Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:12

Мезгилсиз мемуар же мааракеси жок эскерүүлөрдөн


Акын, публицист Алым Токтомушев (1947–2014).
Акын, публицист Алым Токтомушев (1947–2014).

Кыргыздын чыгаан журналисти, акыны жана публицисти Алым Токтомушев (1947–2014) калтырган мурасты иликтөөнүн чети да оюла элек. Анын кичүү кесиптеши Аскер Сакыбаеванын блогу.

Эчен күндөн бери саргарган эски гезиттердин, гезит беттеринен абайлап кыркылып папкаларга жыйналган макалалардын арасында, маркум Алым Токтомушевдин дүйнөсүндө жүрөм... Бир калың папканын сыртына “Коррупция” деп жазып, ага жалаң коррупцияга байланыштуу материалдарды жыйнаптыр. Дагы бир журналдын ичи толо жазууларда Алым байкенин аналитикалык макалаларды жазуудагы “лабораториясы” даана көрүнүп турат. Айрымдарын окуп, он беш жыл, он жыл мурда жазылган окуялар азыр деле кайталанып жатканына таңгалам.

Кыргыз бийлиги тууралуу 10-15 жыл мурда Алым Токтомушев кандай жазса, азыр да абал ошондой, болгону саясатчылардын аты-жөндөрү гана башка. Саясый акыбал, экономика, эл турмушу – эч өзгөрүүсүз.

Алым байке чанда адамга берилчү өзгөчө шык-жөндөмгө ээ адам эле. Анын бир салаасы – ыр, экинчи салаасы – адабиятчы, үчүнчүсү – котормо болсо, төртүнчүсү – публицистика болчу. Ушулардын бардыгында мыкты табылгаларды берди, себеп дегенде ал киши ушулардын бардык түрүнө чыгармачылыктын нака сараңдыгы менен мамиле кылчу. Өзүн-өзү миң алакеттен өткөрүп карабаган башка киши болсо, көзү тирүүсүндө эле саман-топонун аралаштырып очойгон далай китептерди чыгарып салмак.

Алым Токтомушевдин көзү өткөн соң акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакир ал кишинин ырлар жыйнагын чыгарды. Андан бери карай “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду маркумдун “Балдарга базарлык” деген китебин чыгарып, жаш жеткинчектерге тартуулады. 2019-жылы Кыргызстандын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия “Дүйнөлүк классиктердин ой берметтери” аталган Алым Токтомушевдин котормосундагы китепти басып чыгарды.

Ооба, адабиятка, акындыгына, котормочулугуна байланыштуу А. Токтомушевдин чыгармалары аздыр-көптүр жарык көрүп жатат. Бирок ал кишинин публицистикасын камтыган китеп жарык көрө элек.

Жок, калп айтып жатыпмын, Алым байке көзү барында “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу китебин чыгарган. Анда айтылуу окумуштуу Салижан Жигитовдон өзү ар кандай учурларда алган маектерин топтоп китеп кылып чыгарып, бет ачаарын да өткөргөн. Ал маектерде замандын күрөө тамырын кармап таамай ойлорду айткан окумуштуунун пикирлери азыр да актуалдуулугун жогото элек.

Ошол китепти басмага даярдап чуркап жүргөндө: “Сиз деле “Асаба”, “Агымга” жарык көргөн “Жолбүгүндөрдү” жыйнап чыгарсаңыз мыкты болор эле” десем, “меникине караганда Салижан агайдын айткандары баалуу” деп койгон. Ошондо устатына болгон мамилени көргөм.

Мен дагы Алым Токтомушевдин мыкты публицистикасын азыркы муундагылар билсин деп китеп кылып чыгарууга даярдап жаткандагы учурум. Бул – менин устатымдын алдындагы адамдык парзым, экинчиден, журналистика факультеттеринин студенттерине кыргыз тилиндеги аналитикалык макалалар менен публицистиканын мыкты үлгүсүн тартуулоо максатым.

Ал кишинин көзү тирүүсүндө болгону эки китеби чыгыптыр. Жаш кезде чыгарган жупкадай болгон “Жолдогулар” китебин биз көрбөй калдык. А. Токтомушев кийин 2008-жылы өзү абдан тандап чыгарган “Эски дептер” китеби менин иш үстөлүмдө дайыма турат. Чынында мыкты китеп, ыр десең жалаң мыкты ырлар, эссе, котормолору, кара сөзү аралаш. Ушунчалык терең, асыл-нарк дүйнөнү артынып жүргөн адамдын арабыздан эрте кеткенине эмгиче ич ачышат.

Дагы бир ич ачышканы – А. Токтомушевдин өмүр бою жыйнаган бай китепканасын ала албай калганыбыз. Ал кишини акыркы сапарга узатуу зыйнатын коомдук ишмер, маданият меценаты Болот Шер мойнуна алганын дайыма айтып келем. Болот Шер ошол кезде эле артында калган кызына “Алым байкенин китепканасын мага саткыла, кандай баа айтсаңар да макулмун” деп биздин көзүбүзчө айткан.

Бирок кызы китепкананы да саткан жок, азыр ал кайда, кандай акыбалда экени да белгисиз. Көрсө, Болот Шер китепкананы көргөн экен.

Акын, публицист Алым Токтомушев (1947–2014).
Акын, публицист Алым Токтомушев (1947–2014).

“Эски дептер” китеби Алым Токтомушевдин адамдык дүйнөсүн ар тараптан ачып турат. Ошол китептеги ырларынан, котормолорунан бир аз келтире кетейин:

Тилек

Кайгы, шатты катар тутуп жүрүү үчүн,

О Жараткан, бер махабат күйүтүн.

Карегимди калбас үчүн дат басып,

Кирпигимди турсун кээде жаш басып.

Муштум жүрөк эт болбосун бир үзүм,

Бер Жараткан, сокурлардын үмүтүн.

Дудуктардын карт кайгысын кеч дагы,

Кайгы канча картаң болсо, сөз жаңы.

Жашаш үчүн душманыма эзилбей,

О Жараткан, эсен койгун эсимди.

Салижан Жигитовдун ден соолугу үчүн

Бул турмушта күйгөн от аз, түтүн көп,

Бир булайбыз байгамбардын түшүндөй,

Жакшыны да, жаманды да жылыткан

Сиз да барсыз күйгөн оттун ичинде.

Байгамбардын көз жашынан жүз элүү,

Устат, сиздин соолук үчүн ичемин.

Көктү көрүп, акты айрып дебесек,

Көр дүйнөгө келгенибиз неге эсеп?

Акыйкатка айбат кылуу жагынан

Ажал гана балким сизге теңешет.

Уу чыланып өрттөнсө да ичеги

Устат, сиздин урмат үчүн ичемин.

Табылды Мукановдун өлүмүнө

Керексиз кейүү мында, аео мында.

Керексиз кермек көз жаш аягында.

Жетеси акын эле...Тагдыр аны

Жетелеп кудум сокур таягындай

Бастырды талаа-түздү, ойду-дөңдү

Так ушул жерге келип болду деди.

Болдубу? Кайрылыш жок, айрылыш бар,

Боздомуш болгон түрптү койгула эми!

Ал кетти аян күтүп жашылданып

Ай тийген арабызга батырбадык.

Бир кезде жем жеш үчүн жерге түшкөн

Бийикте бийлик жетпес акын жаны:

Далайга бузуп биздин уйкубузду,

Далайга алар биздин тынчыбызды.

Лермонтовчо

Унутулгам убайымдуу күндөрүмө

Умсунбайм...жок нерсеге колум сунбайм.

Турмушта сүйбөгөнүң, сүйгөнүң не?

А сүйүү бир өмүргө алымсынбайт.

Тилекпи? Ансыз дагы кур тилекте

Куш күйгөн күндөр өттү үшкүрүктөй.

Кыялбы? Дилгир болсоң чын жүрөктөн

Түккө да турбайт акыл бүртүгүндө...

Өзүңдөн нени издейсиң? Баары өткөн,

Баары өчкөн, кубаныч, муң – сансыз

мүлкүң.

Алданбай күндүз ойлоп, күндүз көрсөң

Жашоо бул – арсыз амал, арсыз күлкү.

Петр Чаадаев “Учкул ойлор менен үзүндүлөрдөн”

***

Мен Ата мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам.

***

Кудайга шүгүр, мен ырым менен да, кара сөз менен да Ата мекенди туура жолдон адаштырган жокмун.

***

Кудайга шүгүр, коомдук пикирди адаштырган бир да сөз айта элекмин.

***

Кудайга шүгүр, Ата мекенди өз кызыкчылыгым үчүн эмес, ар дайым анын кызыкчылыгы үчүн сүйүп келдим.

***

Сен досторуңа сыяктуу эле Ата мекенге чындыктан карызсың.

Михаил Пришвин “Жандептерден”

***

Таланты күчтүү адам эч качан ашкан “акылдуу” болбойт. Неге дегенде карандай акыл муздак болот, кыжырдуу келет, а талант жылытып турат, талант – акылдын тыбыт жоолугу.

***

Агерде андан анык поэзия жаралса, акындын ашкан алкаштыгын, жеткен акмактыгын деле кечирүүгө болот. Поэзияга кайнаса каны кошулбас жүрүм-турум бар, поэзиянын дал өзүнө алып бара турган жүрүм-турум бар.

***

Атак-даңкка жетүү ажалга жеткенге окшош. Маркумдар көрдө гана тынч алып, тынч уктайт. А даңкка жеткен адамдар тынч жатышы мүмкүн эмес. Даңкымдан ажырап калсам не болом? – деген ой даңктуу маркумдун жанына жай бербейт.

***

Баатыр өлүмдөн коркпойт, арийне, айрым шылуундарга бакыттын башын чыгарып кой – “мүмкүн аман калармын” деген ойго жетеленип, алтынчы кабаттан боюн таштайт.

Биринчи катарда (солдон): Алым Токтомушев (1947–2014), Шайлообек Дүйшеев; экинчи катарда: Аскер Сакыбаева, Жолдошбек Зарлыкбеков (1959–2016).
Биринчи катарда (солдон): Алым Токтомушев (1947–2014), Шайлообек Дүйшеев; экинчи катарда: Аскер Сакыбаева, Жолдошбек Зарлыкбеков (1959–2016).

***

“Кыргыз бир китеп чыгарса эле тарыхта калам деп ойлойт.” Маңдайга матай койгондой бул сөз Асыл Саке, Эсил Сакеники (Жигитов). Бирок башымды ташка койгуласам да кайдан тарыхта калмак элем деген кыргыз бар. Жапжалгыз кыргыз. Ал Алым Токтомушев. Алыке ушул жашка келгени айды да жазды, окту да, чокту да жазды. Алар күнүмдүк басма сөзгө күргүштөп жарыяланып келет. Бирок китеп кылып чыгарбай жатат (бирин-экин жыйнактарын эсепке албаганда). Себеп? Тарыхта калбайм дейт. Биз айттык, тарыхта каласыз. “Жолбүгүндү” жата калып окуп жаткан кыргыздар окуйт деп ушул жыйнагын чыгарып салдык. Чыгарганга каржы таап берген “Акун” фирмасына, анын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго алкыш айтабыз. Окуп көргүлө, ой-сезимиңерге сөзсүз от таштайт”

Мелис Эшимканов, 2007-жыл.

***

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Алым Токтомушев сыяктуу албан дүйнөсү бар адамдардын көзү өтсө да артында калган мурасын кийинки муундар да билүүгө тийиш, үйрөнө турган жагдайлары арбын деп ойлойм.

Аскер Сакыбаева,

журналист, публицист.

XS
SM
MD
LG