Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кыргыз саясатындагы адат азабы


Жеңишбек Эдигеев.
Жеңишбек Эдигеев.

Тарых үчүн сабакты «Арашандан» эле эмес, Москва менен Минскиден да издейли...

Жаатташкандардын жарты Чындыгы

«Адат азабы» дегендей, бизди азыр саясат азабы мээбизди тушап турат. Бул негизи жакшы эмес. А эмне үчүн жаман? Анткени саясат жасоочулар менен саясаттын башкы кумарчылары чоң окуядан бийлик жасайт, акча жасайт, атак менен саясий кадыр-барк жасайт. Курч кырдаал эң биринчи кезекте карапайым элдин эмес, башкы оюнчулардын тагдырын чечет. Бийликте, май көл менен сүт көлдө андан ары калабы же жокпу - ошол чечилет. «Оңой акча менен ооматтуу жашоом уланабы же карапайымдын катарында каламбы?» деген сары санаасы чечилет. Ошол үчүн алар элдин алдында артист болушат, арга жок беткап кийишет. Арга жок «ооба, эл-журт, дал ошондой» деп калп айтышат, тээп турган намысына кол шилтеп жүгүнүшөт. Ошол үчүн эл «саясаттын жүзү курусун, ыплас» деп айтат. «Саясат ыплас эмес, мына өзүбүз ыпласпыз» деп эч ким айтпайт, моюндабайт. Эң аягында оомат саясаттын башындагылардын бир жагына оойт, ал эми эл баягы таз кейпинде кала берет. Кайрадан саясатты гезиттен, чукулап телефондон окуп коюп, кыжынып коюп, тиштенип коюп... эң өкүнүчтүүсү - карапайым эл эмне болуп эки жаатка бөлүнүп калганын аңдабай, эски тирилигин сүйрөгөнү андан ары жөнөйт.

Демейде өлкөдөгү саясий окуялар камоо менен башталат. Камоо аркылуу курчуйт. Үч, азыркыны кошкондо төрт бийликте тең оппозицияга кыр көрсөтүп баштоонун мотиви өзгөргөн жок. Кызыгы - баарысы «уурунун орду түрмөдө» дешет. Бирок ким ууру экенин эч ким «билбейт». Кыргызстандын ушунчалык кичине экени бир ушунда билинет – «сен ууру, мен ууру» деп атышкандын баарысы кечээки эле табакташтар болуп, кесиптештер болуп, кечээки эле командалаштар, санаалаштар болуп чыга келет. Демек, кимиси канчалык ууру экенин алар өтө жакшы билет. Өкүнүчтүүсү да, элдин кыжырын келтирген жери да ушунда. Анткени эки тарабы тең жарым-жартылай Чындыкты жашырышат. Бүт Чындык ачыкка чыга турган болсо баарысы ашкере болгону турат. Ушул жерден эки жүздүүлүк башталат. Эл тажаганда эски элитаны түп-орду менен шыпырып салгысы келгенинин себеби да ушунда.

Бизге сын эле жакпайбы?

Өткөн жуманын чоң окуясы экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу аракети болду. Кыргыз парламенти, өздөрү айтмакчы Кыргызстанда боло элек биринчи кадамды таштоого аракет кылышты. «Экс-президент Атамбаевден кол тийбестикти алып, аны камоо менен тарыхый сабак жаратабыз» дешти. Маңызы туура, баарыбыз умтулган нерсе ошол. Бирок экс менен азыркы президенттин кыл чайнашып турган кезинде, бири-бирин көрөйүн деген көзү жок болуп, жамандык тилешип турган кезинде, ага кошуп дайыма «тилинен тапкан» Атамбаев парламенттин чындыгын айта коем деп аны менен кырды-бычак болуп турган кезинде күчкө салган ишти тарыхый сабак деп айтыш кыйын болуп турат. Ал сабак эрегүшүүдөн, тирешүүдөн улам жасалбаса маңыздуу болоор эле. Бул сабак болбой эле коомго ого бетер шишикти пайда кылбаса болду. Парламент «чимкирик» аталбай турган кезинде ушул иш жасалса суктанмакпыз.

Парламенттик комиссия 90 жигиттин арбагынан, Баямандай, Рысбектей, Медет Садыркуловдой жана дагы узун тизменин унут калган адамдардын арбагынан сабак издебей, бир кезде өзүлөрү «чала сабат, ортозаар, саясий багыты бүдөмүк» деп атап жүргөн беш-алты саясатчынын көрсөтмөлөрүн көтөрүп келип «тарыхка сабак болот» деп киргизип турганы – аянычтуу. Ооба, «безине тийгизип сындап койду эле, үч бийлик бутагы бир паста Атамбаевди ордуна коюп койду» деп айта жүрөрбүз. Атамбаев балким оройлонбой тынч бизнесин кылып же ырын жазып жата бергенде, президентке, парламентке сын айтпаганда ал тынч жашап жүрө бермек. Демек, бизге болгону сын жакпайт экен да? Жоо куугандай тездик менен, ыза менен, кекенүү менен жасалган ишти эл чекчейип карап туруп атпайбы? Ошон үчүн эл үрөйү учуп, чоочуп, жаман кабыл алып атпайбы? Кызылдай кара күчтөн улам коом канчалык баш чайкап, иренжип, сестенип атканын көрбөмүш болуу жаңы президенттин эстүү, акылман саясаты деп айтууга болобу? Эгерде колунда ушунчалык таасири бар, күч менен бийлик бар парламентте бараандуулар, акылмандар азыркыдан көбүрөөк болгондо кечээки эки дос-ажолорду касташтырбай элдештирип койгонго да парламенттин күчү жетет болчу. Бирок анте алышкан жок. Мына ошондо парламент тарыхка сабак калтырмак. Ошону кыргыз эстүүлүк деп сабак тутмак. Ушул кыргыздын салтына, канына, иденттүүлүгүнө, касиетине жакын иш болмок. Чампалаган сабырсыздыкты, кекенип кек сактоону, өч алууну кыргыздар качан бийик тутундук эле?

Алыс кеткендерге эмес, алыбыз жеткендерге күчүбүз чыгат

Ооба, эки ыңкылап өткөрүп да жол таба албаган кыргызга, Кыргызстандын саясатына сабак керек. Кол тийбестикти алып салуу - өтө керек иштердин бири, бирок ал «эт бышымдык» иш экенин көрбөдүкпү. Биз сабакты элдин байлыгын тоноп, коррупциянын тамырын жайып, элди атып эркин жүргөндөрдү ордуна коё алган күчүбүздөн издесек болмок. «Кылмыш кылсаң дүйнөнүн кай бурчуна качсаң да кутулбайсың» дей алган эркибизден издесек болмок, сабакты. «Арашандагыга» алыбыз жетет экен, а Москвадагы менен Минскидегиге алыбыз, дараметибиз жетеби? Мына ошолорду Эл сотуна чакырып келе алсак ошону сабак дебейт белек! Бу турган «Арашандагыны» күч менен курчап барып кулактап келээрбиз, а бирок алыстан карап боорун тырмап күлүп отургандарга айлабыз, эркибиз барбы? Күчүбүздү ошого көргөзө алат белек? Кол тийбестик адамды балким түрмөдөн коргосун, бирок элдин каргышы менен таш бараңынан коргой албайт да. Элдин ошондой каарынан корккондор сыртта качып жүрүп атпайбы. «Өлсөм да эл ичинде өлөйүн» деп арабызда отуруп берген адамдын да балким бир чындыгы бардыр? Кыйын аппак экенбиз, бирөөнү күнөөлөгөнгө баатыр Алманбет экенбиз, кези келсе баарыбыз Атамбаев сыяктуу «эл менен Кудайдын сотуна даярмын» деп өз корообузда күтүп олтура алабызбы?

Бул менин жактоом эмес, бул болгону качан кыргыз эли кырылышып, бири-бирибизди көргө буттан сүйрөшүп бүтөбүз деген аргасыздыгым. Маселен мен деле журналист катары Акаев менен Бакиевдин узун тизме «иштерин» тизмектей берсем болмок. Улам-улам козутуп. Башка жерден эмес, дал туулуп өскөн айылым Кош-Дөбөдөн Бакиевдин желдеттери канатыбызды сындырып коё жаздаганын жаза берсем болмок, жинденип. Бирок ошол коомго, эл тынчтыгына, биримдигине керекпи? Керек эмес! Жоону кетирип койдуңбу? Анда алдыны ойлонбойлубу, эгер максатыбыз бар болсо.

«Карапайым үй-бүлөдөн чыккан, кыргыз турмушунун бардык катмарын жон териси менен өткөргөн, бийлик тепкичтерин баштан-аяк басып өткөн, жылдызы кыргыз, жылдызы момун президенттүү болдук» деп сүйүнүп, жалпы элдин ишеними али күйүп турган кез. Сооронбай агабыз 20 жылдан бери баш-аягы жок саясий тирешүүгө айланган, маңызсыз саясий тегирменге түшүп, бири-бирибиздин канатыбызды кыркышкан кыргыз турмушуна өзгөртүү киргизет деп ишенгибиз келет. Казак президенти кыргыз Филармониясына келип зекигендей, качан саясатты токтотуп, бири-бирибиздин башыбызды жегенди коюп, чарбаны өстүрүп, мекенге кызмат кыла баштайбыз? Сиздин президенттик ысым - биз үчүн кызылдай чарбанын, экономикалык дыйкандын элесин берип келет, азырынча! Кайрадан саясий бош тегирменди айлантпаңыз. «Баягы Жээнбековдор» деген саясий катык догманы түзбөңүз. Кыргыз элитасы саясий да, адистик да кризисте экендигин бир абай салып карап көрүңүз. Чарбанын адамы катары кыргыз дыйканынан картөшкөсү менен жемишинин баасына кызыгып, «мурда канчадан сатчу элең да былтыр канчага саттың, быйыл канча болот» деп сурап көрүңүз. Ошолордон чоң жооп аласыз. Көзүр картабыз ушул жерде жатат.

Туура, парламент - бул саясий трибуна, бирок адис катары парламентти карандай саясий сөздүн же тапандыктын эмес, маданияттын, экономиканын, социалдык маселенин трибунасына айлантыңыз. Баарылап жектеп аткан Атамбаевдин алты жылдыгынан сиз жок дегенде бир карыш өйдө көтөрө алсаңыз - ошондо сиз үчүн жакшы тарых түзүлгөн болот. Сиз Атамбаевди ошентип гана утасыз. Түрмөгө тыгып баары бир ута албайсыз. Анткени Атамбаев сизге башка оппонент болсо да башка кеп эле. «Антташкан кан достордун» адилеттик соту ошондо турат. ЭКӨӨҢӨРГӨ гана маалым ал достукка мүлдө кыргыздын тиешеси жок. Кимиңер «кызылынан», кимиңер «агынан» жарылып жүргөн достугуңардын элге залакасы тийбей койсо дурус болмок. Ушундай тапта экономикалык жомокторго караганда саясий туруктуулук элге абадай керек болуп турат. Соңку 5-7 жылдагы саясий туруктуулук нечен кыргыз ишкерлери менен дыйкандарына канчалык олжо болгонун саясий жорупчулардан эмес, ошол дыйкан менен соодагерлердин, карапайым элдин өзүнөн сурап көрүш керек.

Туруктуулуктун сабагы

Кимиңер «кызылынан», кимиңер «агынан» жарылып жүргөн достугуңардын элге залакасы тийбей койсо дурус болмок.

Туруктуулук болсо өнөр да өсөт экен, жакшы кино тартылып, жакшы ырлар жаралат экен. Туруктуулук болсо эл митинг үчүн эмес, Ала-Тоо аянты – карылар үчүн барып сүрөткө түшө турган, жаштар үчүн барып сүйүшө турган аянт болот экен. Туруктуулук - туристтерди мындай кой - Ала-Тоодогу жана ааламдагы кыргыздар үчүн эң башкы байлык экенин эч качан эстен чыгарбайлы. «Тарыхка сабак калтырабыз» дешет, тарыхка сабакты биз боктоп аткан Атамбаев бийлигин тынч өткөрүп берип атып эле бир сабак калтырып койду. Башканы койдум, ошол кадамдан үлгү алсак болот, үлгү эле эмес, ошол салтты улантышыбыз керек! Же бул жалганбы? 20 жылдан бери кыргыз саясатынын барып турган жарасы ушул эмес беле? «Үй-бүлөсү менен аарыдай жабышып башкарып атат» деген, «бийликке атасынан калгансып тырышып атат» деген себеп эмес беле? Ушундан арылганыбызга кыргыз эле эмес, жакынкы коңшунун түгөлү көзүн кызартып суктанбады беле! Ар бир бийлик журналисттерге айтчу: «Сындаш оңой, иштеш кыйын» деп. Биз жектеген Атамбаев 2010-жылдан бери кыргыз жашоосун канча элиге же канча карышка көтөрө алганын эл айтсын. Келгиле, эмесе жаңы бийлик жакшы аталышы үчүн Атамбаевден жок дегенде эки эли ашык жакшы иш кылсын. Баарылап кылалы. Өлкөгө жана өлкө саясатына саамалык киргизели! Сынды элге койгуңар келсе ошенткиле, болбосо «Кинг-Конг аке баарын кыла берсе» эски тарыхтан айырмабыз кайсы?! Ооба, Кожоюндан «добро» алган желдеттер буйрукту аткарышаар, бирок баары бир ал «тарыхый сабак» аталбайт. Ал эл арасында «Атамбаев менен «ба-аягы» парламенттин согушундай, «эки достун» баягы тирешиндей» деген ылакап эле кеп калбаса...

Урматтуу Сооронбай Шарипович, экономиканы көтөрсөңүз элдин батасын аларсыз, а элге ак жолтой ажо болсоңуз Кудайдын батасын аларсыз! Жети облустун айыл-кыштагынан баштап «жетинчи кабатка» чейин карандай саясатташкан, жик-жикке бөлүнүшкөн, бир эл болуп туруп касташкан, Ала-Белдин «аркасы» менен «торкосуна» бөлүнүшкөн букараларыңызга Бакайдай калыс, көсөм болуп, үлгү болуп бериңиз!

Жеңишбек Эдигеев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG