Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Тергөөчү жерине ээ боло албай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Прокуратура тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип пенсияга чыккан Жээнбек Олжотоев он жылдан бери мыйзамдуу бөлүнгөн жерине ээ боло албай жатат.

Ак-Өргө конушунан Бишкек шаарынын мэриясы бөлүп берген жерге турак жай салууга бул жердин тургундары каршы чыгууда. Прокуратура кызматкерлерине курулган үйдө убактылуу баш калкалап жаткан мурдагы кызматкерди чыгаруу тууралуу Бишкек шаардык соту 12-мартта чечим чыгарды.

Жээнбек Олжотоев Бишкектеги Көк-Жар кичирайонундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган үйдөгү эки бөлмөлүү батирди 1-апрелге чейин бошотуп бериши керек. Октябрь райондук соту чыгарган бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.

Жээнбек Олжотоев Нарын шаардык, облустук прокуратурасында, Бишкектеги Свердлов, Октябрь райондук прокуратураларында, Башкы прокуратурада тергөөчү, улук прокурор, жетекчинин орун басары сыяктуу кызматтарды жалпысынан 23 жыл аркалаган.

2009-жылы Бишкек шаардык мэриясы ага Ак-Өргө конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен сегиз сотых жер бөлүп берген. Бирок турак жай салууга ал жердин тургундары каршы болуп, бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдуу жерине ээлик кыла албай келет.​

Жээнбек Олжотоев.
Жээнбек Олжотоев.

«Нарын облусунан 2007-жылы Башкы прокуратурага кызматым боюнча которулуп келгем. Ошол жерге келгенден кийин жетекчилик: «Үйүңүз барбы»? деп сурады. «Үйүм да, жерим да жок» десем: «Мэрияга өтүнүч келтирели, сизге жер беришсин» деди. Мага бөлүнгөн жердин башкы планы боюнча «жеке менчик үйлөр курулат» деген схемасы да бар экен. Ошол жерге ээлик кылыш үчүн эмне документтер керек болсо, юридикалык жактан такталган бүт документтер бар. Бирок ал жердеги жашоочулар «биз үй салдырбайбыз, бизге да жер керек, социалдык объект курулат» дешет. «Элге каршы чыга албайм, мага башка жер бергиле» десем да бербей коюшту. Кыскасын айтканда ушул күнгө чейин жерим жок пенсияга чыктым. Мен өзүмдүн эсебим боюнча ошол кездеги шаардын мэри Иса Өмүркуловго 32 жолу кайрылдым. Арыз жазсам эле «жер сиздики, сала бербейсизби» деген жооп келет», - деди ал.

Жагдай боюнча ошол кездеги калаа башчы, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Мыйзамдуу бөлүнгөн жерге ээлик кылыш үчүн жазбаган каты, какпаган эшиги калбаганын айткан 63 жаштагы пенсионер чындык издеп жүрүп чарчаганын айтууда:

«Мага тиешелүү жер берилсе эле мен прокуратуранын үйүнөн азыр чыгып кеткенге даярмын. Ушул жеримди алыш үчүн 2010-жылдан ушул күнгө чейин бардык инстанцияга кайрылдым. Бир да алгылыктуу, канааттандыраарлык жооп ала алган жокмун. Менин түшүнүгүмдө Кыргызстанда адам укуктарын сыйлоо, коргоо, мыйзам деген жок экен. Мен өзүм ушул органда иштеп жүрүп таң калдым. Пенсияга чыккандан кийин мен таштандыда калып жатам да».

Ал эми Бишкек мэриясындагылар Олжотоевдин жер боюнча каты 2019-жылдын 21-февралында гана келгенин айтышууда. Бул боюнча мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакай Турдугулов төмөнкүлөргө токтолду:

Бишкектин мэриясы.
Бишкектин мэриясы.

«Жээнбек Олжотоевдин Ак-Өргө конушунда сегиз сотых менчиктеги жери бар. Ал жерге турак жай курууга ошол жердин жашоочулары уруксат бербей жатыптыр. Ошол себеп менен «жерди башка жер участогуна алмаштырып бергиле» деп бизге, мэрияга кат жазыптыр. Ал үчүн архитектурадан шаар куруу боюнча корутунду келиши керек. Андан кийин арыз атайын комиссиянын кароосуна киргизилет».

Олжотоевге берилген Бишкектин Ленин районунун Ак-Өргө конушундагы жерге турак жай салууга элдин каршылыгын аймактын кварталчысы Садырбек Өмүрзаков минтип түшүндүрдү:

«Бул жерге Ак-Өргө түзүлгөндөн бери, 1989-жылдан тарта эле мектеп, бала бакча сыяктуу элге керектүү имарат салынат деп келе жатабыз. Биерге эл оорукана салып берсин деп талап кылып жатат. Ал дагы жогору жактан, президент, министрлердин деңгээлинде чечилеби, билбейм. Мэрия чече албай жатат. Быйыл ушул жерди алганыбызга 30 жыл болот».

Кандай болгон күндө дагы Жээнбек Олжотоев прокуратура кызматкерлери үчүн курулган үйдү он күндөн кийин бошотуп берүүсү керек. Жубайы менен көчөдө калуу коркунучун ойлоп кабатырланган мурдагы орган кызматкери учурда ооруканада жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG