Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Апта: Президенттердин жолугушуусу, Атамбаевдин сапары


24-июль, 2019-жыл
24-июль, 2019-жыл

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда Баткен районунун Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылы чектешкен жеринде эл менен жолугушту.

Эки президенттин мурдатан пландалган жолугушуусу үч күн мурда Ак-Сай-Ворух чек ара тилкесинде жаңжал катталган учурга туш келди. Алар эки элди сабырдуулук менен ынтымакта жашоосун өтүнүштү.

Жээнбеков менен Рахмон чек арада жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:54 0:00

Кыргыз президенти Жээнбеков Эмомали Рахмон менен чек арадагы жолугушуусун тарыхый деп баалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары эгемендик жылдарынан бери алгачкы жолу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жолугушту. Бул биздин сунушубузду колдогон урматтуу Эмомали Рахмондун акылдуу чечими менен болду», - деди Жээнбеков.

Президенттердин чек арадагы жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк

Ак-Сай айылынын тургундары менен болгон жолугушууда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин маселесин биргелешип чечүүгө аракет кылып жатышканын айтты.

«Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм», - деди Жээнбеков.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Аксайлыктардын үнү президентке жетпеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Эки президенттин кеңири жана тар форматтагы сүйлөшүүсү ушул эле күнү Тажикстандын Исфара шаарында башталып, кийин эки президент Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында кезикти.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Рахмондун Кыргызстанга келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болуп жатканын билдирген.

«Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти «жөнөкөйдөн татаалга карай», өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык», - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчынын белгилешинче, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмашуу болгон. Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан сууну пайдалануу проблемасына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын саясатын жогору баалай турганын жана колдой турганын айткан.

Тажик лидери болсо бул жолугушуу конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

«Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттенүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай Кыргызстан менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт», - деди Эмомали Рахмон.

Чек ара маселеси, тарыхы жана көйгөйү

Ак-Сай-Ворух чек ара тилкесинде кырдаал 22-23-июлда курчуган. Жергиликтүү адамдардын чек ара тилкесинин өз тараптарына мамлекеттеринин желегин жана жазууларды орнотуу аракеттери жаңы кагылышка алып келди. Жыйынтыгында ок атылып, бир тажик жараны каза тапты. Эки тараптан 20дай киши жараат алды.

Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылы анклав болуп эсептелет жана Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен чектешет. Тажикстандык серепчи Негматулло Мирсаидов эки өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи кезекте Ворухтун маселесин чечиши керек, 40 миң калкы бар айыл Исфарага тоскоолдуксуз кирип-чыкканга мүмкүнчүлүк алышы зарыл деп эсептейт.

Анын айтымында, азыр кандай гана жаңжал болбосун, анын ичинде кичинекей чырда да Ворух басым көрсөтүүнүн куралы бойдон калып жатат.

Көйгөйдү мыкты түшүнгөн Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев «Азаттык» менен болгон маегинде чек арадагы чырды чечүүнүн жерлерди алмашуу сыяктуу жолдорун сунуш кылды.

«Баткен району менен Исфара районунун ар бир метрин карап чыкса болот. Бул делимитация жана демаркация ишин жүргүзүүгө, тажик эли менен толук кандуу жашоого шарт түзөт. Эгер чек араны аныктабасак, чырлар мындан кийин да боло берет», - дейт экс-губернатор.

Айбалаев: Чек ара жер алмашканда гана чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

Баткен облусунан өтө алыс эмес Тажикстандын Хожент шаарында жашаган талдоочу Негматулло Мирсаидовдун оюнча, чек арадагы чыңалуу жана жаңжалдын эскалация болуп кетүү коркунучу бул ишке башка мамлекеттердин ушул сыяктуу маселелерди чечүү боюнча билими жана тажрыйбасы жетиштүү эл аралык эксперттерди тартууга эбак эле мезгил жеткенин көрсөтүүдө.

Бул пикирди Борбор Азияда бир канча жыл жашаган британиялык изилдөөчү Маделайн Ривз да колдойт. Маделайн Ривз - Манчестер университетинде социологиялык проблемаларды изилдеген окумуштуу. Ал талаштуу тилкелер чек аранын эки тарабында жашаган элдин гана кызыкчылыгын эске алуу жана саясий ыкмалар аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

Окумуштуунун сөзүнө караганда, саясатчылар электоратты жоготуп алуудан коркуп, оор чечимдерди кабыл алуудан чочулашат. Ошол эле кезде алар чек ара маселесин узак максатты көздөп жана системалуу тартипте чечүү жергиликтүү элдин жыргалчылыгына кызмат кыла турганын да эстен чыгарбашы зарыл.

Азыркы кезге чейин жүргүзүлүп келген иштер, британ окумуштуусунун сөзүнчө, практикалык жумуштарга караганда символикалуу маанайда болуп келди. Ошондуктан алар ишеним жаратпай жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт, анын 500 чакырымдан көбү делимитация жана демаркация болгон. Талаштуу делген 400 чакырымдан ашык чек ара сызыгына Ак-Сай-Ворух участогу да кирет. Мамлекеттик чек аранын сызыгы толук аныкталбаганына эки өлкө аны эки башка карта менен чечүүнү сунуш кылып келе жатканында болууда. Дүйшөмбү чек араны чечүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын аймактык бөлүнүшүн камтыган 1920-жылдардагы картага таянса, Бишкек 1950-жылдагы карта менен чечүүнү көздөйт. Ар бир тарап кошунасынын дооматын туура эмес деп эсептейт.

Атамбаевдин Москва сапары

Кыргызстанда бир катар кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экени расмий деңгээлде айтылып, күбө катары суракка да чакырылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп келди.

Атамбаевдин Кыргызстандан тоскоолдуксуз чыгып, Орусияга барып келиши тууралуу мамлекеттик органдар, анын ичинде Президенттик аппарат, Коопсуздук кеңеши, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети комментарий бере элек.

Бул жерде кайсы бир мыйзамдык эрежелер бузулган жокпу, укук коргоо органдарынын иш-аракети туура болдубу деген талкуулар да жүрүп жатат.

Атамбаевдин 24-июлда эч тоскоолдуксуз эле Москвага учушун Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мындайча комментарийледи:

«Жалпы алганда биздин эгемендүү мамлекет үчүн абдан өкүндүрө турган окуя болду. Биринчиден, мыйзам. Депутаттар, бүтүндөй мыйзам чыгаруу органы жогорку трибунадан абдан чоң айыптарды айтып жатышты. Ал жерге келип башкы прокурор айыптарды айтты. Анын ичинде оор кылмыштарга шектелип жатат дешти, баарына биз ишендик. Ошол эле учурда анын чет өлкөгө чыгып кеткенине жогорку күч органдары эч унчуккан жок. Экинчиден, Кыргызстан ички ыйкы-тыйкыбызды, ички оппозиция-позициябызды да өзүбүз чече албай, башка өлкөнүн кийлигиштирип, алардын ички иштерибизге кийлигишип жатканы, менимче, абдан өкүнө турган окуя деп ойлойм».

Алмазбек Атамбаев Москвага бир күнгө барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийин Кыргызстанга кайтып келди. Өзү кетип жатып убада кылгандай, ал түшкөн учак 25-июлда кечки 7де Кант аба базасына келип конду.

«Владимир Путин менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Ал киши «Кыргызстан эмне болот, үчүнчү революция болуп кетпейби?» деп кайгырып жатат. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт дедим».

Атамбаевдин сапары: сын жана божомол
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:11 0:00

Мурдагы президенттин Москвага барган талаштуу сапары Кыргызстанда жана Орусияда ар кандай талкууланууда. Атамбаев Москвага 24-июлда Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Канттагы аба майданы аркылуу учуп кеткен. Ал «Манас» эл аралык аба бекетинен учпаганынын себебин күтүүсүз окуялардан «сактанганы» менен түшүндүргөн. Анын Канттагы базадан учушу жана Орусиянын бул аскердик жайды Кыргызстандын ички саясий окуясына байланышкан маселеде колдонушу да түрдүүчө талкууланууда.

Талдоочу Орозбек Молдалиев кыргыз саясатчыларынын кулчулук мүнөзүн белгиледи.

«Бул кырдаалда ойлонтчу бир нече маселе бар. Алардын ичинен эң эле олуттуусу - «Качан кыргызстандыктар өз маселебизди өзүбүз чечебиз?» деген суроо. XIX кылымда Орусияга чуркап барып, жаатташкан тараптар бизди букаралыкка кабыл алгыла дегенден баштап, азыркыга чейин нуктан чыга элекпиз. Ушул ички маселени чечиш үчүн сөзсүз Путинге барыш керек беле? Мына биздин элитанын психологиясы жана деңгээли».

Ушул айда Швейцариядагы расмий сапарынан кайтып келе жатып, кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков алдын ала кабарланбаган сапар менен Москвага токтогон. Кремлде ал 11-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу саясий жана укуктук талаштуу кырдаал жаралып турганда болгон бул күтүүсүз жолугушуу түрдүүчө талкууланып, атап айтканда, айрым саясатчылар эки президент Атамбаевдин маселесин сүйлөштү деп жоромолдошкон. Бирок расмий маалыматтарда кыргыз-орус президенттери эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаганы гана айтылып, ошол эле кезде Атамбаев темасы такыр четке кагылган да эмес. Президенттик аппарат коомдо талкуу жараткан бул суроону комментарийсиз калтырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июлда Кремлде Алмазбек Атамбаев менен жолуккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин айткан.

«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралуу сүйлөштүк. Мен ага өз позициямды жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө катары эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан кечирди».

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу, Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин сатып алышы сыяктуу алты иш боюнча айып тагууга нгеиз бар экени айтылган. Ал иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча Ички иштер министрлиги үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

ИИМдин кайра-кайра чакыруусун четке каккан Атамбаевди бийлик бүгүн-эртең камайт экен деген да сөздөр жүрүп, мурдагы президенттин тарапташтары «каршылык чараларын» да көрүп жибергени кабарланган.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бийлик эми Атамбаевди камай албайт деп эсептейт.

«Атамбаевди бийлик камай албасы түшүнүктүү болуп калды. Бирок ага шылтоо табышы керек. Кандай шылтоо табат? «Путин айтты, камабай калдык десе» уят болот. Балким Конституциялык палата карап жатат деп, анын жыйынтыгы менен парламенттин токтомун жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Ошондой жолду издеп, баш оорутат. Болбосо күбө катары канчадан бери жөнөкөй баарлашууга алып келе албай жаткан. Бийликтин чечкинсиздиги акыркы кырдаалга алып келди. Ошол эле кезде Батукаевдин иши боюна жаш балалуу Аида Салянованы камап коюшту».

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, ушул айдын башынан бери топтолуп турушат.

Ал арада Ички иштер министрлиги Атамбаев тергөөгө келиши зарыл экенин маалымдады. 28-июлда ИИМ мурдагы президент тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

«Алмазбек Атамбаев суракка келиши керек. Анткени тергөөнүн кызыкчылыгы жана сыры деген түшүнүктөр бар. Тергөө кызматы Атамбаев жеке өзү суракка келиши керектигин түшүндүргөн».

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары президент катары башкарган.

Москва: шайлоо алдындагы тинтүү жана кармоо

27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катыштырылбай койгон талапкерлерди коргоп, миңдеген адам чогулду. ​

Полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери тоскоолдуктарга карабастан, мэриянын имаратынын алдына шаардык кеңешке катталбай калган талапкерлер менен тургундардын жолугушуусун өткөрүү үчүн чогулгандарды күч менен кармады. Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда кармалгандардын 430дөн ашкан. Акциянын катышуучусу ага келгенин себебин мындайча түшүндүрдү:

- Менин добуш берүү укугум бар. Мен аны алып коюшун каалабайм. Азыр бизде эч кандай тандоо жок. Эгер азыр биз өз укугубуз үчүн күрөшпөсөк, добушубузду жөн эле алып коюшат.

Акцияга чыккандар «Биз таза шайлоо үчүн!» деп кыйкырып жатышты.

- Мен бул жерге келүүнү абдан деле каалаган эмесмин, өтө коркунучтуу. Бирок мен башка жолду көрбөй турам. Баламды чоң энесине калтырып келдим. Буга чейин балам менен келе албай калгам. Алдыдагы күндөрдө да убактым болсо, дагы келем, - деди нааразылыкка чыккандардын бири.

26-27-июлга караган түнү Москва шаардык думасына ат салышып жаткан талапкерлердин штабы менен үйүнө полиция келип, бир тобун кармап кеткени маалым болгон.

Атап айтканда, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов, оппозиционер Дмитрий Гудков, катталбай калган талапкерлер Илья Яшин, Любовь Соболь жана Юлия Галямина камалганы белгилүү болду. Бир катар оппозиционерлердин үйү, ишканасы да тинтүүгө алынган.

Буга чейин Москва шаардык думасына шайлоого талапкер катары чыккан Дмитрий Гудковду, Любовь Соболду, Илья Яшинди, Константин Янкаускасты, Иван Ждановду, Юлия Галяминаны, Елена Русакованы жана бир катар башка талапкерлерди шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы графологиялык экспертизанын бүтүмдөрүнө таянуу менен «Алардын кол белгилери жасалма болуп калган. Андан тышкары так маалыматтары айкын эмес», - деп талапкер катары каттоодон баш тарткан. Талапкерлер «Экспертиза өзү компетенттүү эмес, жасалма болгон, ал эми биз чыныгы документтерге кол койгонбуз», - деп жатышат.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Интернеттеги баракчасы аркылуу аянтка келгендер чагымга туш болушу мүмкүн деп жарыя кылды:

«Шаардыктарды бүгүн уруксат берилбеген митингге чакырып, башка аймактарда жашагандарды да келип катышкыла деп үгүттөп жатышат. Тартип коргоо органдарынын маалыматына таянсам адамдын өмүрүнө, саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон опурталдуу чагымдар камдалып жатат».

Буга чейин талапкерлер бир нече ирет нааразылык акциясын өткөрүп, арасынан Любовь Соболь жаны ачыганынан ачкачылык да жарыялап жиберген.

25-июлда Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду. Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акцияны баштоону сунуштап жаткан.

Орусиянын башкалаасынын думасына шайлоо 8-сентябрда өтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG