Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Акыйкатчынын аракети менен акыбети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш акыйкатчынын бир жыл ичиндеги ишинин баяндамасын укту.

Акыйкатчы адам укуктары менен эркиндигин коргогон өз алдынча институт боло алдыбы же бийликтин көзүн караган боюнча калдыбы? Көз каранды эмес, коомдо таасири күчтүү акыйкатчыны канткенде калыптандырабыз?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Сапар Аргымбаев катышты.

«Азаттык»: - Урматтуу укук коргоочулар, Акыйкатчы институтунун 2018-жылдагы, асыресе Токон Мамытов мырза жетекчи болуп шайланып келгенден кийин адам укуктарын жана эркиндигин коргоодо жылыш болдубу? Дегеле жалпы иште кандай күңгөй-тескейи байкалды?

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова: - Токон Мамытов мырзанын акыйкатчы болуп иштеп жатканына бир жыл болуп алды. Мен жеке өзүм Токон мырза менен түздөн-түз иштебесем да институттун жалпы ишине баам салып турам десем болот.

Экинчи жагынан бир жылдык ишке баа берүү да оор. Ошентсе да кечээ Токон Мамытовичтин парламент депутаты Руслан Казакбаевге «сиз экөөбүз бул маселени чекист катары сүйлөшүп алабыз» дегени коомдо чоң резонанс жаратты. Мен Токон Мамытов агайдын тажрыйбалуу чекист, генерал экенинен эч шегим жок. Бирок акыйкатчы деген адам укуктарынын жана эркиндигинин коргоочусу гана болушу керек. Адам укуктарынын принциптерин жакшы түшүнгөн, баалаган адам болушу керек. Көп жылдык тажрыйбасы бар чекисттин иши менен укук коргоочунун иши кантип айкалышат? Мен үчүн бул чоң суроо. Токон Мамытович өзү айткандай «кандай шарт болсо да чекист ошол боюнча кала берет, эч өзгөрүлбөйт». Эгер эртең жарандар митинг уюштуруп көчөгө чыкса Токон Мамытов мурдагы чекист катары өкмөт тарабында туруп алып, «мындай кылган болбойт» дейби же митингчилердин укуктарын коргоп чыгабы? Ал да суроо.

Сапар Аргымбаев.
Сапар Аргымбаев.

Сапар Аргымбаев: - Кыргызстанда Акыйкатчы институту түзүлгөнүнө 15 жылдай болуп калды. Акыркы 5-6 жылда коомчулукта «Деги бизге Акыйкатчы институту керекпи?» деген суроо берилип келатат. Бизде адам укуктарына байланышкан маселелер чечилбегендиктен, көңүл бурулбагандыктан ушундай маанай жаралууда. Бул институт жаңы түзүлгөндө айлыгы жок, гранты жок, башка шарты жок болсо да бир гана адам укуктарын коргоо боюнча күрөшкөн жигердүү адамдар болгон.

Акыйкатчы болуп адам укуктары үчүн күрөшкөндү жон териси менен сезген, жеке күрөшүп көнгөн адамдар иштеши керек. Эгер өз ордундагы адамдар иштесе бүгүнкүдөй абал болмок эмес. Акыйкатчы институтун бүгүн чекист башкарса, эртең прокурор болуп жүргөн адам жетектесе, бүрсүгүнү милициянын генералы башкарса кандай болот? Азыркы акыйкатчы өлкөдөгү тигил же бул адам укуктарына байланышкан маанилүү окуялар боюнча өзүнүн позициясын айта элек...

«Азаттык»: - Токон мырза, бир жылдык ишиңизди угуп жатканда Жогорку Кеңеште «Акыйкатчы институту бийликтин жетегиндеги органга айланып калды» деген сын пикир болду. Ага кандай жооп берет элеңиз?

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Токон Мамытов: - Мени «бийликчил» деп сындап жатышат. Биринчиден, мен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде коргогон, өз өлкөмдүн мекенчил уулумун.

Экинчиден, чекист деген желмогуз эмес, аны террорист көрбөш керек. Чекист деген мамлекеттин коопсуздугун коргоп жүргөн мамлекеттик кызматкер. Айрымдарынын пикиринде чекисттер Кудайдан жөө качкандар болуп жатат. Убагында улуу укук коргоочу, академик Андрей Сахаров «СССРде таза, калыс иштеген жалгыз мамлекеттик орган – Мамлекеттик коопсуздук комитети» деген. Кечээтен бери мени «Казакбаевди «чекист-кызматташ» деп койду» дешип бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат. Тарыхтан белгилүү, мыкты чекисттер дипломаттардан чыккан. Ал министр болгон адам. Кызматташ болсо кызматташ дейм да? Керек болсо журналисттер да чекисттердин туугандары. Анткени дипломаттар, чекисттер, журналисттер - баары маалымат менен иштешет.

Биз, Акыйкатчы институту, баарына бирдей мамиле кылабыз. Камакта отурган саясатчылар боюнча ар кандай сөздөр айтылып калат. Мен жеке өзүм азыр камакта отурган, кийин бошогон саясатчылар, мурдагы өкмөт башчылардын ар бири менен жолугуп, сүйлөшүп, арыздарын угуп чыккам. Ошого жараша мамлекеттик органдарга, сотторго кайрылып турабыз.

Динара Ошурахунова: - Акыйкатчы коомдо ачык институт болушу керек. Чекисттер менен дипломаттардын иши менен аралаштырбаш, окшоштурбаш керек. Токон Мамытович укук коргоочулар менен көбүрөөк иштеши керек. Билбеген маселелерди тартынбай эле сурап, талкуулап турса жакшы болмок. Ошондо ишеним жаралмак.

«Азаттык»: - Сапар мырза, укук коргоодо акыйкатчынын кемчиликтерин жалпы айтып жатасыздар. Кайсы бир конкреттүү фактылар менен айта аласызбы?

Сапар Аргымбаев: - Мисалы, Балыкчыда Кайыпов деген адам эки жарым жылдан бери жатак абагында мыйзамсыз отурат. Биз быйыл март айында эле акыйкатчыга кайрылганбыз. Токон Мамытович облустагы өкүлчүлүгүнө дайындады. Ал барып маалыматтарды алып, абалды билип кеткен боюнча дайынсыз кетти, алигиче жооп жок. Бул жерде каратып туруп мыйзамды тебелегендик болуп жатат.

Токон Мамытов: - Ооба, ошондой кайрылуу болгон, мен өкүлүбүздү жөнөткөм. Бирок, ал «доо арызым жок» деп жазып берген. Мен ал боюнча парламентте да айткам. Мен бул маселени дагы тактайын…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG