Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Бурулайдын иши: жоголгон видео


Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.
Бурулай Турдаалы кызынын сүрөтү.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү боюнча Республикалык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда Бурулайдын денесиндеги тактар бычактан эмес, жүрөктү кайра жандандыруучу аппараттан пайда болгону жана Бурулай ооруканадан каза тапканы жазылган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын денесиндеги тактардын табиятын аныкташ үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору экинчи ирет экспертиза өткөрүп, анын жыйынтыгын 8-августта жарыя кылды. Бир нече адистерден турган комиссия "Бурулайдын денесиндеги тактар бычактан эмес, жүрөктү жандандыруучу аппараттан пайда болгон" деп корутунду чыгарган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова "Азаттыкка" бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биринчи экспертизадай эле, экинчи экспертизанын жыйынтыгы да "Бурулайдын денесиндеги тактар - дефибрилятордон күйгөн тактар, эч кандай жазуу жок" деп чыкты. Корутундунун көчүрмөлөрү Бурулайдын ата-энесине берилди. Алар корутундунун кээ бир бөлүктөрү менен макул эмес экенин билдиришти. Учурда тергөө аягына чыгайын деп калды.

Алгачкы жүргүзүлгөн экспертизада "Бурулай окуя болгон жерден жан берген" деп жазылган. Экинчи ирет жүргүзүлгөн экспертизада бул жагдай "ал ооруканада канды көп жоготкону үчүн өлгөн" деп өзгөртүлгөн. Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен кызынын денесин эксгумациялоодон баш тартканын “Азаттыкка” билдирди. Ал Бурулайдын окуясын иликтөөдө милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигине тийиштүү деңгээлде баа берилбей жатканын айтып, тергөө алардын айбынын жашырууга аракет кылып жатат деп эсептейт:

28-майдагы РОВДдагы видеокамералардын файлдарын өчүрүп жиберишиптир.

- 28-майдагы РОВДдагы видеокамералардын файлдарын өчүрүп жиберишиптир. "Ал файлдарды эки эле күн сактайт экен" деп айтып жатышат. Булар милициянын артын жапканга аракет кылууда. Жөнөкөй дүкөндө деле видеокамералардын файлдары бир топко чейин сакталат. Анан булардыкы кантип эле эки күндө өчүп кетет? Эгер милиционерлер Бурулай саат канчада келгенин, кайра аны канчада алып чыгып кетишкенин видеодон көрсөтүшсө, өздөрүнө эле жакшы болмок да, анык далил болуп. Бирок УКМКнын да, Чүй облусунун тергөөчүсү да "видео өчүп калган" деп жатышат. Бул жерде бир мандем бар.

Мындан бир ай мурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашгар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырган. Бурулдайын атасы Турдаалы Кожоналиевдин айтымында ал министр менен ушул күнгө чейин жолуга элек.

Турдаалы Кожоналиев.
Турдаалы Кожоналиев.

- Президентке деле кат жаздым. Аппаратынан бирөөнү жөнөтүптүр. Ошону менен жолуктум. Министр кабыл алган жок. Алар оозу менен эле айтып коет экен. Кечээ чакырган экен, авдокаттарым бошобой, бара албай калып, бүгүн кирейин десем, тергөөчү бүгүн бошобойт. "Эми дагы бир күнү өзү чакырат" деп койду.

Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Назира Абдумуминова милиция кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып коюлбай жатканын айтып, мындай сунушту соттук териштирүү учурунда сөзсүз киргизе турганын кошумчалады:

"Бул иш президенттин, өкмөт башчынын жеке карамагында" деп айтышканы менен аны биз байкабай жатабыз.

- Видеонун жок болгондугун биз "далилди атайын жок кылып салган" деп сыпаттайбыз. Президенттин аппаратынын өкүлүнө да нааразылыгыбызды билдирдик. "Бул иш президенттин, өкмөт башчынын жеке карамагында" деп айтышканы менен аны биз байкабай жатабыз. Эмне себептен милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси боюнча эле айып тагылган? Ага ашып кетсе беш жыл колонияга кесет. Жумушунан айрылганы эле болбосо, үйүндө эле жүрө берет. "Бурулай кан жоготуудан жан берди" деп жатышат. Эмнеге ага тез жардам көрсөтүлгөн эмес? Мыйзам чегинде кандай жазага тартылышы керек болсо, ошондой жазага тартылсын деп жатабыз.

Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн өкүлү Медет Иманкулов Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө камера болууга тийиш эмес экенин айтты.

- Окуя болгон жерде камера жок экен. Ал жарандардын кабылдамасы да. Ал жерге камеранын кереги жок.

Мыйзамга ылайык Бурулайдын жакындары комплекстүү экспертиза жүргүзүүгө укугу бар. Бирок азырынча Бурулайдын ата-энеси да, адвокаттар да андай чечим кабыл ала элек.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. Кылмышка шектүү Марс Бөдөшев соттун чечими менен эки айга абакка камалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG