Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Жалал-Абад: мушташтан жаш өмүр кыйылды (жаңыртылды)


Маркум Мунарбек Бекишев ооруканада жаткан кези.
Маркум Мунарбек Бекишев ооруканада жаткан кези.

Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташкан топ балдардын үчөө ооруканада. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болду.

Бейтаптын жакындары мыкаачылык менен токмоктоду деген жигиттерди жазалоону өлкө бийлигинен суранышууда. Окуяга тиешеси бар эки улан камакка алынып, дагы бешөө кошумча суралып жатат. Жаштар арасында зомбулуктун жана агрессиянын күчөшүн адистер ар кыл факторлор менен байланыштырышат.

9-сентябрдын түнүндө Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде болгон жаштар арасындагы жапырт мушташты шаардык милиция териштирип жатат. «Ээнбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин натыйжасында Сузак районунун 21 жаштагы эки тургуну кармалып, окуяга тиешеси бар дагы 5 жигиттин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Облустук милициянын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев буларды айтты:

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

«Ушул жылдын 9-сентябрь күнү түнкү саат 23төрдө шаардагы «Дина» деген түнкү клубдун жанында Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургунун пикир келишпестиктин негизинде бейтааныш жигиттер топтошуп катуу сабап коюшкан. Натыйжада алган жараатынан улам ал бала облустук ооруканага жаткырылган. Бул багытта шаардык ички иштер бөлүмүндө «Ээнбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. Окуяга байланыштуу тиешелүү далил буюмдар алынып, экспертиза дайындалган. 11-сентябрда тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар эки шектүү - 21 жаштагы жигиттер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн, 12-сентябрда дагы эки жигит тергөөгө жеткирилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат жана кошумча маалыматтар болсо берилет».

Базар-Коргон районунун катуу сабалып, мээси жабыркаган 26 жаштагы тургуну Мунарбек Бекишев облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду. Башынан эле бейтаптын абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышкан. Облустук оорукананын дарыгери Абдуламит Сайпидинов колдон келген жардам берилип жатканын билдирген эле:

Абдуламит Сайпидинов.
Абдуламит Сайпидинов.

«Бейтап алгач сынык-жарат бөлүмүнө түшүп, андан соң абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө которулган. Томографияга түшүрүп, колдон келген жардам көрсөтүп жатабыз. Мээси чайкалып, ичине кан топтолуп калган. Мээнин тушуна катуу сокку урулган, ошондуктан баш сөөктөрү ачык жаракат алган. Кан басымы түшүп кеткендиктен учурда дарынын күчү менен гана кармап, жасалма аппарат менен дем алдырып турабыз. Бул абалдан чыгып кетиш кыйын болот. Анткени кан көп кетип, мээсинин түбүнө уюп калган».

Мунарбек Бекишев бир топ жылдардан бери Казакстанда ата-энеси менен кошо иштечү. Досунун үйлөнүү тоюна келип, 10-сентябрь күнү ата-энесинин жанына кайтмак. Анын токмоктолгон дагы эки досу учурда Базар-Коргон райондук ооруканасынын травматология бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер алардын абалы дурус экенин айтышты. Бейтаптын эжеси Ирсалат Кулмашова коомдо арбын каттала баштаган жаштар арасындагы зомбулукту токтотууга таасир этүүнү өлкө бийлигинен суранган:

Ирсалат Кулмашова.
Ирсалат Кулмашова.

«Менин бир тууган инимдин 26 жаштагы жалгыз баласын аябай мыкаачылык менен тепкилеп, ошондон бери чала жан абалда өлүм менен алпурушуп жатат. Жакында эле дал ушундай мыкаачылык Бишкекте болгон эле. Бул башаламандыкты ким токтотот, ким тартипке салат? Мындай окуя кайталанбасын, эч кимдин башына салбасын деп баарына кайрылып жатам. Күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп берсин, биз - туугандары - акырына чейин турабыз. Бул багытта биз президентке жана өкмөт башчысына ачык кайрылабыз. Мыкаачылык менен токмоктогон балдардын баары ким экендигине карабай жазалансын».

Өткөн жумада Бишкектин Жал кичирайонунда жапырт мушташкан балдардын видеосу Интернетке тараган. Тасмада бирөө катуу соккудан эсинен танганын, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот. Жараат алган эки адам тең учурда оор абалда бейтапканада жатат. Милиция бул багытта окуяга катышкандарды жана ага кайдыгер караган милиция кызматкерлерин камакка алган.

Соңку окуяларды көпчүлүк үй-бүлөдөгү тарбиянын, зордук-зомбулук коштолгон Интернет оюндарынын таасири катары баалашууда. Окутуучу жана профессор Абдиумаматкадыр Аширалиев жоокеркерчиликти күчөтүү жана мыйзамдык тартипти сактоо агрессиялуу жаштарды басаңдата алат деген пикирде.

Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы жаштардын ортосундагы окуялар - акчадан жана байлыктан көөп, эсиргендердин жасаган иши.


«Эң биринчи себеп - коомдогу кабатырлык. Өлкөдө туруктуу жумуш жоктугу, ата-энелердин балага тарбия бергенге мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ушуга башкы себеп болуп жатат. Ошол эле учурда үйдө ата-эне бала менен сүйлөшпөй калды. Экинчиден, Батыштын таасиринен улам баланын өзүмчүл болуп тарбияланышы да түрткү болууда. Анан компьютердик оюндарда «Экинчи өмүр», «Үчүнчү өмүр» деп каармандарга оюнда өмүр берип коюп жатышпайбы. Ошонун таасиринде чоңойгон балдар өлүмдүн коркунучтуу экендигине, өмүрдүн кымбаттыгына жана бир эле жолу берилерине көп маани бербей, мыкаачы болуп кетип жатканы да ошондон болушу керек. Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы жаштардын ортосундагы окуялар - акчадан жана байлыктан көөп, эсиргендердин кылган иши. Качан гана тааныш-билишке, байлыгына карабай күнөөсү бары жазаланганда гана бул окуялар тыйылышы мүмкүн. Антпесе Бишкектегидей тууганынын кызматына таянып көпкөн жаштардын окуясы кайталана берет», - дейт ал.

Быйыл 26-августта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы калайман мушташ учурунда ыргытылган таш ошол тегеректе жүргөн пенсионердин башына тийип, каза болгон. Өткөн айда эле Сузакта суу талаштын айынан бир туугандар пенсионер мугалимди токмоктоп коюшуп, жаагы сынган педагог учурда ооруканада жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG