Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

“Жан дүйнө” радио түрмөгүнөн таланттуу акын Табылды Мукановдун чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп болду. Акын кыргыз поэзиясына өткөн кылымдын 70-жылдары өзүнүн өзгөчө үнү менен кирип, 1983-жылы 36 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Көзү тирүүсүндө бааланбаган акындын көркөм мурасы учурда өз күйөрмандарын таап, адабиятчылар тарабынан жогору бааланууда.

Табылды Мукановдун жалындуу ырларынын көбү, жүздөгөн каттары өзүнүн тунгуч махабаты, жубайы Кларага арналган.

“Азаттык” үналгысынын студиясында акындын музасына айланып, дирилдеген арзуу саптарынын каарманы болгон Клара Шырдакова конокто болуп, маек берип кетти.

"Азаттык": Табылды Муканов экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?

Клара Шырдакова: Шаарга келип Улуттук университетте 1-курста окуп жүргөм. Күндөрдүн бир күнүндө Тамара Чыналиева деген классташ курбум мени өзү катышып жүргөн ийримге чакырып калды. “Биз спектакль аткарып жатабыз ошону көрүп кет” деп. Ал жерде ийримдин катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун “Бетме бет” повестин сахналаштырып, Тамара Сейденин, ал эми Табылды чыкыйып кийинип алып тергөөчүнүн ролун аткарган. Эки-үч күндөн кийин эле классташ кызым “сага балдардын баары ашык болуп калыптыр, анын ичинен Табылды Муканов сураштырып жатат” деди. Андан кийин Табылды Тамарадан мага арнап жазган “Бейтаанышка” деген ырын берип жибериптир.

"Азаттык": Андан кийинки байланыш кандай уланды?

Клара Шырдакова: Ал 1970-жылы окууну бүтүп “Советтик Кыргызстан” гезитине жумушка орношту. Мен окуумду андан бир жылдан соң аяктап Балыкчыга кеткем. Бир күнү Табылды Бексырга деген досу экөө издеп келиптир. Мени киного чакырышты. Мен чын эле киного барат экем деп алар айткан таксиге түштүм. Ошону менен мени Боз-Учук айылына ала качып кетти.

"Азаттык": Анда сиз ала качкандан улам эле отуруп калган турбайсызбы...

Клара Шырдакова: 70-жылдары сүйлөшүп да калдык да.

"Азаттык": Андан кийинки ырларын окусак, мисалы, “Таарыныч” деген ыры бар да. Негези эле ырларынын, каттарынын көбүндө сизге өзүн сүйдүрө албай жүргөндөй таасир калтырат. Ошол ырлар эмне себептен жазылган?

Клара Шырдакова: “Таарыныч” деген ыры 1968-жылы жазылган. Бала кыял, сезимтал акын чынында эле менин мамилеме канааттанчу эмес. Ал көптү күтөр эле. Мен жаштык кылып ал каалагандай мамиле кыла албай калган учурларым да болгон.

"Азаттык": Азыр мына сиздин колуңузда акындын өз колу менен жазылган каттары, чыгармаларынын кол жазмалары турат. Аларды бапестеп сактап жүргөн экенсиз. Демек Табылды Мукановдун махабатына жообуңуз болгон...

Клара Шырдакова: Азыр да, мурун да айтып келем. Чынында ал өзгөчө таланттуу адам болчу...

"Азаттык": Турмушта ар кандай нерселер болот экен. Сиздердин бөлөк жашап калган учурларыңыздар да болдубу?

Клара Шырдакова: Ооба. Ичкиликтин айынан бөлөк жашап калган учурлар болду. Мен эч жерде иштебей калдым. Аны да иштен чыгарып коюшту.

"Азаттык": Жана сиз өзүңүз айтпадыңызбы, ичкиликтин айынан үй-бүлөлүк драма көбөйүп кетти деп. Ичкендин деле бир себеби болот дешет го. Коомчулук мүмкүн ошол учурда Мукановду акын катары тааныбаган чыгаар...

Клара Шырдакова: Өзүнүн чөйрөсүнө жараша болду го. Айылдан деле иччү эмес экен. Боз-Учук тоонун түбүндөгү айыл. Ал жерде үймөк чөптүн үстүнө чыгып эле китеп окуп, ыр жазып отурчу экен. Жами деген эжеси "Шаарга келип ушундай болуп калды. Чөйрөсү начар болуп калды окшойт” дечү.

"Азаттык": Мына, Табылды Мукановду сүрөтүнөн көрүп турабыз. Замандаштары да акынды сымбаттуу, тармал чач киши болгон дешет. Сиздин “тигил ырыңды кимге, бул ырыңды кимге жаздың” деп кызганган учуруңуз болгон эмеспи?

Клара Шырдакова: Жок (күлүп). Мен чынында аны кызганууга жетишпей деле калдым. Бирок ал мени өтө катуу кызганчу. Өзү досторун үйгө ээрчитип келип алып кайра мени алардан кызганып урушар эле.

"Азаттык": Азыр колуңузда Табылды Мукановдун каттары турат. Аларды буга чейин жыйнап, жарык көрө элек ырларын кошуп “Арчадай жашыл элем...” деген китебин чыгардыңыздар. Ошондо бардык чыгармалары камтылдыбы?

Клара Шырдакова: Буга чейин мени менен кеңешпей туруп эле Мукановдун китебин чыгарып ийишпедиби. Ал китепте мага арналган ырларынын баары жөн эле кетип калган. Анан кийин мен 2002-жылы бүт каттарынын баарын толуктап кайра чыгардым.

"Азаттык": Сиз кайсы кызматты аркаладыңыз? Кесибиңиз кандай болду?

Клара Шырдакова: Мен Табылды менен жашап жаткан кезде эч жерде иштей албай калдым да. Табылды экөөбүздүн мамилебиз болсо тигиндей болуп, сезимдерим сенек болуп калды. Ажырашкандан кийин 1977-жылдан баштап ИИМ системасына жумушка кирип, ал жерде отуз жыл иштеп пенсияга чыккам.

"Азаттык": Ажырашкандан кийин деле Табылды Муканов тууралуу угуп, көрүп калып жүргөн чыгарсыз. Ошондо кандай сезимдер болчу эле?

Клара Шырдакова: Биз Токтогул, Шопоковдо жашап турган мезгилде ал бизге көп жолу келди.

"Азаттык": Сизден кечирим сурап келип жүрдү да...

Клара Шырдакова: Ооба. Жолдошторун ээрчитип келген күндөрү да болду. Кыздарынын туулган күнү болгон сайын келер эле. Акыркы жолу мен аны "Ысык-Көл" гастроному тараптан келатып көргөм. Кыш болчу. Башыма жаңы эле суусар тебетей алып кийгем. Ал ошол жерде ойлуу туруптур. Мени көрө калып “баш кийимиң куттуу болсун” деди. Анан балдарды сурады. Сөз бүткөндөн кийин бир аз унчукпай турдук да экөөбүз эки тарапка бастык. Ал ошол кетеринде мага обдулуп бир нерсе айтайын деп баратып кайра токтоп калды. Анан эле көп узабай жанагыдай кабарды уктук.

"Азаттык": Жазган каттарында сизге кайра-кайра жалбарып кечирип сурап, “кайра келчи” деген учурлар көп болуптур. Сиз акынды кечире албай койдуңузбу?

Клара Шырдакова: Ичкилигин таштабай койду ал...

"Азаттык": Өзүңүздүн жеке турмушуңуз кандай уланды? Турмушка чыктыңызбы?

Клара Шырдакова: Жок. Турмушка чыккан жокмун. Эки кызыбыз тең жогорку окуу жайын аяктады. Үч неберем бар. Улуу неберем Укук таануу академиясын бүттү. Кийинки неберем Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” деген тасмасында айылдык баланын ролун аткарган. Ошол неберем чыгармачылыкка жакын. Өңү да Табылдыга окшош.

"Азаттык": Мынакей Мукановдун каттарын сактап, көркөм мурасын өз аракетиңиз менен китеп кылып чыгардыңыз. Андан башка да китебин даярдап жатыпсыз. Ушулар тууралуу айтып берсеңиз?

Клара Шырдакова: Эгемберди Эрматов көзү тирүү кезинде мени чакыртып “Арчадай жашыл элем" деген китебин кайра толуктап бастырып чыгууну сунуштаган. Мен макул болгом. Эрматов өтүп кетти. Бирок план боюнча иш жүрүп жатса керек. Менимче, азыр ал китеп кайра басылып чыгып калды окшойт.

Көзү тирүүсүндө Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынбаса да, балдар үчүн арнап жазган “Шуру жоготкон кыз” жана “Кыты-кыты”, ошондой эле “Каректеги жер” менен “Жүрөктүн кагышы” аттуу чакан китептерин жарыкка чыгарган Табылды Муканов каза болгондон кийин 1986-жылы “Жан дүйнө” аттуу китеби жарык көрүп, 1987-жылы аталган эмгекке Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. 2002-жылы “Арчадай жашыл элем...” аттуу китеби жарык көрдү.

Кларага

Мен көлдө көз жаргамын.

Сен да көлдө...

Бирок, мен көлгө аз барам.

Көп барасың.

Сен келе жаткан кезде

көлүм көчүп

бүт мага келаткансыйт.

Сен мага кол сунганда

көлдүн ууз толкундары...

Сен төшкө жыгылганда -

көлдүн бал толкундары...

Чачтарың балыр жыттуу.

Эриниң балык даамдуу.

Көздөрүңдө кайыктай калкып турам.

Шуудурайт кирпиктериң камыштардай.

А күлкүң – мерген аяп,

мерген атпас

күн канат балапандай...

Сен көлгө көп бара бер!

Мен аз барам...

Кларага

Сүйгөнүм, сүрөтүңдү карга тарттым,

кар эрип – агып кеттиң.

Мен сенин сүрөтүңдү жарга тарттым,

жар көчүп – жексенделдиң.

Мен сенин сүрөтүңдү ташка тарттым,

таш сынып – талкаландың.

Мен сенин сүрөтүңдү көзгө тарттым,

көз ооруп – учуп кеттиң.

тарттым мен сүрөтүңдү лайнер канатына

ааламды айлансын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына

дүйнөлүк толкундарга аймалсын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына

дүйнөлүк шамалдарга кайралсын деп...

Сени эми тартар жерим калбай барат.

Колумда кардай барак.

Жардай тик полотно

Колумда таштай боёк.

Колумда көздөй боёк.

Билбеймин, кандай болот...

Билбеймин, кандай болот...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG