Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Депозитке акча салгандар арбыды


Кыргызстандын улуттук валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын улуттук валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттердин көлөмү беш жылда 50% арбыды. 2015-жылы жарандар 100 млрд. сомдой акчасын банктарга аманат катары берсе, 2019-жылдын жыйынтыгында анын суммасы 150 миллиард сомдон ашты.

Адистер муну банктарга карата ишеним күч алганы байланыштырууда. Ошол эле кезде каражатын атайын эсепте сактагандан чочулагандар да бар. Буга бир учурда алданып калган фактылар себеп болот.

«Элдик экономика» түрмөгү ушул темага арналды.

Акча топтоонун жолу

Биринчиден, бул берүү жарнамалык мааниде эмес экенин тактап коёлу. Экинчиден, кайсы бир коммерциялык банктын кемчиликтерин көрсөтүү максаты да жок. Биз болгону депозит же аманаттын күңгөй-тескейин талдоого алабыз.

Демек, кепти алгач кардардан баштайлы. Акчасын банкта кармагандардын бири, Ош шаарынын тургуну Асанбек Каракозуев өз мисалын айтып берди.

Асанбек Каракозуев.
Асанбек Каракозуев.

«Мен ипотека менен үй алган элем. Ошого кошумча ипотека алган эле банктан депозиттик эсеп ачып, акча топтой баштадым. Салып жүрүп, бир топ убакыт өткөндөн кийин 700 миң сом топтоп койдум. Пайызы 40 миң сомдой болуп калыптыр. Ошону менен ипотекалык үйүмдүн калдык суммасын толук төлөп, кутулуп чыгып кеттим. Ошондон кийин үйрөнүп алдым да, тапкан акчамдын бир бөлүгүн сөзсүз депозитке сала турган болуп калдым», - деди ал.

Каарманыбыз үгүт болуп калбаш үчүн банктын аталышын жана депозитинин пайызын ачык айткан жок. Бирок ал аманатка акча салуунун артыкчылыгы катары каражаттын билинбей топтолуп калышын атады.

«Кээ бирлери «жөн турган акча өлүү акча болуп калат, иштебей жатат» дегендей мааниде айтып калышат. Мен ага кошулбайм. Анткени ал аз-аздан болсо деле иштеп жатат, пайызы азыраак болсо да топтоп жатат. Эгерде ал акча менин колумда болгондо максаттуу пайдалана албай калмакмын. Той-топурга же дагы бир ушуга окшогон майда-чүйдө бир нерселерге иштетип жиберишим мүмкүн эле. Ал эми депозитте турганда акча топтолуп калса, чоңураак бир нерсеге жумшасам болот. Азыр менин тааныштарым балдарына же башка максаттар үчүн да салып коюп жатышат», - деди Асанбек Каракозуев.

Ооба, кийинки убакта Кыргызстанда балага капитал чогултуу максатында банктардын атайын депозитине акча салгандар да көбөйдү. Маянасынын бир бөлүгүн, пенсиясын же ашыкча акчасын шартына жараша сактагандар да бар.

Кундуз Азарбекова.
Кундуз Азарбекова.

Бул үчүн банктар да балдарга арналган, карыларга ылайыкталган же улам кошуп турган, зарыл болсо бир бөлүгүн кайра алууга мүмкүнчүлүк берген депозиттерди сунуш кылышат. Пайыздар да ар кандай болот. Ушул жагдайлар акча сактагысы келгендерди көбөйтүп жаткансыйт.

«Бакай» банкынын маркетинг башкармалыгынын кызматкери Кундуз Азарбекова кепке кошулду.

«Негизи акчасын банкта сактагандар жылдан-жылга көбөйүп жатканы байкалат. Анын ичинде «Бакай банк» ачык акционердик коомунда депозиттер көбөйдү. Акыркы эсептер боюнча биздин банкка акча салган кардарлар 170 миңден ашты. Буга жагымдуу пайыздык чендердин коюлушу, банктагы тейлөөнүн сапаттуулугу сыяктуу жагдайлар себеп десе болот», - деди ал.

Ал эми мамлекеттик деп саналган «Айыл банк» кардарларынын санын эмес, депозиттерде топтолгон акча каражаттарынын көлөмү менен бөлүштү. Банктын өкүлү Жылдыз Садыкованы угалы.

Жылдыз Садыкова.
Жылдыз Садыкова.

«Эгерде биз 2019-жылдын 1-январын карасак, депозиттик портфель 12,8 млрд. сом болгон. Быйыл 1-январдын жыйынтыгында депозиттик портфелдин көлөмү 14,3 млрд. сом болду. Башкача айтканда бир жылдын ичинде кардарлардын депозити 1,5 млрд. сомго көбөйдү», - деди Садыкова.

Ошентип айрым банктардын бир-эки жылдык эсеби менен биз депозитке акча салып жаткандар да, салынган каражаттардын суммасы да көбөйүп жатканын биле алдык. Эгер соңку беш жылдын мисалын алсак, абал мындан да ачыгыраак көрүнөт жана өсүш 50% экени байкалат.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жалпы банктардагы депозиттердин динамикасын чечмеледи:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

«2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын банк системасында болгон депозиттердин саны 150 млрд. сомдон ашты. Ал эми 2020-жылдын январынын жыйынтыгы боюнча бул сумма 153 млрд. сомду түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылы 102 млрд. сом болчу. Башкача айтканда беш жылда 50 млрд. сомго өсүп жатат. Соңку эсептеги 153 млрд. сомдун 85 млрдга жакыны физикалык жактардын - жарандардын депозити болуп жатат».

Карабаева мунун ичинде улуттук валюта менен акчасын сактагандардын катары калыңдап жатканын белгилеп, учурда депозиттердин 38% гана доллар менен экенин кошумчалады.

Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттердин суммасынын динамикасы.
Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы депозиттердин суммасынын динамикасы.

«Башкача айтканда жалпы депозиттердин, анын ичинде сом менен салынган депозиттердин көлөмү жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул банк системасына болгон ишенимдин жогорулашынан же жарандардын улуттук валютага болгон ишениминин жогорулашынан кабар берет», - деди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Пайыз жана кепилдик

Коммерциялык банктардын депозиттеринин аталыштары жана пайыздары ар кандай айтылганы менен жалпы жонунан окшош эле. Улуттук валютага 1-3 айга 1-3 пайыздан, 6-9 айга 3,5-7,5% чейин үстөгү болот. Бир жылга же эки жылга 4,5 пайыздан 9-10 пайызга чейин, айрымдарынын пайдасы 11-12 пайызга чейин жетет.

Ал эми чет элдик валютада төлөнүп берилчү киреше айына же жылына алганда мындан да төмөнүрөөк.

Ошол себептен акчасын банкта кармагысы келгендер дайыма депозиттин пайызына ичи чыкпай келет. Маселен, алардын бири - бишкектик пенсионер Эсенгул Алиев.

«Мындан 10-15 жыл мурун депозитке 15-16% пайдасын беришчү. Азыр ашып кетсе 11-12%, болбосо 8-9% гана беришет. Өзүң ойлосоң, 100 миң сомдон бир айда миң сом берет. Мындай акчасы бар киши бул акчаны жөн тегеретсе деле бир күндө таап албайбы?! Бирок эми мындан көбүрөөк пайыз койбосо эмне кыласың? Айласыздан салып жатышат да», - деди маектешибиз.

Маалым болгондой, Кыргызстандагы коммерциялык банктарга салынган депозиттин 200 миң сомго чейинки акчасы кепилдикке алынган. Башкача айтканда, депозиттерди коргоо мыйзамына ылайык, кокус банк банкрот болсо Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттиги ушул суммага чейинки акчаны кардарга төлөп берет.

Жарандар мына ушул кепилдик берилген сумманын аздыгына да нааразы. Кайрадан Эсенгул Алиевди угалы.

«200 миң сом кепилдик деп жатат. Айрым кишилерде 400 миң сом бар дейли, ал эки банкка бөлүп салышы керекпи? Же андан да чоңураак каражаты барлар ар кайсы банктарга салыш керекпи? Маселен миллион сом салсаң, банк банкрот болуп калса ошонун 200 миң сомун гана төлөп берип калат да. Ошону үчүн кепилдик суммасын көбөйтүп же 100% эле кылып койсо болмок. Ашып кетсе 25 банк бар экен, ошолорго салынган аманаттар толук корголот десе акчасын депозитке салгандар көбөймөк. Натыйжада чоң акча соода-сатыкта жүгүртүлмөк. Өкмөт инвестиция деп көп айтат, мына ушуну колго алса жергиликтүү элдин акчасы иштебейт беле? Банкта акча көп болсо алар башкаларга насыя берет, ал эми насыя алган киши ар кандай бизнес жасамак. Өкмөт элдин акчасын иштеткенди билбейт», - деди ал.

Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков аманаттарды коргоо суммасы мыйзам тарабынан бекитилгенин, анын суммасын көтөрүүнү депутаттар чечиши керек экенин белгиледи:

Эркебай Мурзабеков.
Эркебай Мурзабеков.

«2008-жылы кабыл алынган «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, алгач кепилдик берилген сумма 100 миң сом болчу. Мыйзам 2016-жылы өзгөртүлүп, кепилдик суммасы 200 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Эгер зарыл учур болсо мына ушул сумманы биз 100% төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Ал эми бул чекти көтөрүүнү биз чечпейбиз, ал үчүн ушул мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Бул жерде өкмөт же депутаттар демилгечи болушу керек. Мен билгенден Экономика министрлиги «200 миң сомдон 300 миң сомго чейин көтөрсөк кандай болот эле» деп сунуш кылды. Биз өзүбүздүн жагдайды эске алып, каршы болгон жокпуз».

Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттиги кеп болгон мыйзам кабыл алынган 2008-жылы эле түзүлгөн. Мекеменин каражаты алгач өкмөт берген баштапкы суммадан куралган. Андан бери агенттикке мүчө болгон банктардын жылдык мүчөлүк акысы менен көбөйгөн. Мындан сырткары мекеме бар акчасын мамлекеттик баалуу кагаздарды алып-сатуу менен акчасын байытып турат.

Натыйжада 2020-жылдын 1-январына карата агенттиктин фонду 2 млрд. 589 миллион сомду түзгөн.

Кооптуу жагдайлар

Кыргызстандын тарыхында банктардын же аманатка акча сактаган компаниялар банкрот болуп калган учурлар өтө көп эмес. Бирок кооптуу жагдайларды талдаш үчүн ушул мисалдар деле жетиштүү.

Каармандарыбыздын бири Эсенгул Алиев ушул жерден дагы сөзгө кошулду.

«Мен тээ илгери, ветеринардык дарыгер болуп иштеп жүргөн мезгилден баштап маянамдын 20 пайызын аманатка сактап, чогултчумун. Кийин депозиттердин ар кандай түрү чыкты. Ар кайсы банктарга акча салып көрдүм. Мен каражат салгандардан бир да банк банкрот болгон жок. Тарыхта болгону ошол «Рентон групп» деген компания гана элдин депозиттеги акчасын төлөбөй качып кеткен учур болгон. Жөн эле депозит эмес, салган акчасын да ала албай калышкан. Кожоюну Эдуард Пак деген кореялык киши болчу. Ал пенсионерлердин акчасын төлөбөй Казакстанга кетип калып, ошол жакта кайра башка бир банк ачып алыптыр деп уктум», - деди ал.

Ооба, финансылык компания катары иштеген «Рентон групп» аттуу фирма 2003-жылы банкротко учурап, анын жетекчилери өлкөдөн чыга качкан. Ички иштер министрлигинин эсеби боюнча, ошол жылдары 2242 аманатчы 197 миллион сомунан ажырап кала берген. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин «Рентон групптун» мурдагы жетекчиси Эдуард Пак Кыргызстанга кайтып келип, компаниянын мүлкүн сатып, аманатчылардын акчасынын азыраак бөлүгүн төлөп берген. Калган бөлүгү калкка кайтарылып берилген-берилбегени белгисиз.

Бул окуялардан кийин өкмөт Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттигин түзгөн. Агенттик уюшулгандан бери да эки банк жоюлган же банкрот болгон учур катталды. Мекеменин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков мында аманатчылардын маселеси кантип чечилгенин ортого салды:

«Эки факты тең мамлекетибиздеги 2010-жылкы саясий окуялардан кийин болгон. Биринчиси - «Ысык-Көл-Инвест» банкы, экинчиси - «Манас» банкы. «Ысык-Көл-Инвест» банкы боюнча бизде депозиттер төлөнүп берилген жок. Анткени андагы аманаттар банктын өзүнө байланыштуу кишилердин акчасы болуп чыкты. Башкача айтканда акционерлер, банкка ээлик кылган кишилер, ошолордун туугандары. Ал эми «Манас» банкы боюнча, 2010-жылы банк банкрот болгон учурда анда депозити бар 159 адамга компенсация төлөп берүү каралган. Алардын акчасынын жалпы суммасы 220 миң сом болгон. Бүгүнкү күнгө чейин 24 киши акчасын алып кетти, 135 киши аманатын ала элек. Башкача айтканда биз 6 миң сомдой акча бердик, дагы 209 миң сомдой компенсацияны беришибиз керек. Кардарлардын суммасы өтө аз болгону үчүн калгандар бизге өздөрү келбей жатат. 80-100 сом, же 200 сом, кыскасы 1000 сомго жетпеген суммалар. Бул каражаттардын ээлери аманатын азыр деле келип алып кетсе болот», - деди Мурзабеков.

Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттигине учурда Улуттук банктан лицензия алган 24 банктын баары жана бир чакан насыя компаниясы мүчө. Башкача айтканда аларга акча салган кардарлардын 200 миң сомго чейинки аманатына толук кепилдик бар.

Бирок реалдуу жагдайда мындан башка да көйгөйлөр чыга берет экен. Маселен, 2018-жылы Өзгөн районунун 30дай тургуну «Аманбанктын» Куршаб айылындагы филиалына салган акчасын ала албай жатканын билдирип чыгышкан. Алар бир нече жылдан бери жалпысынан 13 миллион сомдой каражат салышкан, соңунда үстөк пайызын да, негизги суммасын да ала албай калышкан.

Банктын кардарлары алгач Куршабдын өзүндө, кийин Ошто жана Бишкекте митингдерди өткөрүшкөн. Алардын бири Минара Мирзаева өз иштеринин жыйынтыгын мындайча билдирди:

Минара Мирзаева.
Минара Мирзаева.

«Өзү негизи депозитке акча салгандар 47 адам болгон. Бирок топтолуп, талап кылып чыкканыбыз 36 киши топтолдук. Баарыбыз тапкан акчабызды топтош үчүн «Аманбанкка» акча салганбыз. 13 миллион сом - элдин салган акчасы, ал эми үстөгү менен 17 миллион сомдой болуп калат. Бирок биздин акчабызды ошол жердеги филиалдын жетекчиси кассага салбай, өзү алып жүрө бериптир. Болбосо мен жеке өзүм барып, банк менен келишим түзүп, кассага төккөм. Эсеп-дүмүрчөктөрү деле бар. Ага карабай банк кийин «акчаңарды ошол директордон алып алгыла» деп чыкты. Биз юридикалык жак катары, банк болуп турганы үчүн акчаны ошолорго ишенип келип бергенбиз. Жетекчисине ишенген эмеспиз да. Митинг кылып, ызы-чуу салып, бир жарым жылча соттоштук. Акыры райондук, облустук, соңунда Жогорку соттон жеңип, араң алдык. Депутаттардын, аткаминерлердин жардамы менен болду, анда да. Банк күнөөсүн мойнуна алып, көпчүлүгүбүздүн аманатыбызды төлөп берди. Азыр моралдык-материалдык чыгым үчүн сотко кайрылганбыз, ал сотто карала элек. Зарыл болсо биз банктын лицензиясын алдырталы деп жатабыз. Себеби ушул окуядан кийин мен менчик банктарга такыр ишенбей калдым».

"Азаттыктын кабарчысы Ыдырыс Исаков "Аманбанктын" Куршабдагы филилалынын астында өткөн аманатчылардын митингин чагылдырган. 2018-жылдын 4-декабры.

Кеп болгон факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзгөн. Мекеме жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргендей, акча чын эле банктын эсебине түшкөн эмес.

Финансы полициясы «Аманбанктын» Куршаб айылындагы мурдагы жетекчиси Жеңишбек Абдыкадыровду камакка алганы кабарланган. Кийин сот ага карата кандай чечим кабыл алганы белгисиз.

Бул иш жөнүндө Орус-кыргыз «Аманбанк» ачык акционердик коомуна кайрылып, толук жооп ала алган жокпуз. Банктын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Абдыкасымова алар кат аркылуу гана жооп беришерин билдирди:

«Маалыматты биз телефон аркылуу бербейбиз. Сиз кат жазып коюңуз, ошого жооп беребиз. Катты башкармалыктын төрагасы Нурбек Абировдун атына жазасыз. Биз коммерциялык түзүмбүз, биздин ар бир комментарийибизге кардарлардын реакциясы болот. Ошондуктан оозеки комментарий болбойт».

«Аманбанктын» Куршабдагы филиалынын астында өткөн митинг. 2018-жылдын 28-ноябры.
«Аманбанктын» Куршабдагы филиалынын астында өткөн митинг. 2018-жылдын 28-ноябры.

Бирок биз «Аманбанктан» жоопту күтпөй эле ушул жерден кайра Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Эркебай Мурзабековго кайрылып көрдүк. Ага: «Эгер банк банкрот болбой туруп, депозитке акча салгандар башка жагдайлардан улам акчасын ала албай калса эмне болот?» деп суроо койдук.

«Бул жерде маселе банктын ичиндеги алдамчылыктан улам болуп жатат. Бүгүнкү күндөгү мыйзамга ылайык, соттун чечими менен гана банк банкрот деп жарыяланат. Ошол болмоюнча кепилдик кырдаалы эсептелбейт. Сот чечип, анан Улуттук банк анын (банктын) лицензиясын кайтарып алган учурда гана биз аманатчыларга компенсация төлөп беребиз. Ал эми сиз айткан учурда банк иштеп жатат, алардын талашы сот аркылуу гана чечилиши керек», - деди Эркебай Мурзабеков.

Быйыл февралдын соңунда экономика министри Санжар Муканбетов басма сөз жыйынын өткөрүп, элдин колунда, «жаздыгынын же керебетинин астында» 1,5 млрд. доллардай каражат бар экенин билдирген. Ал бул каражаттар өлкөнүн экономикасына жумшалышы керек экенин, өкмөт ушул багытта иш жүргүзүп жатканын айткан.

Адистер кеп көмүскө экономика жөнүндө болуп жатканын жана анын суммасы мындан да көп болушу ыктымал экенин белгилешет. Катылган каражатты иштетүүнүн бир жолу банктарга депозитке акча салуу экени маалымдалган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG