Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Сузактагы чек арачыларга нааразылык


Кара-Дарыянын жанына чогулган жергиликтүү тургундар.
Кара-Дарыянын жанына чогулган жергиликтүү тургундар.

Сузак районунун Жийде айылынын бир катар тургундары аймактагы чек ара заставасынын башчысына каршы арызданып укук коргоо органдарына кайрылышты.

Жергиликтүү тургундар чек ара аймагындагы сайдан шагыл таш жүктөөдө чек арачылар ур-токмокко алып, акча жыйнап жатышканын билдиришкен. Окуянын чоо-жайын аскер гарнизону текшерүүдө. Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы айылдыктардын дооматына кошулган жок.

Сузак районунун Жийде айылынын жыйырмадай тургуну аймактагы Сузак чек ара заставасынын командири Аскар Орозбек уулуна мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнүп Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдарына кайрылды. Алардын бири Алижан Урбаев кайрылуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

Алижан Урбаев.
Алижан Урбаев.

«Сайдын эки бети Сузак районунун айылдары болсо кантип эле сайдын ичи чек ара зонасы болуп калсын? Өзбекстан тарап темир зымдарын тартып койгон. Ошол жерден 1 чакырым алыстыкка чейин чек арачылар коруп жатканы түшүнүксүз. 300 сом берсең тоскоолдуксуз киресиң, болбосо жок. Чек арачылар менен макулдашпай кирсең карыз кылып коюшат. Сайдын бул аймагы жайык болгондуктан таш жүктөөгө ыңгайлуу болгону үчүн көпчүлүк ушул жакка келет. Ар бир түшкөн машинеден чек арачылар 300 сомдон алып жатышат. Сайдын жээгиндеги алачыкта отурган чек арачылар кирген машинелерди санап турушат. Акча бербесең «мыйзамсыз чек арада жүрөсүң» деп кармап кетип, чек ара тозотуна камап коет. Менин өзүмдү эки жолу кармап кетишти. Акыркы жолу саат 10дордо алып барып, командири жок 16:00гө чейин алып отурушту. Кант диабетим күчөп, оозумдан көбүк агып, өзүмдү жаман сезе баштаганда гана араң кое беришти. Анда да акча талап кылышкан. Булардын мыйзамсыз иштерин тыя турган орган барбы?»

Кара-Дарыя сайында иштеген жергиликтүү тургундар бизге ал жерлерди көргөзүп берүүгө аракет кылышты. Сайдан бир тарабында Жийде, экинчи бетинде Ширин айылдары жайгашкан. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышыптыр.

Атабеков айыл аймагынын көчө комитетинин башчысы Жоробек Юлчиев чек арачылар өзүм билемдик аракеттерге барып жатышат деп эсептейт.

Жоробек Юлчиев.
Жоробек Юлчиев.

«Буга чейин бул аймакта мындай маселе жаралган эмес, - деди ал. - Сузак чек ара заставасына жаңы башчы келгенден тартып сайдан акча алуу башталды. Чек ара тозотунун башчысы Аскар менен жолугушуп, мыйзамсыз аракеттерди токтотуп, ал жерге чек ара белгилерин коюу боюнча сүйлөшкөнбүз. Ал үчүн мен Атабеков айыл аймагынын бюджетинен каражат да бөлдүрүп бергенмин. Эми келип таштарды үйүп коюп, «ушул чек ара белгиси» деп жатат. Чек ара зымынан мынча алыс жайгашуубуз туура эмес. Сузак чек ара тозотунун жетекчиси: «Бизге жогорку жактан ушундай буйрук берилген» дейт. Анда өздөрү ар бир машинеден 300-500 сомдон акча алып, киргизип жатканы мыйзамдуубу? Бербей койсо айыл аралап артынан кууп барып төлөтөт экен. Жергиликтүү калк ушул сайдан шагыл таш алып тиричилик кылат. «Мындай мыйзамсыз иштериңди токтот» деп айткан кайрылуубузду тозоттун башчысы уккан да жок. Чек араны кайтаруунун ордуна алар сайдагы таштарды сатып жатышат. Балким генералдар аны ушул кадамга түртүп жатабы?»

Кара-Дарыя сайы аркылуу Өзбекстан менен Сузактын эки айыл аймагы чектешип турат. Алардын бири - Атабеков айыл аймагы - коңшу өлкө менен 15 чакырым суу аркылуу чектешет. Бирок сай жээктеринде чек ара белгилери коюлган эмес.

Жалал-Абад облустук чек ара башкармалыгынын командири Таалай Кожошев айтылган дооматтарды негизсиз катары четке какты:

Таалай Кожошев.
Таалай Кожошев.

«Биздин негизги милдет - чек араны кайтаруу, анын режимин сактоо, чек ара мызамдарын бузууга жол бербөө. Ошондуктан чек ара тилкесине жакын барып шагыл таш алууга болбойт. Андай болсо Өзбекстан бизге «чек ара зонасында иштеп жатасыңар» деп доомат коюшу мүмкүн. Эреже боюнча чек ара тилкесинен 50-100 метрге чейин барууга болбойт, аны жергиликтүү тургундар туура түшүнүшү керек. Командир катары мен акча алуу боюнча таптакыр билбейт экенмин. Кудайга шүгүр, өзүмдүн маянам жетиштүү. Кол алдымдагы балдарга талапты да катуу коё билем. Ал жерде иштеген тозоттун башчысы, капитан Орозбек уулу Аскардын андай иштерге барышына ишенбейм жана ал биз койгон талапты так аткарат. Мурунку жылдары чек ара мыйзамдарын бузган адамдарга 3 миң сомго чейин айыппул салдык эле. Быйылтан тартып мыйзамдардагы өзгөрүүгө ылайык жөн гана түшүндүрүү иштерин жүргүзө алабыз».

Сузак районунун Жийде айылынын тургуну Канболот Садык уулу бир топ жылдардан бери машинелерге таш жүктөп иштейт. Ал ушул жылдын 10-май күнү чек арачылар иниси менен бирге сайдан кармап, ур-токмокко алганын билдирүүдө. Бул багытта ал Сузак милициясына арыз менен кайрылган.

Канболот Садык уулу.
Канболот Садык уулу.

«Былтыр сайдан таш терип жүргөн убакта чек арачылар кармап алып, мени токмоктошкон, - деди ал. - Биз ушул аймакта жашагандыктан чек ара тилкеси кайсы жерде экенин жакшы билебиз. Мен эч качан чек ара тилкесине мыйзамсыз кирген эмесмин. Булар өз алдынча эле тосуп алып акча талап кылып жатышат. Быйыл да 10-майда иним экөөбүздү ушул жерден кармап кетип, чек ара тозотуна алып барып, жертөлөсүндө колу-бутубузду байлап, топтошуп сабап салышты. Мурунку сабагандарын макул деп кечирсем, акыркы аракеттерине чыдай алганым жок. Ошондуктан 11-май күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө барып, буларга каршы арыз жазып кайрылганмын. 12-майда мени бир да жолу сурабай туруп Аскер прокуратурасы «чек арачылар мыйзамдуу иш кылган» деп жооп жазып жибериптир. Сузак чек ара заставасынын башчысы менен Аскер прокуратурасында иштеген тергөөчү - жакын достордон. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагын алар көрүп да койбоптур. Мен чек арачыларга акча бербегеним үчүн ушундай кырдаалга туш болуп отурам».

12-майда Сузак райондук ички иштер бөлүмү Садык уулунун арызын кабыл алып, бирдиктүү реестрге каттаган жана аны соттук-медициналык экспертизага жөнөткөн. Ишти тергөө Жалал-Абад аскердик гарнизонуна өткөрүлүп берилген. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Султан Токтогулов чек арачылар мыйзамдуу иш кылган деген жыйынтыкка келгенин айтты:

«Сузак» чек ара заставасы.
«Сузак» чек ара заставасы.

«12-майда бизге келген арызды текшерип чыгып, ошол эле күнү өз ээсине жооп бергенбиз. Сузак чек ара заставасынын аскер кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин негизинде иш алып барышкан. Ошондуктан алардын аракетинде эч кандай кылмыштын жана жоруктун курамы жок экендиги аныкталган. Ошондой эле арызда көрсөтүлгөн дооматтар өз ордун тапкан жок. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын биз алганыбыз жок. Эгерде алар биздин чечимге макул болбосо сотко же прокуратурага кайрылса болот».

Нааразылык билдирген жергиликтүү тургундар Сузак чек ара заставасынын имаратына чейин барып, анын башчысы Аскар Орозбек уулун чыгышын талап кылышты. Бирок тозоттон эч ким чыкпагандыктан чогулгандар тарап кетишти. Орозбек уулу өзү «Азаттыкка» интервью берүүнү каалаган жок.

Сузак району Өзбекстан Республикасы менен 66 чакырымдан ашык аралыкта чектешип, төрт чек ара тозоту кайтарууга алынат. Учурда аймактагы бардык чек ара тилкелери такталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG