Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Мусакеевдин тарапкерлери Тоңдо топтолду


Тоңдо Дамир Мусакеевди колдогон митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Тоңдо Дамир Мусакеевди колдогон митинг өттү

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевдин тарапкерлери Бөкөнбаев айылында нааразылык акциясын уюштурушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 16-майда Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыкты. Ал чакыруу кагазы кечке жуук келгенин өзү «Азаттыкка» билдирип, «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сурак бергенин айтты:

- Мен сурактын чоо-жайын ашкере кылбоо тууралуу тилкат бердим, ошондуктан кандай суроолор болгонун айтып бере албайм.

Мусакеев өзүнө байланыштуу иш сотто калыс чечим табарына үмүт артып жатканын кошумчалады.

Дамир Мусакеевдин ишине байланышкан сот отуруму Свердлов райондук сотунда 23-майда уланат.

Свердлов райондук сотунун 16-майдагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу Мусакеевди беш жылга түрмөгө кесүүнү жана 70 миң сом айыпка жыгууну суранды. Ушул эле күнү Мусакеевдин тарапкерлери Тоң районунун Бөкөнбаев айылында нааразылык акциясын уюштуруп, аны каралоону токтотууну бийликтен талап кылышты.

Акциянын катышуучулары «Тоң эли акыйкат үчүн», «Дамир уулубуздан колуңду тарт», «Каралоону токтот», «Элди бөлбө, бийлик», «Кыргыз элин баккан жолду оңдогула!» деген плакаттарды кармап турушту. Мындан тышкары алар Ысык-Көлдүн тескейиндеги Кумтөр колдонгон жолдорду оңдоону, Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Кара-Ой аймагындагы көп жылдан бери трансформацияланбай жаткан жер маселесин чечүүнү талап кылышты.

Ишенбек Жукинов.
Ишенбек Жукинов.

«Бул жерде биринчиден, биз Дамунун (Дамир Мусакеев - ред.) боштондукта болушун көздөп, анын иши кыскарсын, токтотулсун деп талап кылабыз. Анан Балыкчы-Барскоон жолунун маселеси бар. Кумтөр кени ачылгандан бери 25 жыл болду. Ошондон бери эмне деген жетекчилер келип, эмне деген жетекчилер кеткен жок? Мына, жолубуздун абалын көрүп турабыз. Аз-аздан жасалса эбак эле бүтмөк. Дээрлик көлдүн жолун тегерете жасап коймок», - деди Бөкөнбаев айылынын тургуну Ишенбек Жукинов.

Бул акцияга катышкан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Дамир Мусакеевге азыркы бийлик ак жеринен жалаа жаап, анын үстүнөн иш токуп жатат» деп билдирди:

«Бийлик бүгүн канкор Бакиевден айырмаланып, алар көз көрүүнө атып, тоноп, өлтүрүп келсе, бүгүн ак жеринен иш козгоп, жасалма, мыйзамсыз иштерди токуп, өтө туура эмес кадамдарга кетти. Мурун бир туугандык, кландык бийлик болуп келсе, бүгүнкү күндө өзүңөр көрүп атасыңар, көлдүк туугандар, баарыңар эле билесиңер - силерде бүгүн мэрлер кандай шайланып жатат, губернаторлор кандай шайланып жатат? Бүгүнкү бийлик жалаң эле туугандардын эмес, кудалардын, бажалардын, таяке-жээн, күйөө балдардын бийлиги болду».

Акцияга Дамир Мусакеевдин атасы Сагындык Мусакеев да келди. Ал уулу ак жеринен күйүп жатат деп эсептей турганын айтты жана буга чейин сөз болуп жаткан баласынын байлыгы жөнүндө мындай деди:

Сагындык Мусакеев.
Сагындык Мусакеев.

«Көрүп эле турам, кудай да көрүп турат, эл да көрүп турат, уулумду ак жеринен күйгүзүп каралап жатышат. Эптеп эле Атамбаевдин жанынан кетириш керек, булардын ою ошол экен, түшүндүм, бүт эл түшүнүп жатат. Баламдын байлыгы деле жок. Ал өкмөт берген бир үйдө жашайт. Мен ага үй бере элекмин. Бишкектен 3 жер аянтын алгам, балдар студент кезинде сатып алгам. Эптеп топурак кирпич менен ошолорго там салып атам, бирөө да бүтө элек».

Сагындык Мусакеев бийлик тараптан Дамирге эле эмес, туугандарына, уулдарына кысым болуп жатканын да кошумчалады. Факт катары үчүнчү уулу Финансы полициясындагы кызматынан бир жыл мурун бошоп калганын айтып өттү.

Акцияны уюштуруучулардын бири Айбек Жаңыбаев Дамир Мусакеевге кылмыш иштери козголо баштаганда «Акыйкат үчүн күрөш» кыймылын түзгөн экен. Ал бул акцияда айтылган талаптарга бийлик маани бербесе мындай жыйындар уланарын билдирди:

Айбек Жаңыбаев.
Айбек Жаңыбаев.

«Дамирди көрүп, кыймыл түзгөм. «Акыйкат үчүн күрөш» деген кыймыл түзүп, анын төрагасы болуп жатам, анан мүчөлөр жаңыдан пайда боло баштады. Бүгүн тынчтык чогулушунда үч маселе боюнча эл чыгып сүйлөдү, өз оюн айтты. Көбү «Тоңдун жолу чын эле начар» деди. Экинчи, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү Кара-Ой аймагында жер боюнча маселе да каралат. Буюрса ал да чечилет деген ойдомун. Анан «Дамир Мусакеевден колуңду тарт» деген чакырык менен чыктык. Эгер бийлик үн катпаса, кийин да чоң жыйын кылып, элге маалымат беребиз».

Чогулгандар айтылган талаптар жазылган кагазды бийлик өкүлдөрүнө жеткириш үчүн кол коюп берип тарап кетишти. «Акыйкат үчүн күрөш» кыймылынын төрагасы Жаңыбаев талаптар президентке, парламентке жана өкмөт башчыга жөнөтүлөрүн билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматы

8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

11-майдагы билдирүүдө Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр анын жакын туугандарына катталган мүлкттүн бир бөлүгү гана экени айтылат.

"Мусакеевдин атасы айлыгы аз, жөнөкөй кызматкер болгон. Жеке ишкерлик менен алектенген эмес, бирок ага баасы 4 миллион 486 миң сомго тете 7 кыймылсыз мүлк - эки батир, үч жер тилке, турак жай, жана соода дүкөнү катталган.

Апасы көп жыл Бөкөнбаев айылында тууганынын дүкөнүндө унаа калдыктарын сатып иштеген. Учурда 2014-2015-жылы салынган жеке менчик дүкөндү иштетет. Бизнеси чакан болгонуна карабай, ага 2 миллион 791 миң сомго бааланган үч мүлк - жер тилке, турак жай жана дүкөн катталган" деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Башкы көзөмөл органы УКМКнын кызматтык батирлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Мусакеев Ысык-Көлдөгү 8,8 миллион сомдук коттежди жана Бишкектеги элиталык батирди (4 миллион 290 миң сом) туугандарына өткөрүп койгонун белгиледи.

Ошондой эле маалыматта Мусакеевдин агасына (атасынын тууганы) төрт мүлк катталганы, үчөө 2018-жылы сатып алынганы, жалпы баасы 9 миллион 375 миң сом экени айтылат.

8-майда Башкы прокуратура Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Дамир Мусакеев муну куру доомат деп, 10-майда өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG