Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:39

Өтүп бараткан жума Кыргызстанда жана дүйнөдө олуттуу окуяларга бай болду. Көрүнүктүү саясатчы жана оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго райондук соттун өкүмү чыкты. Тогуз жылдан соң кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны Бишкекте өтүп, эки өлкө ортосундагы такталган чек ара тилкелерин бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Саясатчыларга сот өкүм чыкты

Узап бараткан жумада быйылкы жылдын эң талкуу жараткан окуяларынын бири - оппозициядагы “Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун райондук соттогу иши аяктады.

Ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу эки саясатынын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратуу, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү өкүмүн чыгарды.

Буга кошумча прокуратуранын абакта жазасын өтөп бүткөн соң саясатчылар үч жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлебесин деген өтүнүчү да канааттандырылды:

- Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылга эркинен ажыратылсын. Жаза мөөнөтү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында белгиленсин. Жаза мөөнөтү 2017-жылдын 26-февралынан баштап эсептелсин.

Чечим чыгаар алдындагы жарыш сөздө Өмүрбек Текебаев төрт күн сүйлөп, мамлекеттик айыптоонун версиясы толугу менен далилденбегенин билдирди.

"Ата Мекендин" лидери пара алды деп арыз жазган орус ишкери Леонид Маевский менен "Альфателекомдун" айланасында байланышы болбогонун, 2010-жылдын 13-майында жана 21-декабрында ага жолукпаганын жана 1 миллион доллар пара алды деген кинеге эч далил жоктугуна кеңири токтолду.

Ошондой эле өлкөдөгү акыркы жылдардагы саясий окуяларга да кайрылып, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен ыңкылапчыл жана жолдоштук мамилеси мурдатан эле бузулганын жана саясий ишмердиги үчүн бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып, соттон актоону суранды:

- Тарых сизге ошондой прецедент түзгөнгө мүмкүнчүлүк берип отурат. Сиздин кандай судья экениңизди ушул кезге чейин билген жокмун. Мен эле эмес, аялыңыз, балдарыңыз да билбейт болуш керек. Ушул жараяндан кийин аялыңыз, балдарыңыз, бүтүндөй Кыргызстан билет. Кандай пикирде калат, кандай баа берет, ал өзүңүздөн көз каранды. Мен аягында айтам. Бул иш бурмаланган. Жалган жалаа. Дүйшөн экөөбүз адвокаттардын жардамы менен прокуратура, УКМКнын жалааларынын баарын жокко чыгардык. Конституция боюнча биз өзүбүздүн ак экенибизди далилдебешибиз керек, аны сиз далилдешиңиз керек. Бирок ошого карабай аны биз далилдедик.

Оппозициячыл саясатчыларга чыккан өкүмгө ылайык, Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарат. Башкача айтканда, саясатчылар иш жүзүндө 4,5 жылды абакта өткөрүшү керек.

Бул чечимге макул болбогон Текебаев жана Чотоновдун адвокаттары жогорку баскычтагы сотторго кайрыларын билдиришүүдө.

Буга чейинки президенттер тушунда оппозицияда болгон Текебаевге бир нече жолу иш козгоо аракети болсо да, камакка алынган эмес.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бул саясий элита сабак алчу иш экенин белгилейт:

- Биз үлгү катары көргөн, эгемендик алган жылдарда саясатка келип, жөнөкөй мугалимден парламенттин төрагасы, “Конституциянын атасы” деген атакка жеткен адамдын ушундай абалга кептелиши анын эле эмес, жалпы коомдун маселеси. Коомдун абалы. Биринчиден, Текебаев артынан ушундай сөз ээрчитпегендей болушу керек болчу. Экинчиден, бул кылмыш иши Текебаев оппозицияга кетип, бийликти сындай баштаганда козголгону күмөн туудурат.

Ал эми Британиядагы Кент университетинин докторанты Эмир Кулов бул ишке эл аралык коомчулук да көз салып турганын белгилеп, Кыргызстандагы демократиянын деңгээлине баа берилерин билдирди.

Буга чейин адам укуктарын коргоо жаатындагы Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттманн Текебаевдин иши алдыдагы шайлоо контекстинен карала турганын билдирип чыккан эле.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкүл Чотоновго быйыл февраль айында "коррупция жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Буга орус ишкери Леонид Маевскийдин 2010-жылы Текебаевдин "Альфа телеком" уюлдук компаниясынын башкаруусуна кирүүгө шарт түзүп берем деген убадасына ишенип, ири суммадагы пара алганы боюнча арызы себеп болгон.

Алты айдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган саясатчылардын үстүнөн сот жараяны Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 5-июнда башталган.

Тымызын өткөн тил сынагы...

Текебаевдин соту менен катар анын президенттикке талапкер катары катталуу аракети да карама-каршылыктууу окуялар менен коштолду. Февралдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган. Шайлоо мыйзамы боюнча, талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аны тастыктап, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет.

Ал эми Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан тест тапшыруусу 26-июлдан бери кеңири талкууга түшүп, бул маселе Жогорку Сотко чейин жеткен. Саясатчынын тарапкерлери ачкачылык жарыялап, сынак тапшырууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Буга карабай Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекендин” лидеринин тест тапшыруусуна каршы чечим кабыл алган эле.

Текебаевге сот өкүм чыккан күндүн эртеси, 17-августта ал кармалып турган атайын кызматтын тергөө абагына "Кыргызтест" борборунун кызматкери кирип, мамлекеттик тилден тест алганы белгилүү болду.

Анын жыйынтыгында Текебаев тесттен 93,75 балл алып, эне тилин жакшы деңгээлде билерин тастыктаган сертификатка ээ болду.

Өмүрбек Текебаевдин тест тапшырары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы да, анын адвокаттары кабарсыз калган.

Мындан улам буга чейин сынак тапшырууга уруксат берилбей келген "Ата Мекендин" лидерине кандайча тымызын түрдө, абакта тест тапшырууга шарт түзүлдү деген ар кыл суроолор жаралды.

Талапкерлерге үмүткөрлөрдөн мамлекеттик тил боюнча сынак алуу милдети жүктөлгөн эксперттик топтун өкүлдөрү мындай көрсөтмө кимден түшкөнүн так айта алышкан жок.

Мамлекеттик тил боюнча комиссия тек гана түзгөн графиктин негизинде сынак уюштурулганын айтуу менен чектелишти.

Жаралган жагдайды аталган комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев "Азаттыккка" төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Тизмеге ылайык, алгач Өмүрбек Текебаев тесттен өтүү графигине 26-июлга киргизилген. Бирок Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбеков 25-июлда атайын кат менен кайрылган. Ал киши кайрылуусунда Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин тесттен өтүү графигин белгисиз мөөнөткө жылдырууну суранган. Буга байланыштуу тестирлөө белгисиз мөөнөткө коюлган. Андан кийин 11-августта Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жана УКМКга Текебаевди убактылуу кармоочу жайдан тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тестирлөөнү өткөрүү жерин аныктоого укуктуубуз.

Бирок эмне себептен маселе Жогорку Сотко чейин жеткен учурда Тил комиссиясы кырдаал боюнча позициясын билдирген эмес деген суроо туулат.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары бийлик сот чечими чыкканга чейин атайылап күтүп, эми "кожо көрсүн" үчүн тест тапшырууга уруксат берди деген пикирди айтышууда.

Анткен менен 18-августта Борбордук шайлоо комиссиясы көпчүлүк добуш менен Өмүрбек Текебаев тапшырган 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган тизмени жараксыз деп тапты. Алар кол тамга топтоого шайлоо фондунан каражат көрсөтүлгөн эмес деген жүйө келтирген. Саясатчынын адвокаттары бул жүйөнү мыйзамсыз деп санап, бут тосуу катары сыпаттоодо. Алар кол чогултууда бардык талаптар аткарылганын айтып, БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылды.

БШК бул кырдаалды комментарийлөөгө ашыкпай тургандай.

Негизи Текебаевди тил сынагына катыштыруунун айланасындагы маселе Боршайком шайлоону бейтарап уюштурууга жөндөмдүүбү деген суроолорду жаратты.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынын таанылышы үчүн БШКнын күмөн жаралбагандай ишмердик жүргүзүшү маанилүү деген пикирде.

14 жылдан кийинки сапар, өткөөл келишим

Бул аптадагы дагы бир маанилүү окуя Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкекке иш сапар менен келиши болду.

Акыркы 14 жылдан бери алгач ирет атайын сапар менен Кыргызстанга келген өзбек премьери кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сапардын жүрүшүндө 2009-жылдан бери боло элек кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Анын жыйынтыгында айыл чарба, өндүрүш, билим берүү, маданият жаатындагы алаканы күчөтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, буга чейин такталган 1170 чакырым чек ара сызыгы же жалпы чек аранын 84 пайызын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Жакындан тарта гана эки өлкө премьерлери жетектей баштаган жыйын жети сааттан ашык убакытка созулду.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков өткөөл келишимге кол коюлушун тарыхый окуя деп атады:

- 2016-жылдын август айынан азыркы учурга чейин өкмөттүк жумушчу топтордун 15 жыйыны өтүп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын сызыгын чийүүнүн долбоору дайындалды. Азыркы күндө жалпысынан мамлекеттик чек аранын 1170,53 чакырымы сызылып, кыргыз тарап кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге киргизүүнү сунуштады.

Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Арипов.
Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Арипов.

Өткөөл келишимди кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү чек ара маселеси боюнча эки тарап мунаса таап, кабыл алган саясий чечим катары сыпатташты.

Эми бул келишимдин негизинде картага түшүрүү жана башка техникалык иштер аткарылмакчы.

Былтыр Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тарта мамилелер жылый баштаган эки өлкө жетекчилери алаканы тез арада жакшыртуу зарылдыгын белгилеп жатышат.

Өзбек өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун айтымында, мурдагы солгун мамиленин кесепетин жоюуга тезинен аракет көрүү керек:

- Бул башталышы гана деп ойлойм. Башкача айтканда, биз мамилебизди кайрадан карап чыгып, жаңы барактан башташыбыз керек. Экинчиден, биз бош өткөрүп жиберген убакыттын ордун толтурушубуз керек.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке расмий сапары мерчемделип жатканы белгилүү болду.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзөт. Анын ичинен 320 чакырымы буга чейин тактала элек же талаштуу аймак экени айтылып келген эле.

Былтыр жанданган чек араны тактоо боюнча жумушчу топтор 110 чакырымдан ашык чек ара сызыгын тактаганы белгилүү болуп отурат.

Бирок дале болсо эки өлкө ортосундагы 50дөн ашык талаштуу аймак, анклавдардын маселеси бар. Өзбек премьеринин Бишкек сапарында анклавдар боюнча маселе каралган эмес. Ошол эле кезде эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттерин ачуу боюнча бул жолу чечим кабыл алынган жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол чек ара бекети. Бүгүнкү күнү булардын ичинен үчөө гана ачык.

Кийинки өкмөттү ким башкарат?

Ушул аптада Кыргызстанда өкмөттүн тагдыры талкуулана баштады.

Бийликтеги Социал-демократтардан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-августта кызматын тапшырары белгилүү болду.

Буга чейин Жээнбеков БШК талапкер катары расмий каттаган соң кызматтан кетерин айтып келген.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, дүйшөмбү күнү өкмөттүн жыйыны өтүп, анда премьер-министр Жээнбековдун отставкага кетери расмий жарыяланат:

- 21-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт. Ал күнү өкмөттүн кезексиз чоң жыйыны болот. Ал жыйында азыркы премьер-министр, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени боюнча билдирүү жарыяланат. Демек ошол күнү президент Алмазбек Шаршенович өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн түзүүгө мандат тапшырышы кажет. Андан соң Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынат, ал 25-августта болушу мүмкүн.

Мындай маалыматты өкмөттөгү айрым булактар да тастыкташты.

Жаңы өкмөт башчы катары президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси Сапар Исаковдун аты аталууда.

Бийликчил партия Исаковду премьерликке чыгаруу менен президенттик шайлоого тандем менен барууну көздөп жатат дейт саясат талдоочу Марс Сариев:

- Чынында эле КСДП ушул сценарийди ойлонуп жатканы белгилүү. Себеби Жээнбеков-Исаков деп шайлоого аттануу менен тажрыйбалуу саясатчы менен жаш, креативдүү жетекчи биргелешип иштейт дегенди көрсөткүсү келип жатат. Кыргызстанда учурда жаштар бийликке келсин деген пикир бар эмеспи. Анын үстүнө Исаков Көчмөндөр оюндары, "Таза коом" сыяктуу долбоорлорду да ишке ашырууга катышып калбадыбы. Ошондуктан ушундай вариант менен шайлоого баралы деп чечим кабыл алды окшойт.

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков.
Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков.

Бирок Сапар Исаковду премьерликке бекитүү үчүн коалиция парламентте жетиштүү добуш ала алабы деген маселе турат.

Себеби Жээнбековдун ордуна Исаковдун келиши менен деле административдик ресурс колдонулат деп, аны өкмөт башчылыкка каалабаган күчтөр парламентте да арбын. Эң ириде президенттикке талапкер чыгарган “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары каршы болушу мүмкүн.

Ал ортодо Социал-демократтардын ардагерлери деп өзүн атаган бир канча активист президент Атамбаевге кайрылуу жолдоп, Сапар Исаковду премьерликке көрсөтпөөнү өтүндү.

Теракт коркунучу Испанияга жетти

Узап бараткан жумада дүйнөнү кайрадан теракт коркунучу кооптондурду. Буга чейин Германия, Британия, Францияда катталган теракт бул ирет Испаниянын айтылуу Барселона шаарында орун алды.

Бейшембиде шаардын так ортосундагы туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө катуу ылдамдыктагы автофургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеткен. Андан 13 киши каза таап, 100дөн ашууну жараат алды. Барселонадагы автоунаа чабуулуна "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Полиция бул окуяны террорчул акт деп мүнөздөп, башка чабуулдар да пландалганын билдирди.

Теракт курмандыктарын эскерүү учуру.
Теракт курмандыктарын эскерүү учуру.

Барселонадагы чабуулдан көп өтпөй полиция Каталония аймагында дагы бир террордук чабуулдун алдын алды. Теракт жасоону пландаган деген шек менен беш адам атып өлтүрүлдү.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой соңку чагымчыл кол салууну "жихадчылардын чабуулу" деп атап, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады:

- Бүтүндөй Испания дүйнөнүн башка шаарларындай эле жихадчыл террорчулардын чабуулуна кабылган Барселонага тилектеш экенин билдиргим келет. Барселонага кандай таасири болсо, бүтүндөй Испания да ошону сезип турат.

Бул чабуул Европалыктарга коопсуздук маселелер кайрадан эсине салды. Эл көп чогулган жерлерде автоунаа менен сүзүп, адамдарга зыян келтирүү акыркы учурда утур-утур катталууда.

Бир жыл мурда Франциянын Ницца шаарында жүк ташуучу унаа Бастилия күнүн белгилөөгө чогулган адамдарды тебелетип кетип, андан 86 киши каза тапкан. Андан бери мындай унаа чабуулдары Германияда, Британияда катталды.

Ал ортодо Финляндиянын Турку шаарында белгисиз адамдын кол салуусунан эки адам каза болду. Муну өлкө бийликтери террордук акт катары баалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG