Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Мамалактар ай!..


Жемкор. Кимбайкенин азил сүрөтү. 23.7.2011.
Жемкор. Кимбайкенин азил сүрөтү. 23.7.2011.

"Күлкү кербендин" кезектеги шиңгили жемкор аким тууралуу азилге арналды.

Эл оозунда “жегич” “жемкор”, “акы төлөгөнгө келгенде малчыларына өтө сараң мамиле кылат” деген атка калган бир аким болуп иштеп калган тоолук аткаминерге эски таанышы капысынан учурап калыптыр да:

–– Мамалактарың жакшы жүрөбү? –– деп сураптыр.

–– Каяктагы мамалак? Каяктагы топоз? Ушу сырт жакта бактырып жаткан топоздорум, үйүр жылкыларым жөнүндө сага да каңшаар жеттиби? Көрө албайсыңар да, көрө албайсыңар кишини!.. –– деп тиги мурдагы аткаминер буркулдап, этегин кагынып тура калыптыр.

–– Жок, жо-ок, тууганым! Мен жөн эле баягы өзүм көргөндөгү кичинекей чүрпөлөрүң эми чоңоюп калдыбы? деп эле сурап жатам...

* * * * * * *

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG