Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Кыргыз шумкары Түркияда тапталды


Адисбек Жакыпбаев аскердик учкуч кесибине ээ болду.
Адисбек Жакыпбаев аскердик учкуч кесибине ээ болду.

Түркиянын Улуттук коргоо университетинде ондогон кыргызстандык студент билим алат. Атайын аскердик тартип менен билим алган жигиттер бул университетте аскердик учкуч жана инженер кесиптерине ээ болушат.

12-майда Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн академиясынын бүтүрүүчү курсанттары аскердик учактар менен атайын шоу көрсөтүштү. Стамбул шаарынын тургундарына акысыз көрсөтүлгөн бул иш-чарага кыргызстандык курсанттар да катышты. Академиянын бүтүрүүчүсү Адисбек Жакыпбаев уюштурулган иш-чара жыл сайын өтөөрүн айтты:

«Негизи бул академиянын өздүк майрамы десек да болот. Үч күнгө созулган иш-чарада жөнөкөй адамдар академияга келип, курсанттар же мугалимдер менен сүйлөшүп, билим алгысы келген жаштар да агылып келет. Жылда бир жолу уюштурулган бул мааракеге биз да абдан даярданабыз».

Генерал Хасан Күчүкакйүз менен Адисбек Жакыпбаев.
Генерал Хасан Күчүкакйүз менен Адисбек Жакыпбаев.

Адисбек окуган Аскер-аба күчтөрүнүн академиясы Түркиянын Улуттук коргоо университетине карайт. Билим алуусу, жашаган жатаканалары жана колдонгон шаймандары толугу менен Түркиянын Коргоо министрлиги тарабынан текшерилет. Бир канча чет өлкөдөн атайын келишим аркылуу тандалып келген курсанттар да бул эрежеге көнүп билим алышат.

Адисбек өзү окуп жаткан академия тууралуу кыскача гана маалымат берди:

«Мен беш жылдан бери академияда билим алып жатам. Күнүмдүк билим алуубуз катуу тартипте өтөт. Беш жылдан бери аскердик тартипке көнүп калдым десем болот. Академия заманбап шаймандар менен жабдылган. Жатаканабыз, жашоо шартыбыз жогорку деңгээлде. Ошондуктан Түркиянын армиясы күчтүү деп ойлойм. Анткени аскерлерди даярдоочу окуу жайлары заманбап талаптарга жооп берет. Биздин Кыргызстанда да ушундай заманбап талаптарга жооп берген аскердик окуу жайлары көбөйөт деген үмүттөмүн».

Адисбек Жакыпбаев досу менен.
Адисбек Жакыпбаев досу менен.

Кыргызстандык курсант окуп жаткан академия аскердик учкучтарды, инженерлерди жана техниктерди даярдап чыгат. Билим берүү толугу менен акысыз. Кыргызстандан атайын сынактан өтүп келген Адисбек Түркияда аскердик билим алгысы келген кыргыз жаштарга кеңеш берди:

«Кыргызстандын Коргоо министрлигинин алдында жыл сайын Түркиянын аскердик жогорку окуу жайларына сынак жарыяланат. Физикалык кароо сынактарынан тышкары эң маанилүүсү - англис тилин жакшы өздөштүргөнү. Анткени мен окуп жаткан академияда билим берүү англис тилинде өтөт».

Адисбек Жакыпбаев тайпалаштары менен.
Адисбек Жакыпбаев тайпалаштары менен.

Адисбек Жакыпбаев быйыл Стамбул шаарындагы Аскер-аба күчтөрүнүн академиясын аяктайт. Аскердик учкуч адистиги боюнча жогорку билим алган кыргыз жигит мекенине кайтып кызмат кылууга даяр экенин баса белгиледи:

«Албетте, чет өлкөдө катуу тартип менен билим алгандан кийин элибизге, жерибизге барып кызмат кылганга даярмын. Мекенчилдик сезимдер аскер окуу жайларында өзгөчө басымдуулук кылат. Менин калыптанышыма да дал ушул мекенчилдик сезим көп түрткү берип, учурда Кыргызстанга кайтууга даярдык көрүп жатам».

Адисбек Жакыпбаев билим алып жаткан Түркиянын Аскер-аба күчтөрүнүн академиясын 1992-жылдан бери 160ка жакын чет өлкөлүк курсант бүтүрүп кеткен. Алар Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Албания, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн келишкен. Жылына академия он чакты өлкөдөн 30 гана курсантты кабыл алат.

Ал эми Түркиянын Полиция академиясында, Улуттук коргоо университетинде жана Аскердик госпиталда да билим алган кыргызстандык студенттер бар. Жалпысынан Түркияда үч миңге жакын кыргызстандык студент жогорку билим алып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG