Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Журналист Жеңишбек Эдигеев маркум акын жана журналист, чыгаан устаты Алым Токтомушевди эскерет.

Ошол күн

2005-жылдын 24-марты болчу. Гезит чыгып аткан. Кечки саат 9дарда дүкөндөр тонолуп атат дешкенинен Алым байке баштаган төрт журналист “Бета Сторестин” жанына басып келдик.

Келсек эле, кудай бетин салбасын, элдер баштык-баштык, коробка, а кээ бири эмеректерди жонуна көтөрүп кумурскадай каттап атышат. Бир маалда эле Алым байкенин кыска чачтары ого бетер тикчийип, заары көзүнө батып, эки санын чаап, бизден алдыга озуп барып, кресло көтөрүп чыгып келаткан баланы кармай калды:

“Эй, акмак, тышта муну, уялбайсыңбы!”

Жонуна көтөрүп келаткан неме “Тур эй! Мындай!” деп жонундагы креслону Алым байкени көздөй чаба бурду эле анысы чала тийип калды.

Биз жетип барып: “Байке, тим коюңуз, карабайсызбы, буларды эч ким токтото албайт” дедик да көпкө нес болуп карап туруп кайра редакцияга жөнөдүк.

Алым байке барганча: “Түүй ата, бүткөн турбайбызбы..!” деп сүйлөнүп барды.

Анан түн бир убакка чейин гезитти чыгардык. Алым байке өз чындыгы үчүн, адилетсиз нерсе үчүн октой атырылып, бир тиймеси бар эле.

Эртеси “Агымдын” биринчи бетине Ак үй алынып аткандагы мен “чырк” эттирип алган сүрөткө “Акаевдин үй-бүлөсү Ак үйдү алдырды”, деп, “Бета-сторесте" бир момпо да калган жок” деген, “Б.Жанузаков өлүүбү же тирүүбү?” деген, “Политбүлөнү” сүйлөшүүгө көндүрө албай койгон Эшимканов”, “Кечээ кечинде Аскар Акаев отставкага кеткенин билдирди” деген макалалар жарык көрдү.

Эртеси кечээки топ али түтүн чыгып аткан “Бетанын” жанына кайра барганбыз...

Летучка

Летучкада бир Мелис байкеден корксок, бир Алым байкеден чочуп турар элек.

Бир кезде, айткандай эле, көз айнегин улам оңдоп, ээгин бир топ өйдө көтөрүп сүйлөп кирет:

“Маселен, паланчаев, кечээ сен мобуреки макаланы жазыпсың. Эмнеге жаздың дейм да ушуну!? Саясатты, экономиканы түшүнбөсөңөр жазбай эле койбойсуңарбы! Эй! Алакандай бирдеме жазсаңар дагы айтайын деген бир ой болуш керек да. Бир илинчек болуш керек. Мобунда эчтеме жок! Ой да жок, тема да жок, эчтеме жок! ”

“Мен “Жолбүгүнгө” канча түйшөлсөм бир кенедей маалымат жазганга да ошончо түйшөлөм, силер болсо “Азаттыктан”, “24” же “Кабардан” аласыңар да урдуруп саласыңар!”

Анан грамматикалык каталарга өтчү.

“Катаңарды оңдобойсуңарбы, бүт эл биздин жазганды окуп атат” дечү.

“Жаштар кичине өз стилиңерди таап, өзгөрбөйсүңөрбү. Илгери го, КирТАГ бүт кыргыз жазмакер менен окурмандарды орусчадан түз, келегей которуп атып сойгон. Эмгиче ошол котормодон чыгалбай атышат. Изденгиле да!” дечү. Ошентчү.

“Жаштык – жаштарда эмес, жүрөктө” деген чын. Болбосо редакциянын эң аксакалы, советтик жазмакер 21-кылымга жаңы, керемет стили менен кирбедиби.

А баарыбыз ошенте алдыкпы? Жазууда өз жолубузду, үнүбүздү таба алдыкпы?

Эне

Бир күнү Алым байке бизге энесин айтып берип атты...

“...Барсам, чачтары ийнине түшүп саксайып алган, суу көтөрүп алдыман утурлап чыкты...” деп бүлкүлдөп ыйлады.

Биз жолдун боюна жакын олтурдук эле. Тунжуроону көчөдө машинелер алаксытат. Ошол үчүн менин эсимде ошондогу машинелер калыптыр...

Дөңгөлөктөр билбейт, алар көп нерсеге күбө болушат. Көчөдөгү күлкүгө. Көчөдөгү ыйга. Зуу-зуу этишет. Алар өтүп турат, закым сыяктуу. Күлкүнүн жанынан, ыйдын жанынан, шарактаган сүйүүлөрдүн жанынан өтүп кетишет. Ошол үчүн алардын күрү-гүү кыймылы шаардыктарга таасир этет, ойго салат...

“Алтымыштан ашканча энелүү болгондун өзү бакыт да, Алым байке...”

Биз минтип айттык беле, же мен ушинтип ичимден ойлондум беле..?

Тизмелер

Жашоодо көп түрдүү тизмелер болот экен. Жакшы окугандардын, жаман окугандардын. Барчулардын, калчулардын. Жумуштан кетчүлөрдүн же кетпечүлөрдүн. Алгандардын же бергендердин. Чакырылгандардын же чакырыла электердин... айтор көп.

А бизде бир тизме болоор эле. Ал редакциядагылардын түшкү тамакка, ашканага болгон карыздарынын тизмеси.

“Агым” анда "Россия" кинотеатрынын маңдайына көчкөн кез. Бир жолу айлык алган күнү Алыке болуп маңдайдагы айтылуу ашканабызга бардык. “Карындашым, мынакей, Алымга плюс кылып коюңуз” деп акча сунуп атып “Жеңишбекке да плюс кылыңыз” деди.

Мен чоочуп “жок ой, байке, өзүм берем” десем, “шүк!” дегенсип билегимди катуу кысып койгон эле...

А Алыкенин өз жашоосунда да кире албай калган башка бир тизмеси бар эле...

(“Сенин да билем, тизмеңде жокмун, Карарган деңиз, агарган толкун....”)

Шотландия вискиси

“Сен дайыма эле Жумгалдан жолдо келатканымда чалып каласың...” деген эле.

Ошол акыркы жылдары айылына көп бардыбы деп ойлоп коёр элем.

Алыста болсок да ара чолодо байланышып турдук. Бир жолу капысынан гезиттен Алым байкенин жазганын окуп калдым:

“Мелисти (Эшимканов) алыстагы Жеңиш Эдигейден уктум” деп жазганын.

Кабарга айла жок тура... Жаман кабар демейде алыска бат жетет окшойт да...

Анан телефондон айтып калчу: “Ой качан келесиң, келээриңде Шотландиянын вискисин ала кел, макулбу же бизге салып ийсең боло?” деп.

Дегеле “Агымдагы” акыркы жылдары Мелис байке Алыкени чет өлкөгө көп жиберди.

Бир жолкусунда айтып келди: “Ал жакта ак сөөктөр Шотландиянын кымбат вискилерин ичишет экен” деп. Ошону эстеп айтса керек.

А бирок мен Алыкенин ал аманатын алып бере албай калдым.

“Ооба байке, сөзсүз да байке” деп коёр элем, бул иттен оңой жумуштай сезилип.

Бирок билинбей тизмелер кемий берет экен да. Кийин ошол “эртеңдерге” өкүндүм.

Жеңишбек Эдигеев Барселона шаарында. 27.3.2010.
Жеңишбек Эдигеев Барселона шаарында. 27.3.2010.

Акыркы ирет Бишкекке чыгаарда белек алайын деп чоң дүкөнгө кире калып, текчелерден капыстан Алыкемин “ичилбеген” вискилерин көрдүм.

Сенин көп улуу жактарыңды ойлодум...

Сен эски замандын жаңычыл устаты элең!

Жеңишбек Эдигеев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG