Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

Элеттик кыз-келиндер экономикага салым кошо алат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы аялдардын 64% айыл жерлеринде жашайт жана алардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу катмар. Бирок элеттик кыз-келиндерди жумушка тартууда дагы эле кыйынчылыктар көп. 

Германия Эл аралык кызматташтык коому айылдык аялдарга колдоо көрсөткөн долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында Чүй облусунун Жаңы-Жер жана Беловодское айылдарынан 110 кыз-келин атайын тигүүчүлүк боюнча окуудан өттү.

Жаңы-Жер айылынын тургуну Салтанат Маматова - беш баланын апасы. Ал турмушка чыккандан бери бала багып, үй иштери менен эле алек. Турмушка эрте чыгып, окуусун да бүтпөй калган экен. Өз алдынча тикмечи болуп иштөөгө аракет кылганы менен, атайын билими жок болгондуктан жумушка кире албай жүрүптүр. Быйыл ал «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду уюштурган долбоорго катышып, көптөн берки кыялын орундатканы турат.

Салтанат Маматованын (солдо) сертификат алган учуру.
Салтанат Маматованын (солдо) сертификат алган учуру.

«Бул долбоорго кошуна эже чакырып, келип калдым, - дейт ал. - Тигүүчүлүктү үйрөнүп, сертификат алдым. Манас айылында чакан тигүү фабрикасы бар. Ошол жерге жумушка кирсемби деп жатам. Буга чейин да тигүүчүлүк кылып иштейин деп барып, беш күн иштеп өздөштүрө албай, жумушка кире албай калган элем. Тиккенди такыр билчү эмесмин. Окуу учурунда бычып-тигүүнү, үтүктөөнү, дагы көп нерселерди үйрөндүм. Эми тажрыйба топтоп алган соң үйдөн эле тигип, буюртма алсам деп кыялданып жатам. Анткени үйдө балдарың кашыңда болот да. Акча да таба бересиң. Бул долбоордун мага окшоп жумушу, атайын билими жок, үйүндө отурган аялдарга жакшы жардамы тийди».

Долбоордун катышуучулары окуу учурунда.
Долбоордун катышуучулары окуу учурунда.

Бул долбоордун дагы бир катышуучусу, 17 жаштагы Альфия Айбек кызы азыр жумушка орношуп иштеп жаткан учуру. Ал билимин дагы жогорулатып, дизайнер болууну кыялданууда. Альфияга бул окуу өзгөчө шык берген.

«Мурун тиккенди билчү эмесмин. Бул курска келип 10 күн окуп, анан дароо эле жумушка кирдим. Келечекте мугалим болгум келет. Бирок жашымдан эле кол өнөрчүлүккө жакынмын. Мугалим болсомбу же дизайнерликке тапшырсамбы деп азыр ойлонуп турам. Курстун жүрүшүндө биз баштыктарды тиктик», - деди ал.

Салтанат жана Альфия сындуу дагы 100дөн ашык элеттик кыз-келиндер тикмечилик боюнча бекер окуудан өтүштү. Окуунун жүрүшүндө алар эко-баштыктарды тигип, сатыкка чыгарышкан. Учурда бул баштыктар Бишкек жана Ош шаарларындагы «Фрунзе» соода борборлорунда 95 сомдон сатылып жатат. Ал эми окуудан өткөн кыз-келиндердин дээрлик жарымы жумуш менен камсыз болушту.

Айылдык кыз-келиндерди окутуп, андан соң жумушка тарткан долбоорду Германия кызматташтык уюму «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду менен чогуу ишке ашырды.

«Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фондунун жетекчиси Асел Кубанычбекова экологиялык баштыктардан түшкөн каражат мындан ары да айылдык кез-келиндерди окутууга жумшалаарын билдирди:

Асел Кубанычбекова.
Асел Кубанычбекова.

«Жаңы-Жер жана Беловодское айылдарындагы №28 жана №43 кесиптик лицейлер менен сүйлөшүп, ошол жердеги иштеген эжелердин жардамы менен, андан сырткары социалдык тармактар аркылуу кыз-келиндерди тандап, окууга тарттык. Биздин долбоорго айылда жашаган, туруктуу жумушу жок же атайын билими жок аялдар тандалып алынды. Окуу учурунда айымдарга экологиялык баштыктарды тиккенди үйрөттүк. Ошол эле учурда «Фрунзе» соода борбору менен өнөктөштүк долбоорунун алкагында сүйлөшүп, биздин кыздар тиккен баштыктарды желим баштыктын ордуна сатууну сунуш кылдык. Кыздардын колунан чыккан экологиялык жана көп жолу колдонула турган баштыкты сатып алып экологияны коргоп, ошол эле учурда айылда жашаган айымдарды колдосонуз болот. Анткени ар бир сатылган баштыктан түшкөн акча кайра эле айылдык айымдардын билимин жогорулатууга, ишкердикке тартууга жана экологиялык кыйынчылыктар менен күрөшүүгө сарпталат».

Акыркы жылдары Кыргызстанда тикмечилик менен алектенген аялдар көбөйгөн. Буга тигүү тармагынын өнүгүшү себеп болгон. Өлкөдө тигүү цехтерин иштеткен ишкерлердин көпчүлүгүн да аялдар түзөт.

Бирок пандемия тигүү тармагын тушап, экспорт токтоп, айрым ишканалар жумушчуларын азайтканга чейин барган. Буга карабай долбоордун уюштуруучулары кыздар жумуш менен камсыз болорун билдиришүүдө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандагы аялдардын 64% айыл жерлеринде жашашат жана алардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу.

Экономикалык серепчилер арасында аялдар өз ишин баштап, ишкердик менен алектенип, экономикага аралашса, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 26% көбөймөк деген божомол бар.

Деген менен айыл жериндеги аялдарды жумушка тартуу кыйынчылыктар менен коштолот. Адвокат жана жеке ишкер Алтынай Галиеванын айтымында, айылдагы аялдардын билим алышына жана ишкердик кылышына тоскоолдуктар көп.

«Негизи эле Кыргызстанда, айрыкча айылдарда үй оокат, бала багуу, алардын тарбиясы жана үйдөгү бардык майда-барат иштер аялдардын мойнуна жүктөлгөн. Үй оокатынан сырткары талаа иштери менен алектенген аялдар да бар. Андан сырткары жолдошунун, кайын журтунун жана жакындырынын «бул сага туура келбейт, үйдө отурушуң керек» деп бут тосушунан улам да көпчүлүк айымдар билим албай, өз мүмкүнчүлүктөрүн, кыялдарын ишке ашыра албай келет. Пандемия учурунда балдар онлайн окууга өтүп, аялдар, энелер үй тиричилигинен сырткары педагог да болуп калышты. Мунун баары алардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө жолтоо болду Анан айта кете турган нерсе, айылдардагы аялдарды тигүүчүлүктөн сырткары башка нерселерге да үйрөтсө жакшы болот. Ооба, Кыргызстанда тигүүчүлүккө суроо-талап көп. Бирок айыл жерлеринде тигүү цехтери дээрлик жокко эсе. Ошондуктан аялдар тикмечиликке окуса деле жумуш табышы кыйын болот» - деди ал.

Социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2% гана аялдар. Ири ишкер аялдардын ичинен 22% өндүрүш тармагында, 56% соодада иштейт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар аялдар 19% түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG