Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Кыргыз мигрантынын Москвадагы азабы


Залкарбек Авазбек уулу.
Залкарбек Авазбек уулу.

22 жаштагы Залкарбек Авазбек уулу бир жарым айдан бери Москвадагы ооруканада жатат. 

Эки жылдан бери Москвада иштеп жүргөн Залкарбекти 29-январда кечке маал Москванын Русаковская көчөсүндө автоунаа сүзүп кеткен. Бахрушиндер атындагы шаардык ооруканага оор абалда жеткирилген жигит жандандыруу бөлүмүндө үч жума эс-учуна келе албай жатып, эми гана көзүн ачты.

Дарыгерлер берген маалымдамага ылайык Зарылбектин баш сөөгү бир нече жерден жабыркап, мээсине оор залал келтирилген, буттары, далысы жана акыреги сынган.

Зарылбектин атасы Авазбек бул убакка чейин жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбой, тийиштүү экспертизалар жүргүзүлбөй, жол кырсыгына себепкер болгон Орусиянын жаранына эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылган.

«Кабар жеткенде эле 30-январда улуу балам учуп келди, 13-февралда өзүм келдим. Акыбалы аябай оор экен, мен келгенден кийин төрт күндө палатага чыгарышты. Тамагын тешип, түтүкчө менен суюктук берип жатышат. Менин бир нааразылыгым – ушундай жагдайда элчиликтен жетиштүү жардам көрсөтүлбөгөнү. Биз Орусиянын органдарына өзүбүз кайрылсак сөзүбүз өтпөйт экен, киши катары көрүшпөйт экен. Анан чынын айтканда, мындай учурда эмне кылышты деле билбейсиң, маалыматыбыз жок. Адвокат жалдап, акысын төлөй койгонго шартыбыз жок. Зарылбекти улуу балам менен күнү-түнү кезектешип карап отурабыз. Улуу балам ачуусу менен элчиликке барып, урушуп кетиптир. Кийин элчиликке өзүм барып, алардын алдынан өтүп, жардам сурадым. 5-мартта тергөөчүгө жолукмакпыз. Элчиликтин юристи «келем» деп коюп, ошол боюнча келбеди. Мен азыр президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке кат жаздым. Андан башка эмне кыларымды билбейм».

Зарылбектин Москвадагы туугандары кырсыктан кийин дароо Сокольники району боюнча полиция бөлүмүнө арыз жазышкан. Ишти Москванын Чыгыш аймагы боюнча ИИМ бөлүмүнүн тергөөчүсү Олейник Г.А. алып барат. Бирок тергөөчү бир ай бою байланышка чыкпай, иштин жүрүшү тууралуу эч маалымат берген эмес. Ушундан улам туугандары тергөө органдарында мигранттын ишине жетиштүү көңүл бурулбай, териштирүү иштери атайлап созуктурулуп жатат деп беймаза болуп турушат.

Агасы Равшан жол кырсыгы тартылып калган видеону өзү көргөнүн айтты:

Ошол кезде өтмөктө эки автоунаа токтоп турат, анан эле катуу келаткан BMW түз эле уруп кеткени тартылып калган... BMWнын айдоочусу белгилүү. Ага эч кандай чара көрүлгөн жок.

«Видеодо Зарылбек жолчырактын сары жарыгы күйүп турганда өтүп баратканы көрүнүп турат. Ошол кезде өтмөктө эки автоунаа токтоп турат, анан эле катуу келаткан BMW түз эле уруп кеткени тартылып калган. Бирок бизге видеолордун баарын көрсөтүшкөн жок. Ал көчө кесилишинде бир нече видеокамера болгон. BMWнын айдоочусу белгилүү. Ага эч кандай чара көрүлгөн жок. Мен болгон окуяны тергөөчүлөр жаап-жашырып жатат деп эле түшүнүп калдым. Ишти алган тергөөчү окуядан кийин эле «колум сынды» деп, дарылануу үчүн эс алууга чыгып кетиптир».

Зарылбек Москвадагы ооруканада убактылуу медициналык полистин негизинде дарыланып жатат. Ал атайын реабилитациялык борборго которулуп, өзгөчө камкордукка муктаж.

«Инимдин абалы оңолуп баратат. Бирок бул жерде күнүмдүк дарысын сайышат. Бутуна туруп кеткендей толук дарылаш үчүн реабилитациялык борборго которуш керек. Муну дарыгерлер өздөрү сунуш кылып жатышат. Мындан ары инимди бул жактан дарылатууга биздин каражатабыз жетпейт. Азыр мекенге да алып кете албай жатабыз. Кыргызстандык авиакомпанияга кайрылып көрдүк. Алар оорулуу адамды жаткырып алып кетпейт экен. Мындай жагдайда инимдин бул акыбалга кабылганына күнөөкөр адам эч кандай жазасыз жүргөнү өкүндүрөт. Алсыз мамлекеттин жараны болгонуңа ушундайда арданасың», - деп сөзүн улады Равшан.

Москвадагы кыргыз элчилиги Залкарбек Авазбек уулунун иши боюнча Орусиянын ИИМине, Москванын прокуратурасына бир нече ирет кайрылуу жөнөткөн. Бул кайрылууларда жол кырсыгы катталгандан кийин автотехникалык, трассологиялык экспертизалар жүргүзүлбөгөнү, автоунааны башкарган Орусиянын жараны алкоголго текшерүүдөн өтпөгөнү баса белгиленет. Прокуратурадан бул ишти кайра жандандырып, экспертизалык текшерүүлөрдү өткөрүү тууралуу сураныч менен бирге бул ишти алып барган тергөөчүнүн аракеттерине да баа берүү талап кылынган.

Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова бул кайрылуулар боюнча дагы эле жооп күтүп жатышканын билдирди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

«Жол кырсыгы болгон күнү элчиликке маалымат келип түшөрү менен консулдук бөлүмдүн юристи ооруканага барган, бул жерде агасы менен жолугуп, расмий кайрылуу жазууну сунуш кылган. Алардын расмий арызынын негизинде ИИМдин бөлүмүнө кат жөнөтүлгөн. Алардан керектүү жооп өз убагында болбогондон кийин, экинчи жолу ошол эле бөлүмгө жана прокуратурага элчилик кат жөнөткөн. Бир аз убакыттан кийин ошол эле инстанцияларга дагы экинчи жолу жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күнү расмий жооп күтүлүп жатат. Ошондой эле консулдук бөлүмүнүн юристи атайын жактоочу менен сүйлөшүлүп, жол кырсыгы болгон жерден видео алынып, туугандарына көрсөтүлгөн. Видеону жабыр тарткан адамдын жеке жактоочусу же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гана расмий түрдө өзүнө алып, тергөө ишинде пайдалана алышат. Азыркы кезде туугандары талап кылып жаткандай видеону элчиликтин юристи тартып алып, тергөөгө өткөрүүгө укугу жок».

Ушу тапта Авазбековдордун үй-бүлөсү чет өлкөдө укуктарын коргош үчүн же адвокат жалдап, мыйзам чегинде күрөшө албай же уулунун өмүрүн сактап калыш үчүн жетиштүү шартта дарылануусун камсыздай албай кыйналып турган кези.

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет жакта кырсыктагандарга көмөк көрсөтүш үчүн мигранттардын өмүрүн камсыздандыруу туурасында бир топтон бери демилге көтөрүп келатышат. Чет жакка ишке чыгып бараткан жарандарды өз өмүрүн камсыздандырууга милдеттендирүү менен казак болгон мекендештердин сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин гана чечпестен, көпчүлүк учурда жалгыз багар-көрөрүн жоготкон үй-бүлөгө же кырсыкка кабылган мекендештерге материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Тиешелүү мыйзам долбоору Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизилгени да кабарланган.

Бул тапта Орусияда 750 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча былтыр Москва шаары менен облусунан Кыргызстанга 145 адамдын сөөгү жөнөтүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG