло алды.

Себеби, мындагы колдонулган “Азалуу кылым”, “Жаркыган ак таң”, “Бүтпөс дастан”, “Ааламдык адабиятта, Арстан”, “Манастан кийин мактанчы кыргыз” деген жаңы ойлор, салыштыруулар буга чейинки бир дагы инсан же эпостук каармандарга айтылбайт.

Демек ушундан улам адамзатынын теңдешсиз сырттаны Ч. Айтматов экени реалдуу турмуш чындыгы.

Новаторлук ар дайым традиция менен бирге өмүр сүрөт. Салттуулукту сактабай туруп жаңычылдык, жаңы нерсе жаралбаары белгилүү. Ушундан улам кандай гана өнөр болбосун алардын өкүлдөрүнүн арасында муун аралык көркөм нарк жашайт.

Ал эми ар бир чыгармачыл өнөр адамынын табияты, чыгармачылык жолу ар башка. Мисалы: салттуулукту кандай колдонот, жаңычылдыкты кандай жарата алат. Мунун баары ошол акындын чеберчилигине жараша болот.

Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Салттуулукту өздөштүрүү дагы өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Бул жагынан Э.Иманалиев чыгармачылыкта өз ордун табуу менен учурда акындык поэзияга өзүнүн салымын кошо алды.

Мисалы, ал:

Эх арман,

Ак жамгыр – боздоп төккөндөй,

Ак бороон – улуп өткөндөй,

Ала – Тоонун башынан,

Ак мөңгү – эрип көчкөндөй,

Атасы кетти рухтун,

Айласыз дүйнө көнгөндөй, – деп кошот.

Мына, поэтикалык тексти талкуулап, талашып, тартышуунун эч кандай кажети жок. Тек гана үндөшүү бар. Албетте, өнөр адамы оозеки чыгармачылык менен бай рухий булактарга таянуу менен окуядагы салыштырууларды өздөштүрдү, үйрөндү – бул жагынан акын салттулукту сактады.

Оюбуз ачык болсун үчүн легендарлуу акын Бука ырчынын Айхандын баласы өлгөндө угузганындагы “Көктөн көк – ала булут сөгүлөт, Көнөктөп жамгыр төгүлөт” [1] же Токтогулдун “Карчыга кушту качырдым, кара белди ашырдым” жана башка ушул өңдүү мисалдар окшоштук, кайталоо эмес жалпы чыгармачылыкка тиешелүү гана үндөшүү бар экенин белгилемекчибиз.

Ал эми айырмачылыгы акын салыштыруулар менен катар кыргыз эли илгертеден бери “Ак” деген нерсе ыйык экенинен жана ал ыйыктык образдын облигине гана ылайык келээри жогорудагы мисалда даана, так, ачык чагылып олтурат.

Албетте, андан соң акын ошол мезгилдин, учурдун, азыркы доордун үнү болуп, элдин кайгысын “Эр Манас эки өлгөндөй” деген салыштыруу аркылуу чагылдыруу менен улуу инсандын улуулугун ааламга кызмат кылганын айтуу менен чыгармачылыгындагы кээ бир каармандарга токтолуп, дүйнө элин кыргыздын жаныбарларына, адамдарына көңүл бурдурган даанышмандыгын айтып келип, андан соң замандын шартына ылайык атасынан эрте калып, энеден таалим алганынан, бала чагынан тартып элине, жерине кызмат кылып келгенин, эми ошол алыста ооруп жатканда элиң, жериң, ыйык көлүң баары эсиңе түшкөндүр деп өксүк аралаштырып айтуу менен бирге бир катар белгилүү талант ээлерин санап, алардан айырмасы ааламга өзүнчө эле бейне түскөнүн баяндап, дүйнөдө ошол алптардын баарынын жолун ажал тосконун, бирок өнөр эч качан өлбөөрүн, өмүрүн улантып жашай берээрин белгилеп келип, чыгармачылыгында чектелип калбай, көз алдында байкалган өзгөрүүлөр менен кубулуштарды, ар кандай коомдук турмуш менен айкалыштыра да, салыштыра да ырдады.

Ошон үчүн акын чыныгы турмушту чыгармага негизги материал кылып алуу менен эл мүдөөлөрүн чагылдырып төмөнкүчө баяндады:

Алтындан турган дүнүйө,

Тонолгонун көргөмүн...

Акылдан курган дүнүйө,

Тонолгонун көрбөдүм!

Эл сүйбөгөн бийликтин,

Жоголгонун көргөмүн.

Эл сүйлөгөн өнөрдүн,

Жоголгонун көрбөдүм.

Ошол, Өнөргө таазим ийгиздиң,

Өлбөстүгүң билгистиң.

Таанылып далай элдерди,

Талантың менен сүйгүздүң, – дейт.

Акын чындыкты айтты. Дүйнөдөгү эң таасирдүү, күчтүү державанын жок болушу, өзгөрүшү буга далил. Ал эми калктын үнү болгон эл мүдөөсүн жактаган өнөргө таазим ийгизгенин, түбөлүккө калаарын белгилеп, бирок, ошол эл сүйлөгөн, эл сүйгөн өнөрдүн ээси болгон алп таланттын дүйнө салышы оор жоготуу экенин ааламдагы нечен эл, өлкө башчылары тең жоктогонун, кабыргасы кайышып кыргыз эли жоктогонун өксүк, күйүт аралаштырып айтып өтөт.

Бирок, элдин рухий атасы болгон Ч.Айтматовдун жаркын элеси кылымдар бою элдин жүрөгүндө сакталып, чыгармалары адам баласынын улам жаңы муунуна кызмат кылып, түбөлүккө жашап, акын эскергендей “Асмандын көкүрөгүндө, ак жылдыз болуп” жаркырап өмүр сүрө берээри тарыхый чындык.

Жээренче Медер уулу Исмаилов. 2018.
Жээренче Медер уулу Исмаилов. 2018.

Деги эле жоктоо, эскерүү ырларында тематикалык ар түрдүүлүк мүнөздүү экени жана ушул өзгөчөлүгү менен акындык поэзияда өзүнчө түр, жанр катары каралуу менен өзүнүн актуалдуулугун күн санап арттырып, эл арасында өлбөс, өчпөс түбөлүктүү жашоосун улантып келет.

Жээренче Медер уулу Исмаилов,

филология илимдеринин кандидаты.

Шилтеме:

[1].Кыргыз адабиятынын тарыхы... - 5-том. - Б.: Шам, 2002. - 11-бет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG