Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Өзбекстан төрт пансионатты алгысы келет


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Эл аралык арбитраж Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча өзбек тараптын доосун соттук өндүрүшкө кабыл алды.

Анда бул иш Вашингтон конвенциясынын алкагында каралбай турганын жүйө келтирген кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон юридикалык компаниянын юрисдикциялык негиздер боюнча талаптары четке кагылган.

Эми өзбек тараптын доосунун негизи арбитражда териштириле турганы белгилүү болду. Муну «Jomart & Co» юридикалык мекемесинин жетекчиси кыргыз өкмөтүнүн баштапкы юрисдикциялык соттук кароодон утулушу катары билдирди. Ал эми өкмөткө караштуу соттук өкүлчүлүк борбору аны жокко чыгарып, соттук териштирүү иштин мазмуну боюнча эми гана башталганын жарыялады.

Ачыкка чыга элек маалымат айтылып кеткенде...

Бишкектеги «Jomart & Co» юридикалык мекемесинин жетекчиси Жоомарт Жолдошев Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат боюнча өзбек тараптын доосун кабыл алуу туура эмес экени жөнүндө кыргыз өкмөтүнүн жүйөсүн Эл аралык арбитраж четке какканын жарыялады.

Анда кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон «Жонс Дэй» (Jones Day) юридикалык компаниясы «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамга ылайык, эл аралык арбитражга макулдук бербегенин билдирген. Юридикалык компания ар кандай мүлктүк талаштарды кошумча эреже аркылуу кароо тартиби көрсөтүлбөгөнүн жана Кыргызстан Вашингтон конвенциясына толук кошула электигин жүйө келтирген.

Бирок юрист Жоомарт Жолдошевдин айтымында, эл аралык арбитраж кыргыз тараптын талабын четке кагып, ишти кароо жөнүндө чечим кабыл алды.

Жоомарт Жолдошев.
Жоомарт Жолдошев.

«Биринчи, юрисдикция боюнча сот жараянында кыргыз тарап утулуп калды, - дейт ал. - Эми негизги иш каралат. Бул бизге эмне себептен маанилүү? Анткени юрисдикция дегенде Эл аралык арбитраждын коюлган доону карай ала турган же карай албай турган эрежелери болот. Анда өзбек компаниялары «инвестициялык салымдары Вашингтон конвенциясынын алкагында корголгон» деген негиз менен доо берген болчу. Антсе да кыргыз тарап буга макул болбой, «бул иш Вашингтон конвенциясынын алкагында каралбашы керек» деген жүйөлөрүн келтирген. Бирок арбитрлер өзбек тараптын кызыкчылыгын канааттандырып, кыргыз тараптын жүйөсүн четке каккан чечим кабыл алган».

Өкмөт тынчсызданууга негиз жок деп эсептейт

Мындай билдирүүгө карата өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жооп кайтарды. Анда «Кыргызстан төрт пансионат боюнча өзбек тарапка утулду» деген маалымат анык эмес экени белгиленип, ага бир катар тактоо киргизилди. Анда мындай доо арыздарды кабыл алууда адегенде иштин өзү эмес, ошол мүлктүк талаш Эл аралык арбитражда териштирилеби же жокпу деген маселе карала турганы белгиленди. Ошондон соң гана маселенин маңызы боюнча сот жараяны башталат.

Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунун директору Аяз Баетов бул тууралуу мындай деди:

«Мына, азыр болгону биринчи этап эле аяктады. «Бул талаш-тартышты кароого Эл аралык арбитраждын юрисдикциясы барбы же жокпу?» деген эле маселе каралды. Анда арбитрлер «ооба, бул ишти мазмуну боюнча кароого алардын юрисдикциясы бар» деген чечим кабыл алышты. Бул иш эми карала баштайт. Ошондуктан алдын ала эле «сотто төрт пансионатты өзбек тарапка уттуруп койдук» дегенге эртелик кылат. Азыр сотто бир катар этаптар бар. Биз мындан аркы этаптарда чогултулган далилдер базасын көрсөтүп, буга байланыштуу тиешелүү жүйөлөрдү келтиребиз. Ошондон кийин гана бул иш боюнча маселе чечилет».

​Кыргыз өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору 2019-жылдын 1-майында Эл аралык арбитражда юрисдикциялык кароонун биринчи баскычы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени тууралуу чечим чыгарганын ырастады.

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан, Өзбекстан иштетип келген төрт пансионат жалпысынан 80 гектар жери менен 2016-жылы 4-апрелде ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин буйругуна ылайык Кыргызстанга өткөрүлгөн.

«Соттук териштирүү баары бир болмок»

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Равшан Жээнбеков иштин ырбап кетиши мурда эле белгилүү болгонун айтты:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«"Бул пансионаттар өзбектердики эмес, алар СССРдин эсебинен курулган" деген жүйө менен Кыргызстандын карамагына өткөрүү маселеси турган. Ошондуктан биз алардын менчик укугун тааныбай койгонбуз. Бирок бул президенттердин деңгээлинде каралып, биздин делегация барган учурда биздин каршы болгон чечимге карабастан ал пансионаттарды өзбек тарапка өткөрүп берүү боюнча документке кол коюп беришкен. Анан эми кийин өкмөт башчысынын буйругу менен кайра алынып отурат. Бирок өзбек тарап ал пансионаттарды өзүнүкү катары эсептеп, эл аралык сотко кайрылышы турган иш болчу. Эми кыргыз тарап өз далилдерин келтирип сотто ишенимдүү жүйөлөргө ээ болушу зарыл».

​Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рохат», «Дилором», «Золотые пески» жана «Бустон» пансионаттарын Өзбекстан өзүнүкү деп эсептеп келген. Кыргыз өкмөтү 2016-жылы менчик укугун жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишимге жана Жогорку Кеңештин СССР учурунда курулган КМШ өлкөлөрүнүн ээлигиндеги эс алуу жайларын Кыргызстандын ээлигине алуу тууралуу токтомго таянуу менен ал пансионаттарды кыргыз тарапка өткөргөн. Өзбек тарап өз кезегинде мындай чечимге макул эмес экенин билдирген.

2017-жылы кыргыз өкмөтү аталган пансионаттарды жаңы шарттар менен кайрадан Өзбекстанга кайтарып берүү боюнча келишимдин долбоору иштелип чыгарын жарыялаган. Анда пансионаттардын имараттары Өзбекстандын ээлигинде болуп, жер тилкелери Кыргызстандын менчиги катары сунушталган. Бирок бул өз ара макулдашуудан жыйынтык чыкпай калып, Өзбекстан Эл аралык арбитражга кайрылууга мажбур болгон.

Ысык-Көлдө Казакстан өзүнүкү деп эсептеп келген дагы төрт пансионат бар. Казакстан 2009-жылы бул пансионаттарды узак мөөнөткө ижарага алууга жетишкен. Бирок 2016-жылы кыргыз тарап ал пансионаттар да Кыргызстандын менчигине алынарын жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG