Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Такмазаны бажыдан баштасак...


Чоң жолдун Чокчолой баатыры. 23.7.2011.
Чоң жолдун Чокчолой баатыры. 23.7.2011.

«Күлкү кербенинин» кезектеги чыгарылышы жемкорлук жаатындагы азилдерге арналды.

* * * * *

Кыргызстандын атуулдарынын тобу жемкорлукту чектөө тууралуу демилге көтөрүп чыгышты.

«Албетте, көз ачып жумгуча коррупцияны түп-тамырынан жоюу мүмкүн эмес. Биз деле көмүскө миллионерлерди дароо жоготуу кыйынга тураарын түшүнөбүз. Оболу бажы тармагынан баштайлычы. Анын ичинен эксперимент катары Эркечтамдагы бажы көзөмөлүнөн баштайлычы», деп билдиришти.

Баарынан кызыгы, Өкмөт ары карап ойлонуп, бери карап ойлонуп, «Ала Тоо» аянтындагылардын талабын калчап көрүп, буга макул болду да, сынак катары 6 ай бою Эркечтамда көзөмөлдү күчөтүүнү, ал жерден Кытайдын чегинен бери жакка бажы салыгын төлөбөгөн соодагерди гана эмес, сокур чычканды да өткөрбөй коюуну чечти.

Ошол сааттан тартып Торугарт жактагы кызмат орундары беш эсе кымбатка сатыла баштагандыгын бажыдагы айрым дили бузуктар «батышчыл» медиаларга шыбырай башташты дешет.

* * * * *

–– Баланча байке өл-лө байып кетиптир го?

–– Эмне, коррупция менен алектенет бекен?

–– Жо-ок, коррупцияга каршы жигердүү күрөшөт экен!..

* * * * *

–– Таяке, мага маршруткага карыз акча бере туруңузчу?

–– Деги, суранганыңды койбодуң. Иштесең боло! Кыймылдасаң боло! «Фархати» атыңды булгабай!

–– Кыймылдап атам, таяке. Азыр Бишкеккке барам. Анан мага 7 миллион доллардык имаратты бир байке менчигиме жаздырып койом деп жатат.

–– Анан маршруткаңа акча чыгабы?

–– Анысын деле билбедим, бирок «Фейсбуктагы» досторум: «Оме-ей, сенин 7 миллион доллардык имаратың бар экен!» дешсе жагымдуу да!..

* * * * *

–– Мен атайын чет жактан келип, концерт кылайын десем, зал боп-бош: белет сатып алган элдин баары башка жакка кетип калыптыр! Деги, алар каяка кетишти? Эстраданын супер жылдызын да ушинтип кор кылып баалашабы?!.

–– Алар «бажы падышасы» делген бир килейген жемкордун үстүнөн болгон ачык сотко кетишти. Ошол жак көрүүчүлөргө сиздин ырларыңыздан кызыктуу экен!..

* * * * *

–– Эмнеге кээ бир депутаттар менен мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн мүлкү тууралуу декларацияда «жеке менчикте эски «Жигули» унаам, атамдан мурасталган жепирейген үйүм эле бар», деп көрсөтүшөт да, айдаган «Лексус» унаасы менен байырлап жаткан үч кабат аксарайын жашырып коюшат?

–– Анын сыры жөнөкөй эле. Бийлик алардан иштеп тапкан мыйзамдуу мүлктүн чоо-жайын сурайт. Берки мүлкү болсо –– уурдалган мүлк эмеспи!

* * * * *

–– Менин аябагандай көп акчам бар. Улуу Британиянын банктарынын бирине салып койгом.

–– Анан ошол акчаңды пайдаланбайсыңбы! Мына, үстүңдөгү кийимиң тим эле самсаалап калыптыр.

–– Ошону суратып ала албай жатам. Аны качып кеткен президенттин уулунун эсебине жаздырып койгонбуз да!..

* * * * *

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG