Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Бишкекте илдет жугузгандар көбөйдү


Бишкек шаары. 21-март, 2020-жыл.
Бишкек шаары. 21-март, 2020-жыл.

20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандар 568 адамга жетти. Баш калаа Бишкекте 115 киши ооруп жатканы маалым болду. Адистер баш калаада илдет жуккандар көбөйүп жатканына тынчсызданууда.

Буга чейин Бишкекте вирус үй-бүлө мүчөлөрүнөн же бири-бири менен байланышта болгон адамдардан жукса, азыр белгисиз жерден жугузгандар чыгып жатат.

Коронавирустун жайылышы чон шаарлар үчүн көбүрөөк коркунучтуу. Анткени аймактарда, айыл жерлеринде оорулуу ким менен байланышта болгонун анык билсе, шаарда вирустун кимден жукканын аныктоо мүмкүн эмес.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 20-апрелде брифингде буларды айтты:

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Күн жылыган сайын көчөдө, эс алуу бактарында балдарын ээрчитип же кол арабаларга салып эс алып жүргөн ата-энелер байкалууда. Велосипед менен жүргөндөр да көп. Ата-энелерге кайрылат элем: балдарга акыл-насаат айтып, аларга өзгөчө абал жөнүндө түшүндүрүп, колдон келсе үйдө отургула. Кимде-ким велосипед менен өзгөчө абалдын талаптарын аткарбай, санитардык нормаларды сактабай көчөдө жүрсө - велосипед убактылуу алынат. Мен түшүнүп турам, балдар сыртка чыгып ойногусу келет. Бирок мындай жол менен ооруну жеңе албайбыз».

Орозалиев 20-апрелге караган түнү Кыргызстан боюнча 81 адам коменданттык сааттын талаптарын бузса, анын 66сы Бишкек шаарынын тургундары болгонун да кошумчалады.

Карантиндин талаптарын аткарбай жаткандар башка аймактарга караганда Бишкек шаарында көп. Адистер карантиндин талаптары туура сакталбаса, бул миллиондон ашык калкы бар Бишкекте оорунун тез тарашына шарт түзөрүн эскертишүүдө.

Кыргызстанда түзүлгөн Илимий-консультациялык кеңештин мүчөсү, Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башчысы, профессор Калдарбек Абдраманов шаар жеринде, айрыкча киши көп жашаган көп кабаттуу үйлөрдө карантиндин эрежелери жакшы сакталбаса, вирус бат жайылып, медициналык кризиске алып келиши мүмкүн экенин эске салды:

Калдарбек Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов.

«Шаарда абал өтө оор. «Биринчи жана экинчи категориядагы контакт болгондорду таап көзөмөлдөп жатабыз» деп жатышат. Алардын баары шарттуу түрдө жасалган нерсе. Бул жакшы. Бирок реалдуу көрсөткүч андан 2-3 эсе жогору болушу мүмкүн. Шаарда жарандардын бири-бири менен качан, кайсы жерде контактта болгонун билиш өтө кыйын. Анткени көпчүлүк жарандар көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Үйгө кирип баратканда эшиктин туткасын ким кармаганын, лифттин баскычын ким басканын билиш кыйын. Эгер көп кабаттуу үйдө бир оорулуу жашаса, ал ошол лифтти колдонуп чыкса, анын артынан чыккандардын баарына жугат. Ошондуктан шаарда вирусту кимден жугузуп алганын билиш өтө кыйын. Ошондуктан карантинде үйдөн чыкпай отуруш керек. Керек болсо 15-майга чейин карантинде отуруу зарыл. Биздин элдин менталитети башкача, азыр жаз келгенге баары көчөгө чыгып алды. Эгер карантин сакталбай, абал күчөп кетсе 50-60 адам өтө оор абалда ооруканага түшсө, медициналык коллапс башталат. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болот. Биз ошондо колубузду куушуруп эле отуруп калабыз».

Кыргызстанда коронавирус илдети алгач 18-мартта катталган. Бүгүнкү күндө вирус жуккандар 568 кишиге жетти. Илдеттен жети киши каза болду. Оору жугузгандардын 140ы медицина кызматкерлери. Толук айыгып чыккандар 200 адамдан ашты.

Далилдөөчү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова оору жугузгандардын саны расмий көрсөткүчтөн көп болушу ыктымал деп эсептейт.

Башка өлкөлөрдө абал ачык айтылып жатат. Бизде болсо медицина кызматкерлерин коркутуп, унчукпай отурууга мажбурлап жатышат.

«Эгер абал көзөмөлдөнбөсө аягы өтө жаман болот, - деди ал. - Башка өлкөлөрдө абал ачык айтылып жатат. Бизде болсо медицина кызматкерлерин коркутуп, унчукпай отурууга мажбурлап жатышат. Эгер алар баарын ачык айтканда биз чыныгы абалды көрмөкпүз. Жарандар да коркуп, ооруганын жашырышууда. Ким менен байланышта болгонун айткысы келбегендер көп. Эгер алар «мен бул жактан келдим, бул адамдар менен байланышта болдум, менин дене табым көтөрүлүп жатат, карап койгулачы» деп медицина кызматкерлерине өздөрү кайрылышса, ооруну ооздуктоо оңой болмок. Азыр эми вирус кимден жукканы маанилүү эмес. Анткени жугуу жолдору көбөйдү. Эми кимге жугушу мүмкүн экени маанилүү болуп турат. Себеби, Кыргызстанда коронавирус кишиден кишине жуга турган төртүнчү этапка жетти. Түштүк Кореяда, Кытайда вирустун кайда кеткенин аныкташ үчүн оору чыккан адамдардын бардык тааныштарынан жана ошол аймакта жашагандардан тест алып жатышат. Ошондо гана баарын көзөмөлдөгөнгө болот».

Адистер ооруну ооздукташ үчүн коронавирусту аныктай турган лабораториялар көп болушу керек экенин белгилеп келишкен. Ушундан улам Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик лабораторияларга жарандарды тесттен өткөрүүгө уруксат берди. Жакынкы күндөрү Бишкекте Бонецкий менчик лабораториясында коронавирусту аныктоо боюнча иштер башталат. Коронавируска карата алынуучу анализ тапшыруунун орточо акысы 2000 сом болоору айтылууда.

Чикагодогу дарыгер Абдыраков: "Коронавирустун ачыла элек жактары көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG