Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

«Ак-Суу Кенчтеги» булганыч суунун көйгөйү


Теплоключенка айылынын митингге чыккан тургундары. 27-май, 2019-жыл.
Теплоключенка айылынын митингге чыккан тургундары. 27-май, 2019-жыл.

27-майда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары кайрадан «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы абалды оңдоону кайрадан райондук бийликтен талап кылышты.

Маселенин көтөрүлүшүн жергиликтүү тургундар эс алуу бассейниндеги суунун Ак-Суу дарыясына куюлушу, мыйзамсыз курулуштардын пайда болушу менен байланыштырышты. Бул жөнүндө мурун да кеп козголуп, анда «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайын иштетип жаткандар жергиликтүү тургундарды «ишкердикке тоскоол болуп жатышат» деп айыпташкан.

Тараптардын пикир келишпестигине байланыштуу маселени териштирүү үчүн комиссия түзүлүп, эс алуу жайы ишин убактылуу токтоткон. 200дөй киши чогулган акыркы жыйында райондук деңгээлдеги тиешелүү органдар нааразы тарапка жагдайды түшүндүрүштү.

Теплоключенка айылынын тургундары Ак-Суу райондук администрациясына убактылуу жабылып турган «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайын текшерип жаткан комиссиянын маалыматын укканы келишкен. Комиссиянын мүчөлөрү, ар бир мекеме өкүлдөрү текшерүүнүн өздөрүнө тиешелүү жыйынтыктарын айтып беришти.

Аскат Казакбаев.
Аскат Казакбаев.

​Алгач Ак-Суу райондук архитектура башкармалыгынын жетекчиси, комиссиянын мүчөсү Советбек Уралиев эс алуу жайындагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар тууралуу маалымат берди. Ал эми Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Аскат Казакбаев өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы коопсуздук үчүн суу жээгине 150 метр дамба куруу жөнүндө эс алуу жайынын жетекчилигине берген тапшырманын аткарылышы тууралуу баяндады:

«Дамбанын узундугу 150 метр болуп салыныш керек болчу. Мында 30 метр салыныптыр. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жыйынтыгында да «дамба салынсын» деп жазылган. Талаптар аткарыла элек. Акт берилген».

Жергиликтүү жаштар дамба курууда дайранын нугу бурулганына нааразы болушту.

Бакыт Исаев.
Бакыт Исаев.

«Булар дамбаны салсын, анан андан кийинкилер салсын, ошентип анан Ак-Суу аягында барып жок болуп кетсинби же кандай? Мундай дамба салууга ким уруксат берип жатат?»,-деп суроо койду Теплоключенка айылынын тургуну Бакыт Исаев.

Жергиликтүүлөр эс алуу жайындагы бассейндин суусу Ак-Суу дайрасына куюп жатканына айрыкча нааразы болуп жатышат. Алар «эс алуу жайы өзүнө саркынды сууну тазалоочу жай курганда гана иштетүүгө уруксат берилсин» деген талап коюшту. Андан сырткары айылдыктар райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси, комиссиянын мүчөсү Аскарбек Айдакеевден Ак-Суу дайрасынын суусунун тазалыгына кызыгышты.

«Ушул Ак-Суу дайрасынан суу ичкенге болобу?» - деп суроо берди Бакыт Исаев.

Аскарбек Айдакеев.
Аскарбек Айдакеев.

«Ак-Суунун Теплоключенка айылында түтүк менен тартылып келген суу бар. Өткөндө анализ алдык, биздин талапка жооп бербейт. Андан суу ичкенге болбойт», - деди Аскарбек Айдакеев.

Айыл жаштары райондун жана айыл аймагынын жетекчисинен ичүүчү таза суу маселесин тез арада чечип берүүнү да суранышты.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайындагы бир катар мыйзамсыз иштер бар экенин айтып берди. Инспекциянын Каракол шаары, Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондору боюнча улук инспектору Кайрат Атагозиев мындай деди:

Кайрат Атагозиев.
Кайрат Атагозиев.

«15 май күнү пландан тышкары текшерүүгө жеке ишкер Чынара Урманаеванын объектисине барып текшерүү жүргүздүк. Текшерүүдө көп мыйзам бузуу аныкталды. Сиздер көрсөткөн саркынды суу Ак-Суу дарыясына куюп жатканы аныкталган жок. Анткени, 7-май күнү айыл жаштары чогулуп, сууну бекиттирип койгон. 15-май күнү текшерүүгө барганда бассейнде такыр суу жок болчу. Экинчиден, жер маселеси боюнча Чынара Урманаевага тиешелүү 20 сотых жер болчу, мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн, биз текшерген учурда 15 сотых ашыкча экени аныкталды. Курулуш маселеси боюнча, сиздер айтып аткан суу сактоо аймагындагы жаңы курулган бассейндер мыйзамсыз курулган. Эч кандай уруксат кагаздары жок».

Кайрат Атагозиевдин айтымында, жеке ишкердин мыйзамсыз иштери аныкталган соң 4 тармак - суу көзөмөлү, жер көзөмөлү, архитектуралык курулуш жана экологиялык тармак боюнча протокол түзүлүп айыппул салынган. Андан тышкары эскертүү кагазы берилип, 30 күндүк мөөнөт коюлган. Ошол күн ичинде жогорудагы мүчүлүштүктөрдү эс алуу жайынын ээси жоюуга тийиш. Анын айтымында, азыр эс алуу жайын убактылуу жабылган.

Ал эми эс алуучу жайдын ээси Чынара Урманаева кеткен кемчиликтерди оңдоого аракет кылрын айтты. Ал жергиликтүү тургундардын аракеттерин ишкердикке болгон тоскоолдук деп эсептейт.

Чынара Урманаева.
Чынара Урманаева.

«Бүгүнкү жолугушуу бир тараптуу гана болду, - дейт ишкер. - Өзүңүздөр көргөндөй, өкмөт өкүлдөрүнүн бирөө да мен тарапта болгон жок. Мен баса айта алам, булар ишкердикке бут тосуп атышат. Бизди иштетебиз деген эч ким сунуш айта алган жок. Бир гана жаптыруу маселесин көтөрүп жатышты. Президентибиздин, кыргыз өкмөтүнүн саясатын бул жерде, Теплоключенка айыл өкмөтүндө колдогон киши жок. Менин ишкердигимди андан ары өркүндөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Алар менден саркынды сууну тазалоочу жай салууну талап кылып жатышат. Мына, жаныбызда өкмөт салып берген саркынды суу тазалоочу жай турат, ошол төрт жыл мурун курулган, ошону эми кабыл ала албай турушат. Эми мени «1 айдын ичинде салып кой» деп жатышат. Мыйзамды бузуу дагы эле бар».

Жеке ишкер Чынара Урманаева эс алуу жайын куруш үчүн көп өлчөмдө насыя алып иштетип келатканын айтты. Ал азыр эс алуу жайы иштебей жаткандыктан насыядан алган каражатын төлөй албай күйүп жатканын жүйө келтирди. Эми саркынды сууну тазалоочу жайды куруш үчүн банктар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын да айтты.

Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Чогулгандар жергиликтүү жетекчилерге «Ак-Суу капчыгайында жайгашкан бардык эс алуу жайларын текшерип чыккыла» деп талап коюшту. Андан тышкары «берилген мөөнөт ичинде «Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы кемчиликтерин оңдобосо жабылсын» деген талабын айтып тарап кетишти.

2019-жылдын 7-май күнү жергиликтүү жаштар «эс алуу жайындагы бассейндеги суу Ак-Суу дайрасына куюп жатат» деп эс алуу жайдын суусун токтотушкан.

«Ак-Суу Кенч» эс алуу жайы Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын жогору жагындагы капчыгайда, Ак-Суу курортунун жанында жайгашкан. Ал жерди жеке ишкер Чынара Урманаева 2015-жылы жеке менчикке сатып алган. Сатып алгандан тартып курулуш иштерин жүргүзүп, 2018-жылдын июль айынан бери иштеп келет. Эс алуу жайы 20 сотых жер. Ал жакта Ак-Суу курортунан тартылып келген дарычылык касиети бар жылуу суу чыгат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG