Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кара-Кулжада 63 киши обсервацияга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында обсервацияга алынгандар саны 63 кишиге жетти. Алар Орусияда каза болгон айылдашынын тажиясына катышкан. 

Маркумдун сөөгү айылына 17-май күнү жеткирилип, ошол эле күнү жерге берилген. Сөөктү коштоп келген үч кишинин биринен коронавирус табылган.

Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын тургуну обсервацияга эки күндөн бери күнү-түнү кишилер ташылып келип жаткырылып жатканын айтып берди:

«Биз да кечээтен бери «камакка» алынып, эч жакка чыга албай калдык. Жаназага тургандардын баарын санаторийге (Кара-Кочкор айылындагы обсервация катары пайдаланылып жаткан жерге) жаткырып жатышат. Таң атканча «Тез жардам» менен ташып, азыр деле жүрүшөт. Бизди «чыкпагыла» дешти. Санаторийдин жанында милиционерлер, аскер кийимчендер жүрүшөт. Кечинде үч жерге пост коюп, ошол жерлерде турушуптур. Кечээ кызымды «нан алып келе кал» деп жумшасам өткөрбөй коюшуптур. Дүкөндөрдүн баарын жаап салышты. Кечээ Кара-Кочкордун ооруканасында чогулуш кылып айтышыптыр».

Орусияда каза тапкан кишинин сөөгү 17-май күнү кичи мекени Кара-Кочкорго жеткирилип, ошол эле күнү жерге берилген. Аны коштоп келген үч кишинин биринин аялынын чек арада тапшырган ПЧР анализинин жыйынтыгы 18-май күнү коронавирус бар экенин көрсөткөн.

Обсервация алынгандардын тогузу дарыгерлер

Буга чейин айрым Интернет басылмалары Кара-Кочкор айылында эки кишиден коронавирус табылганын, айылга жеткирилген жаран табыттан чыгарылып жерге берилгенин жазып чыгышкан.

Бул маалыматты район акими Примберди Дыйканов четке кагып, маркумду узатууга 20дай киши гана катышканын, калган кишилер коронавирус боюнча шектүү аял менен байланышта болгондор экенин айтты.

«Обсервацияда турган кишилерлерден ПЧР алынып, Ошко жөнөтүлдү. Анын ичинен тогузу аралашып жүргөн медиктер экен. Жалпысынан 63 адам. Калгандарын эсептеп чыгып, үй карантинине алып жатышат, - деди Дыйканов. - Коронавирус аныкталган анализдин жыйынтыгы бир суткадан кийин келди. Ылдам аныкталган тесттин баарынан вирус табылган эмес. Ал эми ПЧР алып туруп, бир суткадан кийин артынан вирус бар болуп чыгып жатпайбы. Ошол бир эле өлгөн кишинин аялынан чыкты. Аны менен байланышта болгондордун баарын жаткырдык».

Буга чейин Орусияда кеминде үч кыргызстандык COVID-19 илдетинен каза тапканы кабарланган. Айрымдарынын туугандары маркумдардын жабык табытта берилген сөөгүн Кыргызстанга алып келип жерге беришкен.

Ал эми Кара-Кулжа районунда тажиясы өткөн маркум Орусияда жүрөк оорусунан каза болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын маалыматына ылайык, сөөк Орусиядан 17-май күнү алып келинип, ошол эле күнү жерге берилген.

«Бүгүн анализдерди күтүп жатабыз. Азырынча «дарт чыкты» деп айтуу эрте. Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Коштоп келгендер кайсы жерлерде болгону иликтенип жатат. Бүгүн экинчи ПЦР (ПЧР - ред.) анализи чыкса так билинет».

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы облус аймагында тажияларга аз адам катышып жатканын, жергиликтүү бийлик өз көзөмөлүнө алганын билдирди:

Нуркыз Кадырбек кызы.
Нуркыз Кадырбек кызы.

«Жергиликтүү бийлик жөнгө салып жатат. Коронавирус буга чейин «тастыкталган жок, биз эми тазабыз го» деген ошол эле Кара-Кулжада, аз катталган Чоң-Алайда, Алайда деле жергеликтүү бийлик өздөрү эле көзөмөлдөп, жай казган төрт-беш кишиге гана чай берилип, өтө жакын адамдарынын тар чөйрөсүндө өлүк көмүү салты өтүп жатканы боюнча бизге маалымат келип турат».

Учурда маркумдун сөөгүн коштоп келгендер обсервацияда. Алардан кайталанып алынган ПЧР-тесттин анализинен кийин гана COVID-19 бар же жок экени анык болот. Буга чейин да Ош облусуна Орусиядан үч кыргызстандыктын сөөгү жеткирилип, кичи мекенине жерге берилген.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG