Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Жекече блог: Төрт иликтен төрт позитив. Бешинчи илик ким болот?


Ак үй, Бишкек. 2016.
Ак үй, Бишкек. 2016.

Кыргыздын эркин журналисттеринин бири, учурда Швейцарияда байырлап жаткан Жеңишбек Эдигеев эгемен Кыргызстандагы мамлекет башчылары тууралуу жекече оюн камтыган күндөлүк саптарын сунуштайт.

Аскар Акаев

Эл аралык кайсы бир жыйында Кыргызстанды картадан жакшы биле бербеген бир чет элдик журналист президент Аскар Акаевге суроо узатат:

“Урматтуу президент, а сиздин өлкөңүз океан менен чектешеби?”

Антсе Акаев: “Ооба, Кыргызстан океан менен чектешип турат”, - дейт.

Географияны жана мухиттерди билгендер таңгалып, ал эми президенттин командасы бүшүркөй түшөт.

“Ооба, биз океан менен, Кытай деген эбегейсиз океан менен чектешип турабыз. Биз Кытай аркылуу бүт дүйнөгө чыга алабыз”, - деген экен.

Акаевдин адабий тилге да, илимий тилге да чечендиги бар эле. Бүгүн аны орустар мойнуна көтөрүп, күчүн алып аткан кези...

Курманбек Бакиев

“Балам сен эч качан чоң ачендик боло албайсың. Анткени сен ийилип, ийге келгенди билбейсиң”, - деп Бакиевге апасы айтчу экен.

Муну өзү маегинде айтат.

Кийин: “Мен Орусияга эле эмес, коңшуларга да “неудобный” ("ыңгайсыз") президент болдум”, - деди.

Анын, чынында, коркуп, бүжүрөгөнүн көргөнүбүз жок, бирок ал ичтегини да, сырттагыны да ийге келтире алган жок.

Иниси менен баласы болбосо момундугу, ала-көөдөн, баладай маңыроолугу бар эле дешчү...

Роза Отунбаева

Өзүмө берген маегинде айткан: “Билесиңби, кыргыздын жеп-ичкич аткаминерлеринин баары өңдөрү окшош болот, курсактары чандайып, беттеринен бит тайгаланчудай чытырап турат”, - деп.

Роза айым чындыгында салаңдаган курсактуу, быкшыган, май тамган аткаминер болгон жок жана андайларды жериген, жаңычылдыгы мол, данакерлиги бар президент айым болуп эсте калды.

Анын кыска мезгилине Кыргызстандын эң ачуу тарыхы туш болду. Жаманы болгон менен жакшы кепти мол артынып кетти.

Алмазбек Атамбаев

“Туура, көрөгөч президент Назарбаевдин арты менен Казакстан улуттук дүң өнүм (УДӨ, ВВП) боюнча КМШнын лидери болду, а бизде ар адамга УДӨ деңгээли 9 эсе төмөн, а бюджет кирешеси Казакстанга караганда ар адамга 7 эсе аз. Демек, биздин жарандар Казакстандыкына караганда 7-9 эсе начар турмушта жашашы керек эле. Бирок турмуш жүзүндө алып көрсөк, анчалык айырма жок. Ал тургай айрым аймактарда кыргыздар алардан да жакшы жашайт”.

Президенттин бул айтканы такыр эле жалган эмес.

Кыргызстан мамлекетти башкарчу бешинчи адамды күтүп турат. Таруудай чачпаган, курама кылып, журт кылган эстүү жан келсин.
Ж.Эдигеев

Демейде оппозиция кыйкырчу: “Ой, өлкөдөгү өсүш сан менен эмес, жашоо менен ченелиш керек. Өсүштү биз көз менен көрүп, кол менен кармап, тил менен татып, жүрөк менен сезип көрүшүбүз керек”, - деп.

Бүгүнкү күнү ал өсүштү Кыргызстандын жана Бишкектин жолдорунда баратып көз менен көрсө болот, эл күтүнгөн үй, ченегис машина, кийген кийимдери менен колго кармаса болот, жети күндүн төрт күнүндө өтчү тойкана, тойлордон татса болот; баш аяксыз митинг, түрмө, ок атуу жок, бейпилдикти жүрөк менен сезсе болот.

Бешинчи...

Төрт президентти көргөн коомубузга турмуштук төрт сабак арткандыр.

Кыргызстан мамлекетти башкарчу бешинчи адамды күтүп турат. Таруудай чачпаган, курама кылып, журт кылган эстүү жан келсин.

Эл кандай болсо, мамлекет башчы ошондой экени ырас болсо, андан ай-асманды күтпөйбүз.

Төрт илик түптөгөн элди бешинчиси буга чейинкиден бир карыш эмес, бир эли көтөрүп кетсе деле тарыхта калаар. Артында качандыр бир жакшы кеп арнагандай иши калсын. Жаман сөз дайым табылаар.

Жети дубандын желеги бир, эртеңи чогуу болсун!

Жеңишбек Эдигеев

(Бул блог калемгердин жеке көз карашын чагылдырат. Башка журтташтарды да эгемен Кыргызстан тууралуу ой-пикирлерин сунуштоого чакырабыз).

XS
SM
MD
LG