Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Ак үйдүн соңку жүрүштөрү, оппозиция баш оорусу


Саясаттагы соңку окуяларды утурлай бир катар талдоочулар быйылкы жаз алда-канча тынч өтөөрүн белгилешип, бийликке коркунуч туудура турган ири митинг-пикеттер болбостугун айтышууда.

Ошол эле маалда президенттин да системалык өзгөрүүгө баруудан башка жолу жок экендигин баса белгилешет. Оппозициялык күчтөр болсо президентти кетирүү талаптарын айтып, күндүн жылышы менен ири массалык акцияларды өткөрүүнү пландашканы менен бийлик өкүлдөрү азыр абал башка экендигин, көпчүлүк оппозицияга ишенбей калганын айтышат.

Айрым талдоочулардын пикиринде, Ак үйдүн соңку жүрүштөрү оппозиция лидерлеринин башын бир кыйла катырып, К.Бакиевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү максаттары ишке ашуусу үчүн күрөшүү ыкмаларын кайрадан ойлонуштурууга мажбур кылууда. Буга президенттин акыркы кадрдык дайындоолору, 27-январдагы калкка кайрылуусу да себеп болду.

Кадрдык жүрүштөргө келсек, көптөгөн жогорку чиновниктер алмашып, бир-эки жыл мурда эле президент Курманбек Бакиевди катуу сындап жүргөн мурдагы депутат, ири ишкер Өмүрбек Бабановдун биринчи вице-премьер-министр кызматына келиши, орточул көз караштагы таанымал саясатчы Муратбек Иманалиевдин бийликке өтүшү сыяктуу учурдар оппозицияны ойго салды. Анткени, оппозициядагы саясатчыларды дагы да болсо бийликке тартуу улана берери айтылууда.

Ал эми президенттин калкка кайрылуусун оппозиция катуу сындап чыкканы менен айрым саясат талдоочулар президент кайрылуусунда системалык өзгөрүшкө бара турганын кыйыр билдиргенин айтышат.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында, ушул сыяктуу ак үйдүн соңку жүрүштөрүнөн улам быйылкы жаз кыйла тынч өтөт.
Президенттин демократиядан башка жолу жок. Марс Сариев
Ошондой эле ал президент өзү деле демократиядан башка жолу жок экенин түшүнүп калганын, андыктан системалык өзгөрүштөргө барарын айтат:

- Азыркыдай абдан борборлошкон, тоталдык президенттик башкаруу болбойт. Муну К. Бакиев деле түшүнүп турат. Өлкөдөгү абалды, кырдаалды байкап атышат. Анткени кырдаал бир заматта курчуп кетиши мүмкүн. Азыр элдин баары президент мындан ары кандай кадамдарга барарын күтүп атышат. Менимче, президенттин демократиялык жолдон, системалык өзгөрүүлөргө баруудан башка жолу деле жок.

Бириккен элдик кыймылдын лидерлери болсо президенттин кадрдык жүрүштөрүнөн эч майнап чыкпасын, бийликке барып жаткандар мурдагы президент Аскар Акаевдин тобунда жүргөн гана адамдар экенин айтышат.

БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Исмаил Исаков бул тууралу мындай дейт:

- Жанагы бийликке баргандар оппозициялык күчтөрдөн келди деген сөздөргө мен кошулбайм. Баягы эле урматтуу Аскар Акаевдин “Алга Кыргызстанынан” келген, ошолордун эле чапанын жамынган адамдар келип атышат. Андан башка өзгөрүү болгон жок. Азыр толук А. Акаевдин кишилери бийликте отурушат.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин баамында, оппозиция канчалык аракет кылбасын быйылкы жаз тынч
Азыр А.Акаевдин кишилери бийликте отурушат. И.Исаков
өтөт. Ошондой эле мындан ары оппозициянын күчү барган сайын басаңдап, кыйласы бийлик менен кызматташууга өтөт:

- Менин оюмча, мындан ары да оппозициянын бир топ өкүлдөрү бийликке тартылат. Андан тышкары оппозициядагы радикалдуу өкүлдөрдөн тышкары орточул көз караштагы адамдар да бийликке келип атат. Мына, Муратбек Иманалиев президенттин кеңешчиси болду, андан мурда Нарын Айып “Кабарга” келген. Кыргызпатентке бийликке сын көз карашта жүргөн жаш жигит келди. Мындай тажрыйба мындан ары да уланат.

Андан тышкары депутат Бегалы Наргозуевдин айтымында, учурда оппозиция бийликтин бир колго топтолуп, борбордук бийлик абдан
Мындан ары да оппозициядагылар бийликке келе берет. Б.Наргозуев
күчтөнгөнүн айыптап жатышканы менен мындай башкаруу азыркы мезгилге кыйла туура келет жана экономиканын чыңдалышына алып келет. Бирок мындай көз караштын каршылаштары бийликтин бир колго топтолушу адам укуктарынын бузулушуна, айрым учурларда репрессиялык кадамдарга алып келиши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG