Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Кыргыздар замандан артта калбасын


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзүндө өтө тез жана чоң өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Бул өзгөрүүлөр жалпы адамзаттын жашоосуна тарыхта болбогондой таасир этет.

Экономика, башкаруу, коом, саясат, керек болсо адамдардын ортосундагы мамилелер да өзгөрөт. Биз бул дүйнөлөшүү заманында бардык болуп жаткан өзгөрүүлөрдү адегенде түшүнө билишибиз керек. Ошондо гана аларды өз пайдабызга буруп, жашообузду өзгөртө алабыз жана бул биз үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк. Албетте, болуп жаткан жаңылыктардын табиятын түшүнө билген адамдар аны көпчүлүккө жеткирүүгө милдеттүү.

Тарыхты алып карасак, дүйнө коомчулугунда буга чейин болуп өткөн технологиялык революциялар ал коомдордун бардык жашоо тармактарын өзгөрткөн.

Элеттен шаарга көчүргөн өзгөрүү

Кыскача жана үстүртөн мисалдарга токтолсок: XVIII кылымдын экинчи бөлүгүндө (1760-ж.) Англияда бир катар жаңы ачылыштар (буу кыймылдаткычы, чоюн өндүрүү, текстил өнөр жайы) тез арада бул өлкөнү дүйнөлүк экономикалык лидерге айлантты жана биринчи өндүрүш революциясынын башы болду. Эң негизгиси - айрым тармактарда кол эмгегинен механизмдердин күчү менен өндүрүштү жүргүзүүгө өтүү мүмкүн болду.

Англичандардын көбү айыл чарбасынан индустриалдык өндүрүшкө ооду жана адамдардын жашоо шарты жакшы жакка өзгөрдү. Кийин бул жаңы толкун башка мамлекеттерге да таркады.

XIX кылымдын экинчи бөлүгүндө (1860-ж.) да бир катар жаңы илимий ачылыштар (химиядагы ачылыштар, жогорку сапаттагы металл өндүрүү, электр энергиясы, темир жолдорду жапырт өздөштүрүү) экинчи өндүрүш революциясын баштады. Бул жаңылыктар тез эле алдыңкы мамлекеттерде жайылып, буга чейин башталган индустриализацияны күчөттү. Кол эмгегинен механизмдердин күчү менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүш арбыды.

Бул өзгөрүүлөр адамзаттын тарыхында эң чоң экономикалык өсүш катары мүнөздөлөт. Массалык өндүрүштүн башталышы товарлардын баасын түшүрүп, адамдардын жашоо шартын бир топ өзгөрттү. Ошону менен катар адамдар элет жергесинен чоң шаарларга агылды жана өндүрүштүн жаңы ыкмалары жумушсуздукту пайда кылды. Бирок ал мамлекеттердин жүргүзгөн экономикалык саясаты акыры бул маселени да чечти.

Кыскача эле белгилеп кеткенибиз менен, бул жаңылыктардын натыйжасы - жалпы дүйнөлүк масштабдардагы окуялар – колониалдык саясат, дүйнөлүк согуштар, эл аралык корпорациялардын пайда болушу. Жыйынтыгы - бүгүнкү дүйнөлүк экономика, геосаясий реалдуулук жана адамдардын жаңы жашоо образы.

Технологиялык революциялардын тарыхтагы таасири өтө чоң. Алар адегенде экономиканы өзгөртөт. Экономика өзгөргөнү менен дүйнөдөгү мамлекеттер ортосундагы атаандашууда лидерлер алмашат. Өнүгүүдөн артта калган мамлекеттер дал ушундай чоң өзгөрүүлөр жүрүп жаткан учурларды күтүп, аларды өздөштүрүү аркылуу өз абалын да жакшыртууну максат кылышат. Алар бардык коомчулуктун күч-аракетин ушул багытка жумшашат.

Баарын сатып түгөттүк...

Бүгүн да дүйнө жүзү буга чейин болбогондой трансформациянын астында турат жана бул жолу боло турган жаңылыктардын масштабы адамзаттын тарыхында эбегейсиз изин калтырчудай түрү бар. Эми бул жаңы нерселер жөнүндө сөз кыла тургандан мурун фокусту өзүбүзгө бурсак.

Ар кандай себептерден улам биздин коомубуз бир топ убакыт бул жүрүштөрдөн сыртта калып, өз казаныбызда гана кайнап жаттык. Орус империясы биздин аймакта өз саясатын жандуу жүргүзө баштаганда гана алар аркылуу бул дүйнөлүк толкун бизге да сезиле башталды. Бул чоң дүйнөлүк империя урап, анын ордун жаңы советтик мамлекет ээледи жана ал мамлекеттин ичиндеги жүрүп жаткан өзгөрүүлөр биздин жашообузга түздөн-түз таасирин тийгизе баштады.

Сталиндин индустриализациясы, ликбези менен кошо репрессияларын да жон терибиз менен сездик, СССРдин жакшы-жаман жактарын да көрдүк. Кубаттуу дүйнөлүк мамлекет чачырады жана Кудай жалгап өз алдынча мамлекеттүү болуп калдык, биздин тарыхта жаңы өзүнчө барактар ачылды. Тилекке каршы, мамлекеттүү болгонубуз менен союздан калган бир топ байлыкты сактай албай, талап жок кылдык. Алдыңкы дүйнөлүк стандарттагы завод-фабрикаларды, жабдууларды ит бекерге, металлоломго сатып таркаттык. Мүмкүн буга чейин өз алдынча саясат жүргүзбөй, жетеленме болуп келгенибиз ушуга себепчи болгондур.

СССР коомунда өз алдынча, эркин жана демилгелүү ой жүгүртүү кубатталган эмес, тескерисинче басымга кабылган. Бардыгы ал учурдагы борбордон түшкөн буйруктар, шаблондор менен жүргүзүлчү. Кандай болгон күнү да андан бери бир топ убакыт өттү. Мамлекеттен жардам күтө албаган эл демилгени өз колуна алып «өз киндигин өзү кесе» баштады. Чет жактарга агылдык, аргасыз ар кандай жолдор менен үй-бүлөнү багуунун айла-амалын издей баштадык. Элибиз өзгөрдү, чыйралды, бирок мамлекеттин кейпи баягы бойдон эле турат. Тилекке каршы, 30 жыл ичинде натыйжалуу башкарууну, экономиканы кура алган жокпуз. Дүйнө элдери, коңшуларыбыз менен тең ата боло албай атабыз.

Биздин экономикабыздын өзөгү - бул мигранттар. Жыл сайын түмөндөгөн жарандарыбыз чет мамлекеттерге чыгып үй-бүлөсүн багууга аргасыз. Миллиондон ашык мекендештерибиз сырт жактан жиберип жаткан каражаттар менен биздин ички соодабыз жай кыймылдап жатат. Бирок узак мөөнөттө бул биздин улутубуз үчүн өлүмгө барабар, жыл сайын мынча адам чыгып кетип жатканы - чоң утулуш. Бул терс көрүнүштү токтотуп, элибизди мекенине кайтаруу ар бир кыргыз жигитинин негизги максаты болуш керек. Бирок ал максатка биз экономикабыздын, мамлекетибиздин табиятын, саясатын өзгөртмөйүн эч качан жете албайбыз. Бул абал биздин дүйнөдөгү рынокто ээлеген ордубузду өзгөртүү менен гана мүмкүн болот жана биз башында сөз кылган жаңы технологиялык революция бизге тарыхый мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылат.

Санариптештирүүдөн артта калбайлы

Бул жаңы өзгөрүүлөрдүн башында жасалма эс-тутум (artificial intelligence), санарип (data), 5G технологиялар, кванттык процессорлор, 3D принтерлери жана башка технологиялар турат. Биз жогоруда сөз кылган кол эмгегинен механизмдердин күчү аркылуу өндүрүш жүргүзүү эбегейсиз даражага көтөрүлөт жана ал жасалма эстутум менен кубатталат. Жасалма эстутумдун деңгээли өсүп адамдын тиричилигиндеги бир топ тармактарды ээлей баштайт, дүйнө жүзүндө жүз миллиондогон адамдар жумушсуз калат.

Санариптик технологиялар мамлекеттерге, жеке компаниялрга коом, адамдар жөнүндө эбегейсиз маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк берет. Миллиондогон адамдар жөнүндө маалыматтарды топтоо платформалары жасалма эстутум менен жабдылат, биз жөнүндө өзүбүздөн да жакшы билишет. Албетте, муну ар кандай пайдаланышы мүмкүн жана мамлекеттин коопсуздугу, эгемендиги чоң коркунучтарга дуушар болот.

5G - бул жөн гана Интернетке байланышуунун ылдамдыгы эмес. Биз колдонуп жаткан 3G, 4G Интернет байланышынын ылдамдыгы секундасына орточо 20 МБ маалымат алмашууга мүмкүн, бул адамдарга компьютер же смартфондор менен байланышууга шарт түзөт. Бирок жасалма эстутум менен жабдылган автоунаалар же башка биздин тиричилигибиздеги буюмдар массалык түрдө Интернетке кошула баштаса жалпы байланыш каналдары аны көтөрө албай калат. 5G болсо бир секундада 15-20 гигабайт маалымат алмашууга мүмкүн жана бул биздин айлана-чөйрөдөгү буюмдарды Интернетке байланыштырууга жана адам менен гана эмес, бири-бири менен маалымат алмашып турушуна шарт түзөт. Мисалы, жасалма эстутум менен жабдылган автоунаалар бирин бири сүзүшпөйт, айдоочусуз жүрөт.

Бул технологияларыбыз биз көнүп калган жашоону өзгөртөт. Ошону менен бирге дүйнө экономикасын, башкарууну, коомду, саясатты жана керек болсо адамдардын ортосундагы мамилелерди өзгөртөт. Алдыдагы мамлекеттер менен артта калган өлкөлөрдүн айырмасы эбегейсиз чоң болот.

Кокон хандыгынын доору өттү

Түзүлүп жаткан кырдаал биз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кошо коркунучтарды да алып келет. Жаңы мүмкүнчүлүк дегеним - биз бул шартты туура баалап колдоно алсак, өзүбүздүн мамлекетибизди, экономикабызды модернизация кылып башка коңшулаш өлкөлөр менен, керек болсо дүйнө мамлекеттери менен тең ата болууга мүмкүнчүлүктөр пайда болуп атат. Коркунучу - биз учурду туура баамдай билбей, өзүбүздүн казаныбызда эле кайнай берсек акыры жок болобуз же мурункудай эле башкалардын кол алдындагы бир жетеленмеге айланабыз.

Кызыгы - убагында башка элдерден бир топ артта калган жана өнүгүп кеткен мамлекеттерге жем болгон Түштүк Корея, Жапония, Кытай бүгүн жаңы технологияларды өздөштүрүүдө дүйнө лидерлеринин катарында. Алар убагында өзгөрүп жаткан заманды туура баамдап, келечекке карай туура кадам ташташкан, бүгүн дүйнө лидерлигин Батыш мамлекеттеринен талашып жатышат. Албетте, бул чоң мамлекеттер, алардын орду башка, бирок мурунку СССРде болгон биз сыяктуу мамлекеттердин да ийгиликтүү мисалдары көп.

Жаңы экономика курууда мамлекет жана жеке менчик сектор алгачкы ролду ойношу керек. Бирок адегенде биз бийлигибиздин табиятын өзгөртүшүбүз керек. Мурунку Кокон хандыгындай саясий система замандын талабына жооп бербейт, жаңы өзгөрүүлөргө тоскоол болот. Азыркы биздин саясий реалдуулугубузга чыныгы парламенттик демократия керек. Азыркыдай жасалма, жетеленме эмес, чыныгы элдин өкүлчүлүк функциясын аткарган парламент зарыл. Ал үчүн шайлоо мыйзамдары өзгөрүлүп, жаңы күчтөр келишине шарт болуш керек. Эркин парламент гана күчтүү өкмөттү түзө алат, сот системасын жана башка тармактардагы реформаларга багыт бере алат. Мындай атаандашуу принцибинде түзүлгөн өкмөт экономикабыздын жаңы багыттарын аныктап, өтө ыкчам түрдө ишке ашырышы керек.

Маселен биздин билим берүү системабыз бүгүн кимди даярдап жатат жана алар келечекте ким болуп эмгектенет? Алардын алып жаткан билими жаңы шарттарга туура келеби, актуалдуу болобу? Мамлекет жарандарын жашына карабай кайра окутуу системасын иштеп чыгышы керек. Негизги көңүл бура турган тармак - IT жана биздин өкмөтүбүз аныктаган экономикалык багытка керектүү адистерди даярдоо.

Айыл чарбасы биздин флагманыбыз боло алат, бирок бир гана шарт менен - ал тармактагы өндүрүштө биз заманбап технологияларды киргизүү менен чыгып жаткан өндүрүмдү арбытсак гана биз керектүү өлчөмдө чоң мамлекеттерге туруктуу экспорт кыла алабыз. Албетте, андай өндүрүм «жашыл экологиянын» стандарттарына жооп бериши керек, ошону далилдеп бере ала турган лабораториялар маанилүү. Чоң мамлекеттерде экологиялык стандарттарга жооп бере ала турган өндүрүм кымбат баалуулардын катарын толуктайт.

Ошол өндүрүмдү кайра иштетип чыгуу жеңил өндүрүш компанияларына көз каранды. Бизде мыйзам иштесе гана инвестициялар тартылып, ишибиз алдыга жылат.

Мыйзам ар кандай коррупционерлерге, криминалга тебеленип жатса, шылуундардан башка эч ким бизге келбейт. Биз элибизди эмес, бизден өндүрүлгөн товарларды экспорт кылышыбыз керек! Мен ишенем, кылым карыткан кыргыз элибизден учурдун талабына жооп бере ала турган лидерлер суурулуп чыгат, мамлекетти модернизация кылып жаңы түзүлүп жаткан келечекте бизди башкаларга тең ата кыла алышат. Ал үчүн эл да кимдин ким экенин айырмалай билип, келечекти көздөгөн жигиттерин учурунда кубаттап, колдой билиши керек!

Канат Мидин уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG