Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Элчи Жунусов: Анкарадагы кол салууга күбө болдум


Ибрагим Жунусов (солдон экинчи), Андрей Карлов сүйлөп жатат.
Ибрагим Жунусов (солдон экинчи), Андрей Карлов сүйлөп жатат.

19-декабрда Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго кол салуу болду. Алган жараатынан өзүнө келбей элчи ооруканада каза тапты. Карлов менен бирге көргөзмөнүн ачылышына барып, окуяга күбө болгон Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов "Азаттыкка" кыска маек курду.

"Азаттык": Каргашалуу окуя болгон маалда сиз дагы ошол көргөзмөнүн ачылышында болгон турбайсызбы? Окуя кандай болгонун айтып бересизби?

Ибрагим Жунусов: Өзбекстандын элчиси, мен, Карлов үчөөбүз жанаша сүйлөшүп турганбыз. Анан Карловго сөз берилди, биз ардактуу коноктор катары трибунанын алдында турган элек. Бир жигит ары-бери басып жүргөн. Мен күзөт кызматынан го деп ойлогом.

Карлов эки мүнөт сүйлөй электе эле тарсылдаган октун үнү чыкты. Жанагы ары-бери басып жүргөн бала тапанчасын көтөрүп эле “Аллах акбар” деп кыйкырганын көрдүм. Кимдир бирөө “Жаткыла!” деп буйрук берди. Атургай башыбыздан түртүп жаткыргандай болду. Ким экенин өзүм билбейм. Биз Карловдон көп болсо үч метр алыс турганбыз. Жаттык, баягы бала аткылап кирди. Бир убакта карасам огу түгөнүптүр. Ошондо тура калып кача баштадык. Бирөөлөр “Качпагыла! Жаткыла!” деп кыйкырды. Анан кайрадан октун үнү чыга баштады. Биз сыртка чыкканга жетишип калдык. Кийин калгандары чыга албай калыптыр.

"Азаттык": Башка кыргызстандыктар жок беле ал жерде? Кимдер жабыркады?

Ибрагим Жунусов: Жок, айдоочум экөөбүз эле барганбыз. Негизинен ал жерде орусиялык коноктор, анан түрктөр көп эле. Жалпы 150дөй адам бар эле. Бирок алардын бардыгы качкан жок, жатып калышты. Айткандай эле бизди да бирөөлөр жаткырды. Кимдер жабыркаганын деле билбейм. Кудай сактады. Азыр өзүмө келе элекмин, дагы эле нес абалда турам.

Түркиядагы орус элчиси өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG