Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Өзгөдөн мурда өзүңдү тааны


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биз - адам баласы - ар дайым жалгызбыз. Өзүбүздү өзүбүз гана дайыма жандап жүрөбүз.

Ошондуктан эң алгач башканы коюп, өзүбүздү таанууга туура келет. Анткени төрөлгөндөн өлүмгө чейин өзүбүз менен өмүр сүрөбүз. Баарыбыз билгендей эле жашоо ушунча кыска - көпчүлүк адамдар адам болууга жетишпей калат. Тактап айтканда өздөрүн толук тааныбай эле өлүмгө моюн суна беришет.

Чындап эле өзүңүздү канчалык деңгээлде тааныйсыз? Досторуңузду жакшы тааныйсызбы же өзүңүздүбү? Өзүңүз жөнүндө кеп салганыңызда канча мүнөт сүйлөп бере аласыз? Ооба, бул суроолорго жооп бербей эле улантып окуп жатасыз. Эч нерсе эмес, төмөндө андан да оор суроолор күтүп жатат. Балким жооп кайтарарсыз.

Байыркы заманда эле Сократ «Өзүңдү өзүң таанып бил» деп философиялык чакырык таштаган. Билгенибиздей эле философия адам баласынын бул дүйнөгө эмнеге жаралганын, жашоо-тиричилигинин маани-маңызы кандай экендигин талдап түшүнүшкө, таразалап баалоого жардам берет. Адам өзүн-өзү аңдап түшүнмөйүнчө, башаламандыкка (хаоско) жолдомо алаарын эске тутушубуз керек.

Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, өзүбүздү тааныбаганыбыздын натыйжасында тайыз түшүнүктөр келип чыкты. Мисалы, бул жашоого жумушка каттап, карыздарды төлөп, анан өлүп калыш үчүн гана келгендей жашап жаткандар жок эмес чыгаар. Мынчалык жашоону арзан көргөнүбүз – албетте, жүрөк өйүткөн маселе.

Ошондой эле дүйнөдө миллиондогон адамдар өздөрүн аңдап түшүнбөгөнү үчүн өздөрү каалабаган жерде жашап, жакпаган кызматты аркалап күн көрүүдө. Ошондуктан жакшы өмүр сүрүш үчүн биринчи кезекте өзүбүздү издеп тапкан соң, түздөп анан барып өзгөгө өткөнүбүз жөндүү.

Адам баласы табиятынан эле аба ырайы сымал өзгөрмөлүү болгондуктан адамды таанып билүү абдан оор. И. Кант «Аалам канчалык учу-кыйыры чексиз болсо, адамдын ички дүйнөсү да ошончолук табышмактуу» деп адам таанымы кыйын экенин баса белгилеген. Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов да «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу» деп бекеринен айтпаса керек. Адам таанымы кыйын болсо да биз анын үстүндө иштөөгө туура келет. Өзүбүздү тааныш үчүн ойлонуп жооп берүүгө мажбур кылган суроолорду да колдонсок болот. Мисалы (кунт коюп, маани берип окуңуз):

1. Дал өзүңүздөй адам менен дос боло алганыңызда, өзүңүздөй досту каалайт белеңиз? (Мында «ооба» же «жок» деп гана жооп бере аласыз. Эгерде сиз «ооба» деп жооп берсеңиз, демек сиз жакшысыз. Анткени дос логикалык жактан жакшы сыпатка ээ. Ошондуктан биз жакшы деп эсептеген адамдар менен достошобуз. Ал эми «жок» деп жооп кайтарган болсоңуз өзүңүздүн жаман сапаттарыңызды моюнга алып, өзүңүздөй досту каалабаган болосуз. Натыйжада бул суроо менен өзүңүздүн кандай адам экениңизди аныктап аласыз).

2. Сизге 24 саат (бир сутка) гана жашооңуз калганын эскертишти. Башкача айтканда 24 сааттан кийин өмүрүңүз токтойт дейли. Мындай шартта акыркы 24 саатыңызды кандай өткөрмөксүз? (Албетте, бул кырдаалда автоматтык түрдө маанилүү деп эсептеген иштериңиз алдыңкы планга чыгат. Мисалы, ата-энеңизге, тууган-урукка телефон чалып алардын көңүлүн көтөрүшүңүз мүмкүн. Өзүңүзгө талдоо жүргүзүп пайдалуу деген иштериңизди гана жасоого киришесиз. Эгерде теисттик позициядагы адам болсоңуз Жаратканга сыйынып, ибадат кылып, сооп иштерди жасоого умтуласыз. Демек, бул суроого жооп бергениңизде күнүмдүк 24 саатыңызда эмне кылышыңыз керек экендигин жакшы аныктап аласыз. Натыйжада күнүгө жакындарыбыздын көңүлүн көтөрүп, жакшы жана маанилүү иштерди гана жасап калабыз).

3. Сиз бул жашоодон өткөнүңүздө, б.а. жаназаңызда сизди тааныган адамдар сиз жөнүндө эмнелерди айтышы мүмкүн? (Бул суроо узатылганда дароо эле өзүңүздүн тааныштарыңыз үчүн кандай адам экениңизди талдай баштайсыз. Эгерде чындап жакшы адам болсоңуз, анда дарегиңизге жакшы сөздөр узатылышы айдан ачык).

Жогорудагы суроолорду улай эле:

- Балдарыңыздын сиздей болуп өсүп жетилишин каалайсызбы?

- Айланаңыздагы эң акылдуу деп эсептеген адамыңыз ким? Же өзүңүзбү?

- Сиз өзүңүздүн жашооңузду өзүңүз башкарасызбы же башкалардан каалоосу менен жашайсызбы?

Жана башка ушул өңдүү суроолорго жооп берүү менен өзүбүздүн ким жана кандай адам экенибизди канчалык бир деңгээлде аныктап, таанып биле алабыз деп ойлойм.

Кайсы бир илим адамы Өлүм менен сүйлөшүп жатып Өлүмгө минтип ыр менен кайрылган экен:

Көнүп калган адатыңды таштай тур,

Мага келчү чек араңды ашпай тур.

Аалам сырын азыноолак билсем да,

Мен өзүмдү тааныйынчы, шашпай тур, - деп.

Анын сыңарындай, аалам тууралуу билгенибиз менен чектелип калбай, өзүбүздү да таанууга киришип, өзүбүздү өз катары сактап, адам деген түшүнүккө эң сонун аныктама бололу.

Бекжан Курманбеков

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG