Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Оштогу христиандардын жөрөлгөсү

Ош шаарында, Ак-Буура дарыясындагы жапырт чөмүлүү жөрөлгөсү.
Ош шаарында, Ак-Буура дарыясындагы жапырт чөмүлүү жөрөлгөсү.

Кыргызстандагы православ христиандары ыйык чокунуу майрамын белгилешти.

Буга утурлай Ош шаарындагы христиандар салтка айланган Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү. Бул салт Иса пайгамбардын туулган күнү майрамдалган соң белгиленет. Шаардагы чиркөөнүн жетекчилиги «Азаттыкка» быйыл мурдагы жылга салыштырмалуу майрам салтанаттуу өтүп, көбүрөөк киши катышканын билдирди.

Таң эрте каз-катар тизилген машинелер, топ-топ болуп чогулган кишилер, машинеге чочко этин жүктөп келген сатуучулар көп. Ал арада Ош шаарындагы православдардын жалгыз Архангел Михаил чиркөөсүнүн ичинен кудайдан ырайым сураган обон созолонуп угулуп турду.

Ибадаткананын ичинде болсо шам шагып, ырайым суроого кезекке тургандар арбын. Алардын бири - 1970-жылдан бери Ошто жашаган 85 жаштагы Валентина Орехова.

- Тазаландым, эми ырайым сурашым керек. Мурда катышкам, бирок сууга чөмүлгөн эмесмин. Келип кайра кетчүмүн. Бүгүн барсамбы же жокпу деп ойлондум эле, анткени дарыяга түшүп чыгуу кыйыныраак.

Сыртта күтүп олтурган Андрей болсо көп жылдан бери сууга түшүп келет. Бул ирет чиркөөгө келип, чырым жүрүшкө да катышып жатат.

- Калп айтканды үйрөтүшкөн эмес. Ыйык жүрүшкө биринчи жолу катышып жатам. Ал эми суу жок болгон күндө да карга чөмүлчүмүн. Сууга түшүүнү бизге буга чейин үйрөтүшкөн. Адамдар болгондо белге чейин, жок болгондо башыбыз менен чөмүлүп кетчүбүз. Эң башкысы - канды жүгүртүш үчүн сүртүнүш керек.

Түшкө жакын чогулган эл жүрүшкө даярданып, чырым кармаган чиркөө кызматкерлеринин артына тизилип Ак-Буураны көздөй жөнөдү. Жээкте сууну ыйыктоо салтанаты болуп, 10 чакты киши сууга түштү. Чиркөө жетекчиси Виктор Реймген алардын башынан ылдый чакалап үч жолудан суу куюп жатты.

Агын сууга чумкугандардын арасында карысы да, жашы да бар. Чокунуп, сууга үч ирет чайынып чыккан Дарья Земскова үшүбөгөнүн айтууда:

- Суук эмес, жай мезгилиндегидей аябай жакшы экен. Экинчи ирет, даярдыксыз эле түшүп жатам. Ушундай аязда суу жылуу экен, ишенип коё бергиле.

Ошто христиандар майрамдашты

1/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
2/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Ош шаарындагы православдардын жалгыз Архангел Михаил чиркөөсүнө чокунууга чогулгандардын саны 300гө чукулдады.
3/23 Ош шаарындагы православдардын жалгыз Архангел Михаил чиркөөсүнө чокунууга чогулгандардын саны 300гө чукулдады.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Алгач майрам кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен башталды.
4/23 Алгач майрам кудайдан ырайым суроо, ага сыйынуу менен башталды.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
5/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
6/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
7/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
8/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Түшкө жакын чогулган эл жүрүшкө даярданып, крест кармаган чиркөө кызматкерлеринин артына тизилип Ак-Буураны карай жол тартышты.
9/23 Түшкө жакын чогулган эл жүрүшкө даярданып, крест кармаган чиркөө кызматкерлеринин артына тизилип Ак-Буураны карай жол тартышты.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Жээкте сууну ыйыктоо салтанаты болуп, онго жакын киши сууга түштү.
10/23 Жээкте сууну ыйыктоо салтанаты болуп, онго жакын киши сууга түштү.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
11/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Чиркөө жетекчиси Виктор Реймген алардын башынан ылдый чакалап үч жолудан суу куюп жатты.
12/23 Чиркөө жетекчиси Виктор Реймген алардын башынан ылдый чакалап үч жолудан суу куюп жатты.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Агын сууга чумкугандардын арасында карысы да, жашы да бар.
13/23 Агын сууга чумкугандардын арасында карысы да, жашы да бар.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Чокунуп, үч ирет сууга чумкуп же башынан ылдый суу куюлушу керек.
14/23 Чокунуп, үч ирет сууга чумкуп же башынан ылдый суу куюлушу керек.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Христиандар бул күнү жер жүзүндөгү суунун баары ыйык болот дешет. Ага жуунуп чыккан соң арууланат, суу күнөөлөрдү жууп кетет, ден соолукка да оң таасирин тийгизет деп ишенишет.
15/23 Христиандар бул күнү жер жүзүндөгү суунун баары ыйык болот дешет. Ага жуунуп чыккан соң арууланат, суу күнөөлөрдү жууп кетет, ден соолукка да оң таасирин тийгизет деп ишенишет.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Айрымдар сууну сактап, ырымдап ар кандай учурларда ичип турушат.
16/23 Айрымдар сууну сактап, ырымдап ар кандай учурларда ичип турушат.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
17/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
18/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
19/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
20/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Чогулган элдин арасында пакистандык студенттер да бар.
21/23 Чогулган элдин арасында пакистандык студенттер да бар.
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
22/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
23/23
Ош шаарындагы христиандар Ак-Буура дарыясынын боюнда чокундуруу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Артка
Алдыга


Христиандар бул күнү жер жүзүндөгү суунун баары ыйык болот дешет. Ага жуунуп чыккан соң адам арууланат, суу күнөөлөрдү жууп кетет, ден-соолукка да оң таасирин тийгизет деп ишенишет.

Колундагы бош идиштерге суу топтоого камынып турган Александра Хакимова сууга түшүүгө дарамети жетпей турганын, бирок ыйык суудан үйүнө алып барып, колдоно турганын айтты.

- Жок, суук болуп жатат. Чөмүлсөм жакшы болмок, бирок мен чыдабайм. Биздикилерден эч ким түшкөн жок. Шишелер ыйык суу үчүн. Аны үйгө алып кетип, адам ооруганда ичет. Кандайдыр бир жамандык болгондо суу жардам берет. Ошондуктан сууну чачып жатканда баары кубанып жатышат. Досторум улутка же динге карап бөлүнүшпөйт. Заманбап жашоодо жашап жатабыз. Мен деле башкаларга жакшы мамиле кылам.

Ак-Бууранын жээгинде болгон бул көрүнүштү жөн эле келип күзөткөндөр да бар.

- Биз бул жерде жашайбыз да. Ушуларды көргөнү чыктым, неберелерге көрсөткөнү. Дүйнө тааным үчүн көрсөтүп жатам, анан таза абага чыктык. Суукта үйдө отурдук эле. Сууга сыйынып жатышат, өздөрүнүн кудайына сыйынып жатышат. Ошолорду карап турам, эрмек кылып. Булар сууга түшкөндө эле таң калып атат. Карасаң, муздак сууга түшсө деле үшүбөй эле турушат, жакшынакай болуп. Ак-Бууранын касиети бар окшойт. Чилдедеги суук дары болот деп илгери айтышчу эле, - деди эки небереси менен чокунуу жөрөлгөсүн карап турган Зарипа Ураимова.

Суу жээгиндеги жөрөлгөлөр аягына чыккан соң, аны алып барган чиркөөнүн башчысы Виктор Реймген жүрүштү кайра чиркөөгө баштап келди. Ал жерде да элге ыйыкталган суу чачылды.

Чогулган элдин арасында пакистандык студенттер да бар. Алар менен маектешүү аракетимден жыйынтык чыккан жок. Бирок алардын көбү Оштогу медициналык окуу жайында билим алып келишкени бизге маалым.

Чиркөө жетекчиси Виктор Реймгендин айтымында, бүгүн мурдагы жылга салыштырмалуу адам көп болду. Болжол менен 300дөн ашуун киши чогулган.

- Майрам аябай салтанаттуу өттү, - деди ал. - Адамдар көп келди. Коноктор да көп болду. Оштон гана эмес, башка шаарлардан, Орусиядан, алыскы чет өлкөлөрдөн кудайга ишенгендер көп келди. Ар дайым чиркөөгө келип турууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар да бүгүн ыйык чокунуу майрамында ибадатканада сыйынуу үчүн, кудайдын ыраазычылыгын алыш үчүн жана ыйык суудан алыш үчүн топтолушту. Ыйык сууну үйлөргө чачышат, жан-дүйнөнү жана денени тазалаш үчүн ичишет жана оорулууларды айыктырышат. Суунун баарын бул күнү дүйнө боюнча ыйыкталат. Кудай баарына мээримин төксүн, башка күндөрдө деле кудайга сыйынууда, кудай менен болууда бизди ушундай кубаныч сезими коштоп жүрсүн.

Архангел Михаил чиркөөсүндөгү майрымдын негизги бөлүгү кайчылаш символ - чырымды өбүү менен аяктады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Куржундар
XS
SM
MD
LG