Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:51

Вероник Улманн: Швейцария менен Кыргызстандын мамилеси жогорку деңгээлде


Вероник Улманн.

Кыргыз-швейцар кызматташтыгынын 25 жылдыгы белгиленүүдө. Бул аралыкта Швейцария мамлекеттик башкаруу, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, бизнести колдоо жаатында 28 миллиард сомдук долбоорлорду ишке ашырды.

Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Улманн билдирди.

«Азаттык»: - Элчи айым, 20-октябрда Швейцарияда парламенттик шайлоо өттү. Кыргызстанда кезектеги шайлоо өнөктүгү 2020-жылы өтөт, бирок расмий эмес даярдык башталганын азыр эле байкоого болот. Сиздердин өлкө бул шайлоонун демократиялык нукта өтүшүнө колдоо көрсөтүп, байкоо жүргүзөбү?

Улманн: - Белгилей кетсем, буга чейинки парламенттик шайлоодо биз Кыргызстанга добуштарды эсептөөнүн электрондук системасын уюштурууга көмөк көрсөттүк. Мындай ыкма иштин ачыктыгын жана ыкчамдыгын камсыз кылды. Ал эми келерки шайлоо өнөктүгүнө биздин эксперттер ЕККУ программасынын алкагында байкоочу катары катышуусу жана жаштар менен аялдардын шайлоого талапкер болуп катышуусуна көмөктөшүү жагы каралууда. Бул багытта кызматташуунун жолдору учурда Кыргызстандын Боршайкому жана биздин өнөктөштөр менен талкууланууда. Бирок сөзсүз колдоо көрсөтүлөт.

«Азаттык»: - Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалын кандай баалайсыз?

Улманн: - Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле башынан жакшы бойдон келе жатат. Быйыл Кыргызстандын башчысы Швейцарияда болуп, эки президенттин жолугушуусу өттү. Былтыр Швейцариянын экономика министри бир топ ишкер менен Кыргызстанга келип кеткен. Эки жыл мурда Швейцариянын финансы министри Бишкекте болгон. Кийинки мисал – өнүгүүгө багытталган кызматташтыктын кеңири масштабдагы программасы. Себеби Кыргызстан биз үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн бири. 1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 400 миллион доллардан ашуун каражатка техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам көрсөттү. Швейцария менен Кыргызстан экөө тең Эл аралык Валюта Фондунда (ЭВФ) жана Дүйнөлүк Банкта добуш берүүчү бир топто мүчө. Бул эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзгөндө Швейцария Кыргызстандын жана топко мүчө болгон башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргойт.

Ал эми жалпы карай турган болсок, биздин кызматташтык өткөн кылымда эле башталган: 1930-жылдары швейцариялык журналист жана саякатчы Элла Маяр Кыргызстанга келип кеткен. Ал саякаты тууралуу кызыктуу китеп жазып, сүрөттөрүн жарыялаган. Азыр ошол сүрөттөрдү Каракол шаарынын жана Швейцариянын музейлеринен көрүүгө болот. Мындан тышкары, жаратылыш ресурстарыбыз да бирдей: тоолорубуз жана мөңгүлөрүбуз, кооз табиятыбыз. Мунун баары эки элди жакындатып турат деп ишенем.

«Азаттык»: - Швейцариянын колдоосу менен долбоорлор негизинен кайсы багытта ишке ашууда жана алардын жыйынтыгы кандай?

Улманн: - Биз төрт негизги багытта иштейбиз. Биринчиси - саламаттык сактоо: калктын, айрыкча айыл тургундарынын баштапкы медициналык-санитардык жардам менен камсыз болушу. Биздин долбоорлор Кыргызстандын өкмөтү жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүз менен чогуу ишке ашырылат. Соңку жылдары биргелешип беш жашка чейинки наристелер арасында өлүмдүн көрсөткүчүн 2/3 азайттык. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтери менен бирге үй-бүлөлүк дарыгерлерди жана медайымдарды даярдоо боюнча жаңы окуу пландарын иштеп чыктык. Бул окуудан өткөн алгачкы адистер аймактарда иштеп жатышат. Ошентип, айыл жергесинде медицина кызматкерлеринин жетишсиздигине байланышкан маселе чечилүүдө.

Экинчи багыт – таза суу менен камсыз кылуу. Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы менен бирге Швейцария Кыргызстандын шаарларындагы 2 миллиондон ашуун адамдын таза суу менен камсыз болушуна жетишти. Быйыл июнь айында биз кыргыз өкмөтүнө келечекте маанилүү роль ойной турган суу ресурстары боюнча улуттук агенттикти түзүүгө көмөк көрсөттүк. Суу түрдүү максатта колдонулары белгилүү: экономикалык ресурс, ичүүчү суу, агын сууларды башкаруу, ирригация ж.б., ошондуктан бул маселеге комплекстүү мамиле жасап, бул жаратылыш ресурсунун керектүү көлөмү менен азыр да, келечекте да камсыз кыла алгыдай пайдалануу зарыл.

Үчүнчү багыт – экономикалык өнүгүү жана жумуш менен камсыз кылуу. Жеке секторду өнүктүрүүдө биз нормативдик-укуктук базаны жөнөкөйлөтүүгө салым кошуп, чакан жана орто бизнести текшерүүдөгү, салык салуудагы административдик жүктү азайтуу аркылуу алардын чыгашасын сегиз жылда 5 миллион долларга кемиттик. Швейцариянын жардамы менен Ысык-Көл облусунда ачылган быштак чыгаруучу «Dairy Spring» заводу эки жыл мурда швейцариялык инвесторлорго сатылды. Бул ишкана 2,5 миңден ашуун фермер менен кызматташат.

Биздин ишмердүүлүгүбүздүн төртүнчү багыты «мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик институттар» деп аталат. Бул жаатта жергиликтүү бийлик органдарына бюджетти эл менен тыгыз байланышта ачык-айкын түзүп, аткарууга жардам беребиз. Муниципалдык деңгээлдеги долбоорлордун жардамы менен айыл жергесиндеги 260 миңден ашуун адамдын бала бакча, таза суу, жол маселеси чечилди. Ошондой эле Жогорку Кеңеш менен кызматташабыз. Комитеттердин ишин, парламеттин жарандар менен байланышын жакшыртуу аракетибиздин натыйжасында, мисалы, Кыргызстанда алгачкы жолу бюджеттик резолюция боюнча коомдук талкуу уюштурулган.

Дээрлик 10 жылдан бери биз искусство жана маданият тармагында иштеген уюмдарга да колдоо көрсөтүп келе жатабыз.

«Азаттык»: - Кыргызстанда соңку жылдары мөңгү маселеси көп айтыла баштады. Албетте, мунун өз себептери бар. Маалыматтарга караганда, сиздердин өлкөдө мөңгүлөрдүн саны 4 миңге жетет жана бул кылымдын аягына чейин көлөмүнүн 90% жоготушу ыктымал. Швейцария өкмөтү мөңгүлөрдүн табигый себептен азайып жатышы боюнча кандай чара көрүүдө жана Кыргызстанга кандай кеңешин бере алат?

Улманн: - Швейцариянын өзүндө анча мөңгү жок. Кеп жалпы Альпы тоолору жөнүндө болуп жаткан чыгар. Швейцарияда 1,5 миңдей мөңгү бар. Ооба, сиз туура айтасыз, бул биздин өлкөнүн гана эмес, жалпы дүйнөнүн, анын ичинде Борбор Азиянын жана Кыргызстандын көйгөйү. Мөңгүлөрдүн эриши жана суунун көлөмүнүн азайышы келечекте тартыштыкка себеп болуп, оор кесепеттерге алып келиши ыктымал. Бул көйгөй мөңгүлөр менен катар алардын астындагы түбөлүк тоңго да тийиштүү. Себеби алар климат өзгөрүп, аба жылыган сайын аз-аздан эрип, көчкү жана башка жаратылыш кырсыктарына түрткү болууда.

Швейцарияда тиешелүү маалымат чогултулуп, ошонун негизинде мөңгү эрисе эмне болорунун сценарийи түзүлөт. Климат өзгөрсө эмне болору жана оор кесепеттердин алдын алуу тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошол маалыматка таянып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экономиканын башка да тармактарын, мисалы, туризм багытын коргоо иштери жүргүзүлөт. Кар улам азайып бараткандыктан туристтер да аз каттай баштайт, ошондуктан экономиканын ушул секторун ыңгайлаштыруу чараларын көрүү зарыл.

Албетте, жаратылыш кырсыктарынын ыктымалдыгы жагынан кооптуулугу эң жогору объектилер аныкталып, тиешелүү иш жүргүзүлүп турат. Абанын температурасы жогорулаган сайын эмнеге көңүл буруш керек экендиги тууралуу элге маалымат берилет. Мисалы, күн аябай ысып кетсе улгайган адамдар ден соолугуна кантип кам көрүшү керек деген маалыматтар болушу мүмкүн.

Эң башкысы – сууну сарамжалдуу пайдалануу. Климаттын глобалдык ысышынын улам суу ресурстары азайышы ыктымал болгондуктан сууну туура пайдалануу зарыл. Мында технологиялык ыкмалар жана жарандык позиция маанилүү роль ойнойт. Дагы бир олуттуу жагдай – сууну пайдалануунун акыйкат баасы. Швейцарияда электр энергиясын гидроэлектр станциялары өндүрөт. Эгер мөңгүлөр берген суу азайса электр энергиясы менен камсыздоодо проблема жаралышы мүмкүн. Ошондуктан биз энергияны башка жол менен, мисалы, альтернативдүү булактардан алууну караштыруубуз зарыл.

Биздин өлкө климаттын өзгөрүүсү тууралуу глобалдык деңгээлдеги маалымдуулукту жогорулатуу максатында эл аралык диалогду да жайылтып келе жатат. Албетте, тажрыйбабыз жана билимибиз Кыргызстанга суу ресурстарын башкаруу жана климаттын өзгөрүүсү багытында жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Азаттык»: - Эки өлкө ортосундагы окшоштуктардын дагы бири – бул туризм тармагы үчүн ыңгайлуу шарттар. Швейцарияны биздин өлкө ушул жагынан канчалык кызыктырат жана бул багытта сиздер тараптан иш жүргүзүлөбү?

Улманн: - Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Швейцариянын 68 жараны бар. Албетте, анча көп эмес, бирок жайкы эс алуу маалында бул сан бир нече эсе көбөйөт. Экономикалык өнүгүү программасынын алкагында Швейцария туризм тармагын колдоодо. Жакында эле кышкы туризмди жайылтуу долбоорун ишке ашырдык. Ал тейлөө сапатын жакшыртууга, көбүрөөк туристтерди тартууга жана ишкерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Айлана-чөйрөнү коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Бул багытта жүрүп жаткан иштерибиз тууралуу айтканда швейцариялык «Хелветас» уюмунун каржылык колдоосу менен жүзөгө ашкан «Жергиликтүү жамааттарга негизделген туризм» долбоорун мисал келтирсем болот. Бул долбоордун жардамы менен Кыргызстандын бардык аймактарында тейлөө кызматтары ачылган.

«Азаттык»: - Быйыл эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын 25 жылдыгына арнап сиздер Бишкекте өзгөчө көргөзмө уюштурдуңуздар. Аны мультимедиалык форматта өткөрүүнүн максаты эмнеде болду?

Улманн: - Биз Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 25 жылдыгына карата «Көк арт» деген мультимедиалык көргөзмө уюштурдук. Бул көркөм долбоор биздин өнүктүрүү программабыз менен иштешкен адамдардын жашоосу тууралуу баяндайт. Башкы идеясы – жардам алган адамдардын өзүнө сөз берүү болгондуктан көргөзмөбүз ошолордун добушу болуп калды десем жаңылышпайм.

Көргөзмөнү уюштурган көркөм жамаат да бизден жардам алган, андыктан бул иш-чара аларга өзү тууралуу айтып берип, башка колдоо көргөн адамдардын ийгилигин билүү мүмкүнчүлүгүн алды. Көргөзмөнү инновациялык көз карашта даярдагыбыз келгендиктен бардыгын алардын өз чыгармачыл эркине койдук. Көрүүчүлөрдүн көбү жаштар болду. Ошентип биз өткөн чак менен келечекти байланыштыра алдык – алдыга умтулган жаштар ишке ашкан ийгиликтер тууралуу кеңири маалымат ала алышты.

Эки жарым күндө көргөзмөнү 900дөн ашуун адам көрдү. Азыр кыргыз-швейцариялык «Көк арт» долбоорубузду онлайн форматта кыргыз, орус жана англис тилдеринде http://www.ci.kg/bluepass дарегинен тапса болот.

«Азаттык»: - Эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечегин кандай көрөсүз?

Улманн: - Ортодогу мамиле улам жакшыруу нугунда гана жүрөт деген ойдомун. Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси катары өкмөттөрдүн, мамлекеттик түзүмдөрдүн, жеке сектордун жана катардагы жарандар ортосундагы кызматташтык мамилесин күчөтүүгө болгон аракетимди жумшагым келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG